Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Батышта өзгөчө компания ачкан Адылов


Эркин Адылов
Эркин Адылов

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (27-ноябрь - 3-декабрь)

Bloomberg телеканалы кыргызстандык Эркин Адылов менен маекти өз сайтына видеосу менен жайгаштырды.

16 жашында "Сорос" фондунун көмөгү менен АКШга окууга барып, кийин Гавайидеги университетте окуган Эркин адегенде Лондон менен Нью-Йоркто кирешеси 1,5 миллиард доллардык компаниялардын менежерлик кызматында иштеген. Андан соң ал атактуу Голдман Сакс ишканасынын аналитиги кызматына чейин көтөрүлгөн.

Азыр ал кызматкерлердин психикасын, алар талкуулаган темаларды анализдеген Behavox аттуу компаниясын ачып, Лондондо ийгиликтүү иш алып барууда.

"Биз кишинин мүнөзүн анализдейбиз. Азыркы учурда чоң киреше адамдын күчү менен гана келет. Ушундан улам анын баскан-турганы, ал тургай телефондон сүйлөшкөнүнөн тарта изилдеп, аларды жалдай турган ишканага мүнөздөмө даярдап беребиз", - деген Эркин Behavox компаниясынын кызматы "Нетфликс", "Амазон" сыяктуу заманбап компаниялардын суроо-талабын жаратып жатканын кошумчалаган.

Эркин Bloomberg жарыялаган маегинде ушу тапта бир эле учурда 2 миңден ашуун кишинин кулк-мүнөзүнө, эл талкуулап жаткан темалардын таасирине баа берүүчү изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышканын баяндайт.

Кыргызстандык Эркин Адыловдун бизнесине Британиядагы эң ири Citigroup компаниясы инвестиция салып жатат. Ошондой эле алар Европадагы чоң ишкана, фирмаларды тейлеп жатканы да маекте айтылган.

Дүйнөдө суу түгөнсө эмне болот?

Newsweek журналы дүйнөдө таза суу таптакыр какшып калса адамзаттын жашоосу эмне болот деген суроого жооп издеген.

Бул үчүн Иорданиянын мисалында ааламдагы суусуз жашоонун болжолдуу картасы чийилген. Бул өлкөнүн суу жана сугат министри Али Субах жакында эле өлкөдө суу ресурстары калбай калганын расмий жарыялады.

2050-жылга чейин дүйнөдө сууга болгон талап азыркыдан 50 пайызга жогорулаганы турат. Ошол эле маалда суу запастары жылдан жылга азаюуда. Жер шарындагы 37 чоң көлдүн 21и соолуп бара жатканын Америкалык НАСА агенттиги иликтөөлөрүндө аныктаган.

Бир жагынан глобалдык климаттын акырындап ысып баратышы жамгырдын көлөмүн азайтууда. Жердеги үч адамдын экөө 2025-жылы таза суу көйгөйүнө тушугуп, жүз миңдеген адам сапаты начар суу ичип каларын Эл аралык метеорологиялык уюм да билдирди.

Кургакчылык быйыл Түштүк Африкада катуу өкүм сүрдү. Иранда да таза суу көйгөйү негизги баш оорулардын бири. Алдыдагы он жылда АКШнын 40 штаты суу көйгөйүнө тушугат. Суу тартыштыгы глобалдык экономикага жылына 500 миллиард доллардык зыян алып келерин жазды Newsweek.

"Бир кемер - бир жол" долбоору наабайканаларды марытат

Asian Nikkei Review басылмасы Кытайдын "Бир кемер - бир жол" долбоорунун алкагында Казакстан менен Орусиянын буудай экспорту артарын кабарлады.

Долбоордун алкагында Кытай Казакстандын айыл чарба тармагына 2024-жылга чейин 600 миллион доллардык инвестиция саларын, жылына казак буудайын сатып аларын жакында Бээжинде эки өлкөнүн расмийлери макулдашкан.

Буудай талаасы, Орусия
Буудай талаасы, Орусия

"Темир жолдун курулушу мурдагы Советтер Союзуна кирген Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өңдүү бир катар өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып аларды Батыш менен түз байланыштырат. Анткени Баку-Тбилиси-Карс жол каттамы Орусиянын кеңири аймагын кесип өтпөйт.

Ошол эле маалда Орусия Кытайдагы Ички Монголия менен Транс-Сибирь темир жолун туташтырып тамак-аш ташуунун жолун кеңейтүүдө. Буга чейин Орусия дан азыктарынын көбүн Түркия менен Египетке экспорттоп келсе, эми Владимир Путин үчүн Кытай эң мыкты өнөктөш болмокчу. Путин былтыр орусиялык айыл-чарба продуктыларын Кытайга экспорттоо 17%га жогорулаганын билдирген. Кытайдын Cofco аттуу буудай сатып алуучу ири компаниясы ушу тапта Улуу жибек жолундагы аймактардан 1-2 миллион тонна буудай алып жатса, аны жакынкы жылдары 5 миллион тоннага жеткирерин жарыялаы. Дүйнө калкы азыр жылына 750 миллион тонна буудай керектейт. Анын көпчүлүк бөлүгүн азиялыктар түгөтөт", - деп айтылат макалада.

Бирок макаланын авторлору Казакстандагы синофобия толкундарын да талдашкан. Алматыдагы Саясат таануу жана эл аралык мамилелер борборунун жетекчиси Айдар Амребаев: "Казакстанда синофобия же кытайлыктардан чочулоо сезими күчөп жатат. Кытайлык инвесторлор менен жергиликтүү эл тил табыша албай келет", - деген пикирде.

Ханзаданын феминист колуктусу

Узаган жумада дүйнө басылмаларында Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин болочок жубайы эң көп талкууланган тема болду.

The Guardian гезити 150 жыл мурда ата-бабасы падышалык үй-бүлөнүн кулу болгон кыз кантип эми ак сөөктөрдүн тукумун улайт деген суроого жооп издеген.

Ханзада Гарри колуктусу Меган менен
Ханзада Гарри колуктусу Меган менен

Калифорнияда төрөлүп, чоңойгон Меган Маркл монарх үй-бүлөсүнө кошулуу менен атак-даңк издеген жок. Анткени Лос-Анжелесте төрөлгөн балдар ансыз да киноиндустриянын чордонунда болуп, өздөрүн атактуу эмес, адам катары өнүктүргөнгө аракет кыларын белгилейт америкалык жазуучу Коллин Дан Бейтс.

36 жаштагы Маркл ханзада Гарриден үч жаш улуу, энеси афроамерикалык Дория Радлан сыяктуу эмгекчил, йогадан сабак берип, социалдык кызматтарда иштеген. Эң башкысы ал актриса жана аялдардын укугу үчүн күрөшкөн феминист.

Кандай болгон күндө да Калифорния менен Буккингем сарайынын жакындашуусу эми Мегандын инсан катары өзүн калыптандыруусуна дагы салым кошорун The Guardian белгиледи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG