Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

Умтулган сайын умсунткан грин-карт


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (10-16-февраль).

"Eurasinet" басылмасы Кыргызстандагы бир үй-бүлөнүн мисалында АКШнын кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизүү тууралуу чечимдин кесепетин чагылдырды.

"38 жаштагы Екатерина Алфёрова грин-карт лотереясын жеңип алганын 9-майда билген. Аябай сүйүнгөн кыргызстандык аял үй-бүлөсүн даярдап, ал тургай Нью-Йорктун Брайтон Бичинде жашаган досторуна кабар берип, алар Алфёрова келгенде жашай турган үй эмеректеринен баштап, иштей турган жумушуна чейин даярдап коюшкан.

Бирок январда АКШ президенти Дональд Трамптын Кыргызстанды "кара тизмеге" киргизүү тууралуу чечими бул үй-бүлөнүн үмүтүн өчүрдү. Эритрея, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания менен катар Кыргызстандын атуулдарына грин-карт жана иммиграциялык виза берүүнү токтотуу тууралуу чечимден улам Алфёрова алапайын таппай отуруп калды. Ал болгон мүлкүн, машинесин сатып, үйүнө да аларман чыккан эле. АКШ элчилигине визага документтерин даярдоого да бир топ каражат короткон. Кагаз иштерине болжол менен 2 миң доллардан ашык чыгым болуп, эми грин-карт лотереясын утканы менен "кара тизмеге" кирген өлкөнүн атуулу катары АКШ кыялы орундалбай отуруп калды. АКШга көчүү анын бала кезден берки кыялы эле", - деп жазат басылма.

"Washington Post" гезити Борбор Азиядагы Америка университетинин мугалими Эрика Эйзендин визалык чектөөгө байланышкан блогун жарыялады.

Анда автор: "Америкадагы демократиялык баалуулуктар, адам укугу, ачык коом тууралуу балдарды окуткан чөлкөмдөгү эң мыкты университетти АКШ мамлекети өзү колдойт. Мында окуган студенттердин көбүнүн кыялы - келечекте Кошмо Штаттарына барып, билимин өркүндөтүү, биз окуткан демократиялык баалуулуктарды ошол жактан көрүп-билүү. Бирок акыркы визалык чектөөдөн кийин мен үчүн студенттеримдин кыялдары талкаланганын көрүү кыйын болду.

Мындан тышкары биздин университетте иштеген жергиликтүү окумуштуу, агай-эжелердин АКШ менен алака-катышы күчтүү. Эми визалык чектөөлөр алардын ишмердүүлүгүнө терс таасир этип калабы деген убайым бар", - деген маанайдагы көз карашын билдирген Бишкектеги америкалык окутуучу.

"Уолл Стриттин келечегине" кирген кыргыз жигит

"Forbes" журналы дүйнөлүк бизнестин борбору болгон Уолл Стритте каржылык программалоо жана компанияларды башкаруу багытында ири өзгөрүүлөр болорун, бул өзгөрүүлөрдө чоң роль ойной турган мыкты адистер менен фирмалардын тизмесин чыгарды.

Эркин Адылов
Эркин Адылов

Алардын катарында Кыргызстанда төрөлүп өскөн Эркин Адылов да бар. Ал "Behavox" аттуу аналитикалык платформа иштеп чыккан. Анын адамдардын кесиптик деңгээлин аныктап, анализдеген бул платформасын Уолл Стриттеги ири банктар сатып алууда.

Алты жыл мурда Адылов "GLG Partners" аттуу ири компаниядагы ишин таштап, финансылык фирмалардын ишин илгерилетүү үчүн алардын адистеринин кулк-мүнөзүн текшере турган жаңы оперативдик системаны ойлоп тапкан. "Behavox" алгоритми менен адам жазган электрондук каттардан эле анын ишмердүүлүгү бааланат.

Алгач 20 миллион доллардык каражат менен түптөлгөн бул платформанын азыркы баасы 300 миллион долларга жетет. Кыргызстандык жигиттин компаниясы дүйнөдөгү 30 финансылык институт менен келишим түзүп, 2019-жылдагы кирешеси 130% көбөйгөн.

БУУ араб дүйнөсүндөгү согушту токтото алабы?

Британияда чыккан "Economist" журналы "Эмне үчүн эл аралык тынчтыкты орнотуучу уюмдар Жакынкы Чыгыштагы согуш отун баса албай жатышат?" деген суроого жооп издеген.

"2011-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун чөлкөмдөгү жарандык согуштарды токтотууга багытталып, 13 жолку аракети натыйжа берген жок. Алардын төртөө Сирияга, алтоо Ливияга, үчөө Йеменге багытталган. Бирөө да ийгиликке жеткен жок. Сириядагы согуштун деми бийлик душмандарынын мизин кайтарган үчүн эле сууй түштү. Ливиянын жана Йемендин мамлекеттүүлүгү сыноого туш болуп турган чак. Согуштар кантип токтогону тууралуу илимий чоң эмгектер жазылган. Бир изилдөөдө согуш жүргөн аймактарда тынчтык сүйлөшүүлөрүнө аялдар катышса таасирдүү болору айтылат. Көбүнчө согуштар алсыз тараптын багынып берүүсү менен бүтөт.

1997-жылы Калифорния университетинин окумуштуусу Барбара Уолтер жарым жылдык жаңжалдарды чечүү жолдорун изилдеген. Ага ылайык жарандык согуштардын 20 пайызы тынчтык жолу менен, 55 пайызы ири кармаш, оор кагылышуулар менен бүткөнү билинди. "Жарандык согушка аттанган топтор акыр аягына чейин майданда болот", - деген тыянак чыгарган Уолтер.

Мындан тышкары сырткы кубаттуу күчтөр аралашкан кагылышуулар кайсы бир тараптын пайдасына ооп чечилиши мүмкүн. Маселен 1995-жылы АКШ Босниядагы согушту токтотууга ортомчу болгону менен эки тарапка тең жагымдуу тыянак чыккан эмес. Сириядагы кан күйгөн калаба канчалык көп өлкө киришкен сайын ошончолук күчөп жатат. Муну токтотууга БУУнун чамасы жетпей жатат", - деп баяндалат басылмада.

Ухандык дарыгерлер беткап сурап жатышат

"New York Times" гезити Ухандагы дарыгерлер бир жолу кийүүчү атайын медициналык кийимдер, беткаптар жок экенин айтып, беткапты сыртынан тегерете скотч менен ороп, ушундай жол менен оорудан коргонуп жатышканын билдиришти.

Толугу менен карантинге алынган Ухань шаарына башка жактардан эч нерсе кирбегендиктен, дарыгерлер атайын каражаттардын тартыштыгынан кыйналып жатканы кабарланды.

Вирус жайыла баштагандан бери бейтаптарды дарылаган миңден ашуун медициналык кызматкерлерге да оору жуккан. Бул маалыматты Кытай бийлиги жакында эле таратты. Анткен менен оорудан канча дарыгер каза тапканы жашыруун бойдон калууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму чыныгы маалыматты билмейинче бул ооруга каршы күрөшүү мүмкүн эмес экенин баса белгилеп келет.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG