Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Сорос Бээжинди, кыргыздар өкмөттү сындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (21-28-январь).

Кайсы өлкөнүн мугалимдери эң көп маяна алат?

Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (OECD) дүйнөдөгү мугалимдердин эмгек акысын салыштырган изилдөө жүргүздү. «Business Insider» басылмасы бул изилдөөнүн жыйынтыгын атайын макала кылып чыгарды. Люксембург башталгыч класстын мугалимдерине бир жылда орто эсеп менен 79 миң доллар маяна төлөп берип, дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Бул өлкөдө көп жыл иштеген мугалимдердин жылдык эмгек акысы 137 миң долларга чейин жетет.

АКШ. Чикагодогу мектеп автобусу.
АКШ. Чикагодогу мектеп автобусу.

АКШдагы педагогдор жылына 44 миң доллардан 68 миң долларга чейин маяна алышат. Швейцариядагы башталгыч класстын мугалими жыл сайын 84 миң доллар алат. Айлыгы мыкты өлкөлөрдүн акыркы сабында Түштүк Корея, Чехия, Венгрия, Польша турат. Бирок ал жакта да иштеген жылдарына карай мугалимдин айлыгы көтөрүлүп, жылдык эмгек акысы 77 миң доллардан ашкан учурлар кезигет. Маселен, жаңы ишке кирген кореялык башталгыч класстын мугалиминин бир жылдык маянасы 27 702 доллар. Мугалимдерге жакшы айлык төлөгөн өлкөлөрдүн катарында Түркия, Израил, Жаңы Зеландия, Германия, Австрия, Голландия, Канада, Жапония, АКШ жана Ирландия бар.

Кытай лидерин сындаган Сорос

«Financial Times» гезити белгилүү филантроп Жорж Сорос Кытайдын лидери Си Цзинпинди «ачык коомдун башкы душманы» деп атаганын жазды. 88 жаштагы Сорос Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда Кытайдагы элге насыя берүү системасын сындап, ар бир кишинин жеке маалыматын топтоо менен бийлик кийин өз жарандарын толук көзөмөлгө алып, эркиндигин чектей турганын эскертти.

Жорж Сорос Давосто Кытайды сындады.
Жорж Сорос Давосто Кытайды сындады.

Ошондой эле Жорж Сорос Си Цзинпиндин бийлиги адамдарды баш-оту менен көз каранды кылууга багытталганын белгиледи. Филантроп Сорос азыркы Дональд Трамптын бийлигине ар дайым ачык каяша айтып келет. Ал форумда АКШ өкмөтү азыр Кытай саясатынын изи менен баратканына кейиди. Анын пикиринде, Кытайдын «Бир жол - бир алкак» долбоору аймактагы мамлекеттердин эмес, Бээжиндин гана кызыкчылыгын көздөйт. Кытай өзүнүн дымактуу инфраструктуралык пландарында каралган ири суммадагы насыя берүү саясатын адатта башка мамлекеттердин аткаминерлерин сатып алып, ошол өлкөнү карызга батыруу менен гана ишке ашырат. Ал - глобалдык саясаттагы мыкты актер. Анын берген карыздары менен гранттарын кылдаттык менен иликтебесе адамдын эркиндигине доо кетирерин эскертип, Сорос «Кытайдын ички оппозициясы Си Цзинпинди бийликтен аларына үмүт артам, болбосо ал дүйнөдөгү ачык коомдун биринчи душманы» деген пикирин айтты.​

«Кыргызстанда түкүрүк калбай калды»

«The Diplomat» журналынын талдоочусу Колин Вуд «Түкүрүк калбай калды: Кыргызстанда жаман адаттарга коюлган айыппулдар» деген темада макала жазды.

«1-январда күчүнө кирген жаңы мыйзамдар коомчулукта кызуу талкууланды. Бир түкүрүк үчүн 5500 сомдук айыппул кыргызстандык жарандын орточо айлык акысынын үчтөн бирине барабар. Негедир бул сумма ата-энелик милдетин толук аткарбаган жарандар төлөй турган миң сомдон 7500 сомго чейинки жазадан да көбүрөөк болгону элдин ачуусуна тийди. «Түкүрбө!» деген акциялар 2016-жылы башталып, социалдык тармактарда 22 миңдей адам колдоп чыккан. Бирок мыйзам кабыл алынгандан кийин ошол эле социалдык түйүндөрдө отургандар ага каршы чыгып, Бишкектин оор акыбалын, жыртык көчөлөрүн сүрөткө тартып жарыялашты. Ал тургай парламент имаратынын алдында атайлап түкүргөн акциялар да болду. Мындай реакцияга чыдабаган өкмөт түкүрүккө салынчу айыппулду миң сомго түшүрүүнү сунуш кылып жиберди. Кандай болгон күндө да коомдун пикири азыр баарынан өйдө чыгып, аны менен бийлик эсептешип жатат», - деп жазат Колин Вуд.

Ал эми «Global Voices» басылмасы Кытай, Сингапур сыяктуу өлкөлөр да түкүргөндөргө каршы дал ушундай чара көргөнүн, тилекке каршы Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар көп болгондуктан, «түкүрүк чыры» коомдук талаш-тартышты жаратып жатканын жазып, социалдык медиадагы айрым кызыктуу комментарийлер менен постторду кошкон.

Казак депутаты өлкөнүн аталышын өзгөртүүнү сунуш кылды

Казакстандагы «Ак жол» партиясынын лидери Азат Перуашев өлкөнүн 100 жылдыгына карата анын аталышын өзгөртүүнү парламентте сунуш кылды.

Бул тууралуу «Eurasinet» басылмасы жазып чыкты. Депутат Перуашев: «Биз бардык нерсени өз аты менен аташыбыз керек. Акты ак, караны кара деген учур келди. Казакты казак эле дегенибиз дурус. Өлкө атын «Казак Республикасы» деп өзгөртүү менен улуттук биримдикти арттырып, тарыхый адилеттикти орнотобуз», - деген. 2014-жылдын февралында Нурсултан Назарбаев да «өлкөнүн атын өзгөртүп, «стан» деген мүчөнү алып таштап, «Казак эли» деген атты коёлу» деп чыккан. Ал «стан» мүчөсү өлкөнүн аброюн Ооганстан, Пакистан менен бир катарга коюп жатканына кейип: «Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр «стан» менен аяктайт. Ушундан улам чет элдиктер эки миллион эле калкы бар, «станы» жок Монголияга көбүрөк көңүл бурууда», - деген эле.

«Стандан» арылуу жаатында коңшу Кыргыз Республикасынын тажрыйбасы бар. 1993-жылы эле Кыргызстан расмий түрдө өз аталышын Кыргыз Республикасы кылып өзгөрткөн. Ошентсе да эл арасында «мындай ат алмашуу өлкөдөгү аз улуттарды нааразы кылат» деген имиштер айтылып жүрөт. Бирок басылмада жазылгандарга караганда, азырынча эч ким бул имиштерге олуттуу мамиле кыла элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG