Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

АКШны "Твиттерден" башкарган Трамп


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (19-26-ноябрь).

Кытайда чыккан "Guancha" гезити Дональд Трамп бийликке келип, өлкөсүн “Твиттерден” башкаргандан бери АКШнын саясий атмосферасы кескин өзгөргөнүн баяндайт. Кошмо Штаттардын президенти дал ушул социалдык тармак аркылуу шайлоочуларды өзүнө тартып, жогорку деңгээлдеги кызматтык дайындоолор, иштен алуулар тууралуу да өз баракчасына тынбай жазып турат.

Жалган кабарлар менен "согушуп", Трамп азыр “Твиттердеги” "эң таасирдүү кол башчыга" айланып, эки жылдын ичинде бул социалдык тармактын ролун көтөрдү. Ал тургай Трамп “Твиттер” аркылуу "New York Times", "Washington Post", "Wall Street Journal" сыяктуу өлкөдөгү белдүү гезиттердин айласын кетирүүдө. Азыр АКШда президент "моралдык үлгү" катары кабылданбай, сыйлуу саясий лидерлик сапатын жоготту. Президент элге күнү-түнү жакын болуп, дем алышсыз, 140 тамга менен эле өз оюн жаза берип, олуттуу маселелер да ошол жакта чечилүүдө. Эл аралык дипломатиянын нугу азыр Дональд Трамптын “Твиттерге” жазгандарынан улам өзгөрүп келет.

Ал “Твиттердеги” баракчасын 2009-жылы ачкандан бери 38 миң пост жазган. Бир күндө орто эсеп менен 11 "твит" же куш кабар жазат. Ушундан улам Трамптын бул жактагы күйөрмандарынын саны 55 миллиондон ашты, бул "New York Times" гезитинин нускасынан 50 эсе көп, CNN каналындагы атактуу "Андерсон 360°" берүүсүнөн 40 эсе чоң аудиторияга ээ.

Президенттин "твитин" кайра басып чыгуу маселеси абройлуу эл аралык басылмалардын да башын оорутту. Ак үйгө көчкөндөн бери Трамп журналисттер менен начар мамилесин оңдоого аракет кылбастан, тескерисинче, социалдык тармак аркылуу аларды сындаганга өтүп, ал тургай аларды "эл душманы" деп атады. Трамптын социалдык тармактарга болгон "сүйүүсү" Вашингтондогу жалпы саясий кырдаалды кантип өзгөрткөнүн баяндайт "Guancha" гезити.

Бишкектеги кара түтүндү дүйнө сөз кылууда

"Eurasinet" басылмасы Бишкекти каптаган кара түтүндүн себептерин талдады. "Бир кезде Бишкек таза абасы менен чөлкөмдө атагы чыккан калаа эле. Акыркы учурда шаардагы жаңы имарат, курулуштардын начар пландалышы, көмүр жагып жылынгандардын көптүгүнөн улам баш калаа ышка чулганды.

Ыш каптаган Бишкек
Ыш каптаган Бишкек

​Көп кабаттуу үйлөр чаржайыт курулууда. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги мешке от жаккандардын айынан жылына шаарга 240 миң, машинелерден 180 миң тонна уулуу зат чыгып жатканын эскертти. Абалдан чукул арада чыгуу үчүн өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев "Газпром" компаниясына шаарды толугу менен табигый газга өткөрүүнү тездетүүгө чакырды. Ошондой эле коомдук унааны да газга которуу талкууланып жатат", - деп жазды онлайн басылма.

"The New York Times" жарыялаган "Дүйнө көмүр казууну кантип токтотот?" аттуу макала бул аптада эң көп окулгандардын тизмесине чыкты. ​

Кыргызстандагы көмүр базар
Кыргызстандагы көмүр базар

​“Окумуштуулар көмүр казуу жана аны колдонуу климаттын өзгөрүүсүнүн бирден бир себеби экенин эскерткени менен энергиянын арзан булагы болгондуктан саясатчылар да, экономика адистери да андан баш тарта албай келатканын Гарвард университетинин окумуштуусу Рохид Чандра белгилейт.

Башка энергия булактарын алуу үчүн адамзат күч жумшап, ГЭСтерди курушу керек. Көмүр арзан казылат жана жер алдында миллиондогон тонналык запасы бар. Маселен дүйнө калкынын жарымынан көбү байырлаган Азия учурда көмүрдү эң көп колдонгон аймак болууда. 4,3 миллион киши Кытайда көмүр кендеринде иштейт. Бул тармак миллиондогон адамдарга иш ордун түзүп берген. Жер жүзү электр энергиясы менен толук камсыз болсо да, баары бир көмүрдөн баш тартуу жакында токточудай эмес” деп жазды макаланын автору.

Өзбекстан мигранттарга кам көрө баштады

"The Diplomat" журналы Өзбекстан Орусиядагы мигранттарына жогорку деңгээлде кам көрүүнү колго алып жатканын баяндайт. 2018-жылкы статистика 1 573 791 өзбекстандык мигрант Орусияга иш издеп барганын көрсөтүүдө.

Орусиядагы өзбекстандыктар шайлоо учурунда
Орусиядагы өзбекстандыктар шайлоо учурунда

​Борбор Азиядан Орусияга барган эмгек көчмөндөрүнүн басымдуусу - өзбекстандыктар. 2017-жылдан тарта Шавкат Мирзиёевдин бийлиги аларга жогорку деңгээлде кам көрүү өнөктүгүн баштады. Өзбекстанда өлкөдөн кетчү атуулдарга укуктук жардам берген атайын мамлекеттик борборлор түзүлүп, алар орус бийлиги менен тыгыз карым-катышта иштемей болушту. Бирок мындай макулдашуулар өзбек бийлигине оңой болгон жок. Эгемендик алгандан бери Өзбекстанда мигранттарга бийлик тарабанын алгачкы ирет көңүл бурулуп жатат.

“2019-2025-жылдар аралыгында Владимир Путиндин бийлиги миграция боюнча кеңейтилген жаңы эрежелерди чыгарып, Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн баргандарга, анын ичинде өзбекстандыктарга да жеңилдиктер каралууда.

Башка өлкөлөр мындай саясатты миграция толкуну башталганда эле ишке ашырган. Айтор, Москва Өзбекстанды ЕАЭБге кирүүгө мажбурлабай эле мигранттарына бир топ жеңилдиктерди бериши мүмкүн экенин” божомолдойт "The Diplomat".

Жашыл экономика Казакстандын капчыгын бошотот

Британияда чыккан "Financial Times" гезитине Европа өнүгүү жана реконструкция банкынын жетекчилеринин бири Маттиа Романи Казакстандагы жашыл экономикага өтүү планы тууралуу өз оюн билдирди.​

"Мунай менен жан баккан өлкөлөр дүйнөнүн энергетика системасы кайра толукталчу булактарга өткөндө капчыгы кескин жукарарын Эл аралык энергетика агенттигинин акыркы изилдөөсү көрсөттү. Табигый ресурстардын баасы арзандайт деп божомолдонууда. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн табигый кен байлыктары мамлекеттин менчигинде. Аларды иштетиш үчүн Казакстанда саясий күчтөр сырттан инвестиция тартып келүү аракетинде.

Дал ушул аракет экономиканын кен байлыктарды казууга болгон көз карандылыгын арттырат. Жакынкы он жылда эле жашыл экономикага өтүү Казакстандын улуттук казынасын бөксөртүшү толук ыктымал", - деген Романи экономикалык каатчылыкты алдын алыш үчүн киреше булагын өзгөртүү, салык саясатын жаңыртуу, мамлекеттик бюджетти пландоо багытында бир нече кеңештерин берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG