Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

Жонсонду туугансыган түрктөр


Борис Жонсон
Борис Жонсон

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (22-29-июль).

"Bloomberg" каналынын аналитиктери Борис Жонсондун британ өкмөтүнүн башына келиши Түркиядагы түрктөргө кубаныч тартуулаганын жазды.

"Жонсон өз өлкөсүн Европадан оолактатуунун аракетин көрүп жаткан чакта, Түркия Евробиримдикке кире албай убара. Ал арада Анкарадан 110 чакырым алыс жайгашкан Калфат кыштагындагылар Жонсондун бийликке келгенине кубанып жатышат. Себеби анын ата-бабалары жүз жыл мурда Осмон империясынын жогорку кызматында туруп, кийин «чыккынчы» катары өлүм жазасына тартылып, урпактары Европага качкан. Борис Жонсон 19-кылымдагы Осмон империясынын белдүү аткаминери Али Кемалдын чөбөрөлөрүнөн болуп саналат. Калфат айылынын тургуну Адем Карадаг "эгер айыл башчысы болгондо Жонсондун бийликке келүүсүн фейерверк аттырып майрамдамакмын", - деди. Айылдыктардын айтымында, Жонсондун ата-теги сарыгиллер деген урууга таандык. Эми түрктөр Улуу Британия аларга эшик ачып, миграциялык саясатты жумшартабы деп үмүт артышууда. Учурунда Жонсондун атасы Стэнли өз ата-теги тууралуу китеп жазып, анда чоң аталары Али Кемал "чыккынчы" эмей эле Мустафа Кемал Ататүрккө каршы чыккан мамлекеттик ишмер болгонун эскергени бар", - деп баяндайт басылма.

Өзбекстан Бажы биримдигине багыт алды

"Eurasia Daily Monitor" журналы Шавкат Миризёевдин бийлиги Орусия башында турган Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө багыт алганын жазды. Өзбекстандын тышкы соодасынын 70% дал ушул биримдикке кирген Казакстан, Орусия, Армения, Беларус жана Кыргызстанга багытталган. Ушундан улам биримдикке кирүү мезгил талабы экенин Мирзиёев акыркы мезгилде улам-улам белгилеп жатат.

Өзбекстандагы базар
Өзбекстандагы базар

Бирок ага чейинки өзбек лидери, маркум Ислам Каримов Орусия башында турган аймактык биримдиктерге такыр кошулбай, ар дайым мурдагы советтик бийликтин калдыгынан оолак саясат жүргүзчү. Ташкенттин Москвага баш ийбеген саясатынын бир сыры ушунда эле. Мирзиёевдин демилгелерине карабай, өзбек сенаты азырынча бул маселеге салкын бойдон. Анткен менен ЕАЭБге кирген өлкөлөр 2017-жылдан тарта Өзбекстанга өз чек араларын ачып, соода-сатык кызуу жүрүүдө.

Биримдикке кирүүнүн дагы бир чоң себеби - Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын абалын жакшыртуу максаты. Себеби учурда Орусияда 2,5 миллион өзбекстандык иштеп, мекенине жыл сайын 4,2 миллиард доллар салат. Миграциялык саясаттын катаалдыгынан улам он миңдеген өзбекстандык эмгек көчмөндөрү орус жарандыгын алууга аракеттенүүдө. Дал ушул миграциялык агымды жөндөп, Орусиядагы өзбекстандыктарга жеңилдик берүү үчүн да бул биримдикке кирүүнү Ташкент улам эскертип жатканын баяндайт басылма.

Алты жаштагы кыз миллионер болду

"Business Insider" басылмасы Түштүк Кореядагы алты жаштагы Борам аттуу миллионер кыздын ата-энеси 8 миллион долларлык үй сатып алганын маалымдады.

Ютуб компаниясы
Ютуб компаниясы

Сеулдун атактуу Гангам районунан Борамдын үй-бүлөсү беш кабаттуу турак жайга ээ болушту. Алты жаштагы кыздын "Ютубда" эки каналы бар. Ар бир каналында 30 миллиондон ашык адам катталган. Кыз өз каналдарынан жаңы оюнчуктар менен ойноп отуруп эле акча табат. "Boram Tube Vlog" жана "Boram Tube ToysReview" деген эки каналга жазылгандар 13 жана 17 миллион болгондо эле ата-энеси "Boram Family" аттуу компания ачып, ишкерликти улантышкан.

Алты жашында Борамдын видеолору 300 миллиондон ашуун күйөрманды топтогон. Оюнчук чыгарган компаниялар менен да жарнамалык негизде иштеп, секелектин тапкан акчасы улам көбөйүүдө. Ага чейин АКШда жашаган жети жаштагы Раян Кажи дүйнөдөгү эң бай "Ютуб" миллионер деп табылып, бир жылдык кирешеси 22 миллион долларга жеткен. "Ютубда" балдардын видео блогдору өзгөчө популярдуу. Айрыкча оюнчуктар көрсөтүлгөн видеолор дүйнөдөгү эң көп көрүлгөндөрдүн сап башында турат.

Дүйнөнү өрттөгөн аптап

"Economist" журналы аптаптын айынан Америка жана Европада адам өлүмү көбөйүп жатканын кабарлады. "Суу ташкыны, бороон-чапкынга караганда, төбөнү кактаган аптап көп адамдын өмүрүн алат. 2003-жылы Европадагы ысыктан 70 миңдей киши көз жумган.

Быйыл акыркы үч жуманын ичинде эле Европада 300дөй киши көз жумду. Бийлик муну "анча көп эмес сан" дегени менен ысык адамдын жүрөк, кан тамыр дартын күчөтүп, өпкөсү оорукчандарды жабыркатууда. Буга кошумча ысыган калаалар адам өмүрүнө коркунуч жаратууда. Ушундан улам бийлик ысыктан коргой турган чараларды көрүшү керек. Биринчиден, мындай аптап адам саламаттыгына кооптуу экенин жалпыга маалымдоо зарыл.

Экинчиден, көлөкө жайлар, жашыл зоналар көбөйүп, муздак суу аткан фонтандар болушу керек. Маселен Кейптаунда дал ушундай атайын фонтан аянтчалары курулган. Үчүнчүдөн, жаңы курулуп жаткан үйлөр, имараттар ысыкка туруштук берип, ичинде салкын абаны сактаган материалдардан тургузулушу керек. Маселен, Филадельфиядагы "муздак чатыр" долбоорлорун дүйнөгө жайылтса болот. Тилекке каршы, жакыр өлкөлөрдө абанын адаттан тыш ысыганы коомдук саламаттыкка бир топ залакасын тийгизүүдө. Шаарларда жакырлар жашаган жаңы конуштар өзгөчө мамилени талап кылууда. Мындай аптапка адамдын көнүп кетүүсү кыйын болгону менен экологдор жана синоптиктер абанын температурасы жакынкы он жылда азыркыдан да көтөрүлөрүн эскертишүүдө", - деп жазат "Economist".

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG