Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

Тула: полициянын аша чапкан рейди


Туладагы рейд. Орусия.
Туладагы рейд. Орусия.

Тулада Орусиянын күч кызматкерлери мигранттарды борбордук көчөгө туткундардай кылып тизип, жергиликтүүлөргө көрсөтмө кылганы социалдык тармактарда сынга кабылды.

20-октябрда эртең мененки саат ондон тарта Туладагы борбордук базарда мигранттарды кармоо башталган.

Полиция, Росгвардия жана ФСБ кызматкерлери базар менен ага жакын көчөлөрдү курчоого алып, мигранттарды бир көчөгө топтогон.

Кармалган чет өлкөлүктөрдү бир катарга тизип, четинен автобустарга жүктөп, райондук полиция бөлүмдөрүнө текшерүүгө алып кетип турган.

Туланын Ички иштер башкармалыгы иш-чара Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана миграциялык мыйзам бузгандарды аныктоо үчүн өткөнүн билдирген. Рейдге жүзгө жакын күч органдарынын кызматкерлери тартылган.

Рейд. Орусия.
Рейд. Орусия.

Москвадагы укук коргоочу Каримжон Еров бул күнү күч органдары Туланын ортосунда чоң "шоу" уюштурганына нааразы болду:

- Бул рейддин канчалык мыйзамдуу экени белгисиз. Кээде жергиликтүүлөрдөн бирөө каалап калса эле, мигранттарды ушинте берет эмеспи. Адамды кебетесине, улутуна карап кармап, көчөгө тизип, "шоу" көрсөтүштү. Орус паспорту бар экенине карабай азиат болсо эле баса калып жатышат. Кармалгандан бир-эки сааттай тикесинен тик турушту. 1945-жылдары фашисттерди көчөгө алып чыгып көрсөткөндөй эле болду. Кармалгандардын көбү өзбек жана тажик жарандары. 300дөн ашуун мигранттарды кармашты, анын ичинен 35и эле миграциялык эрежени бузуптур.

​Тулада согуш туткундарына окшоп тизилип, полицияны көздөй бараткан мигранттардын сүрөттөрү социалдык тармактарда чагылгандай тез тарады. Айрымдар муну «Орусиядагы фашизм» деп сындаса, бир даары бири-бирине колун асып тизилип турган мигранттарды «Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин колго түшкөн туткундарга» да салыштырып жиберди.

- Борбор Азиялык мигранттарга карата адам укуктарын массалык түрдө бузуу документтештирилди. Бул Туланын полиция кызматкерлеринин улуттук жек көрүүчүлүктөн улам адамдарды кыйнаганы жана кемсинтүүсү, - деп жазган "Фейсбуктагы" баракчасына укук коргоочу Валентина Чупик.

- Минтип кармалган адамдардын көбүн кийин бошотушат. Бирок, ага чейин аларды адам катары көрбөй, кемсинтип, кордошот, - деген антрополог, миграция изилдөөчү Сергей Абашин.

Жалпысынан бул күнү Туланын Пирогово менен Каминский көчөлөрүнөн 300дөй борбор азиялык мигрант кармалган. Полиция бөлүмүндөгү текшерүүдөн кийин кармалгандардын 35и Орусияга кирүү эрежесин бузганы аныкталып, 49 административдик протокол түзүлгөн. Жол коопсуздугун камсыздоо боюнча 13 эреже бузуу катталган.

Рейд учурунда Пирогово көчөсүндөгү үйдүн короосунда мигранттардын мыйзамсыз иштеген бала бакчасы табылганы да кабарланган. Аларды социалдык кызматкерлер кароосуз калган балдардын жайына алып кетишкен.

Кыргызстандын миграция кызматынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн адиси Жаркынай Галиева Тулада кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жоктугун кабарлады:

- Бизге маалымат түшкөндө эле Туладагы кыргыз диаспорасынын өкүлү менен байланышып, аны бул жайга барып келүүнү сурангабыз. 35 адам кармалыптыр, көбү базарда соода кылган өзбек жана тажик жарандары экен. Эки кыргызстандык аял да соода кылып жаткан жеринен кармалыптыр, бирок алар орус жараны болгондуктан бат эле кое беришкен. Андан соң Туланын Советский округу боюнча ИИМ башкармалыгынын инспектору менен байланыштым, ал кыргыз жарандары жок деп тастыктады.

Орусияда мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер маал-маалы менен өтүп турат. Бирок, укук коргоочулар айрым учурларда мындай текшерүүлөр расмий өткөрүлбөй, ички органдардын жер-жерлердеги башчыларынын каалоосу менен өтүп келгенин айтышууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG