Жапонияда жумушчу күчү жетишпегендиктен, бийлик кыска убакыттын ичинде чет өлкөлөрдөн эмгек мигранттарын тартуу саясатын баштап жатканын "Asian Nikkei Review" басылмасы кабарлады.
Премьер-министр Синзо Абе 28-декабрда өкмөт мүчөлөрүн чогултуп, 1-апрелге чейин Жапонияга 345 миң чет элдик жумушчу алып келүүнүн жол-жобосун талкуулайт.
Айрыкча өлкөдөгү чакан шаарларда кара күч жетишпейт. Ушундан улам жапон тилин бир аз да болсо билген башка өлкөнүн атуулдарына артыкчылык берилип, өлкөдө мыйзамдуу иштөөгө шарттар түзүлмөкчү.
Министрлер кабинетинин жетекчиси Йошихиде Суга "чет элдик атуулдарды алып келип эле тим болбой, алардын татыктуу иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз керек", - деди. Бирок Абеге атаандаш оппозициялык партиялар бийликтин бул саясатын сындап чыгышты. Алар эмгек мигранттары адегенде тил үйрөнмөйүнчө өлкөгө алып келүү максатсыз экенин айтышат.
1-апрелден тарта жапон тилинен сынакты ийгиликтүү тапшырган чет элдик жарандар дыйканчылык, бала багуу, медициналык кызматкер өңдүү 14 багытта беш жылга чейин иштөөгө уруксат алышат. Ошондой эле аларга үй-бүлөсүн да алып келүүгө укук берилет.
Борбор Азиянын “Шенгени”
Америкада чыккан "Ozy.com" онлайн басылмасы "Брекситти унуткула: Борбор Азия өз Шенгенин түзөт" деп аталган макала жарыялап, аймактагы виза системасын жеңилдетүүгө багытталган кадамдарды талдады.
"Чейрек кылымдан бери суу, жер талашы, улут аралык кагылышуулар аймактагы беш өлкөнүн ынтымагын бузуп келген. Азыр Борбор Азия эшигин кенен ачып, өз ара катташуунун оңой, визасыз жолдоруна багыт алды. Мисалы, март айында Тажикстанда 1992-1997-жылдардагы жарандык согуштун айынан киргизилген виза режими алып салынса, сентябрда Казакстан менен Өзбекстан бул эки өлкөнүн бирине келген чет элдик туристтердин визасын таанып, кошуна мамлекетке ээн-эркин киргизүүнү макулдашты.
Казакстандын сенатору Дарига Назарбаева Кыргызстанды, Азербайжанды жана Түркияны визасыз каттоо саамалыгына чакырып, долбоорду "Жибек жолу визасы" деп атады. Чөлкөмдөгү мамлекеттер бул идеяны колдоп жатат. Ал тургай эң эле жабык өлкө деп эсептелинген Түркмөнстан да коңшулар менен катташууга ынтызарлыгын билдирүүдө.
70 жыл бою Советтер Союзунун курамында болгон Борбор Азиянын республикалары сыртынан темир тор менен тосулган чек арада жашашчу. Азыр өткөндөн сабак алып, чейрек кылымдан берки бетон чек арасын ачып, аймактын өз "Шенгенин" жаратуу жолунда", - деп жазды Никита Макаренко.
Британия байларга "алтын виза" бербей калды
"The Guardian" гезитинин аналитиги Оливер Буллоу коррупциянын арам акчасы азыр глобалдык көйгөйгө айланып, Британия чириген байлардын оюн аянтчасына айланганын жазды.
Ал Британ бийлиги өлкө банктарына 2 миллион фунт стерлингден ашык акча салып, "алтын виза" алгандардын жолун бууганын кабарлайт. "Анткен менен виза берүүнү токтотуп эле клептократтардын Лондонго келүүсүн тыюу кыйын. Британиянын "алтын виза" долбоору 1994-жылы өлкөгө Гонконгдон байларды тартып келүү максатында Консервативдик партия баштаган саясат эле. Кийин 2008-жылы муну лейбористтер улантты.
24 жылдын ичинде Кытай жана Орусиядан байлар миллиарддаган фунт менен британ жерине агылып келишти. Бирок 2015-жылдан тарта бийлик акчанын булагын текшерүүгө өттү. Кымбат турак жайлар оффшордук компаниялар аркылуу алынып, чет элдик супер байлар Британиянын эң мыкты үйлөрүн ээлешти.
Лондонго мэр болуп турганда Борис Жонсон: "Бул шаар миллиардерлер үчүн Суматра чытырман токойлорун ээлеген маймылдардын мекениндей эле болду", - деп айтканы бар. Азыр бийлик "ыпылас" акчанын өлкөгө кирүүсүн токтотууну көздөп жатат. Албетте мындай оор ишти эл аралык коомчулуктун жардамы менен гана жасоого болот", - деп баяндайт Оливер Буллоу.
Жихадчылар кайдан чыгат?
"Russia Matters" журналы Эдвард Лемон, Вера Миронова жана Уилльям Тобийдин "Мурдагы советтик өлкөлөрдүн жихадчылары азыр каякта, кантип радикалдашты, келечеги кандай болот?" деген аталыштагы ири иликтөөсүн жарыялады. Анда жоочулардын мекени жана алардын сандары так белгиленген.
"Борбор Азиядан чыккан 5 миңден 10 миңге чейинки сандагы жихадчылар азыр "Ислам мамлекети" террордук уюму менен "Салафи" тобунун катарында жүрүшөт. Алар колуна курал алып, Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик топторго кошулуусуна эмне себеп болуп жатат? Эгер бул жоочулар Борбор Азияга кайтып барса, аймакта экстремизмди күчөтөбү? Эл аралык жоочулардын лагерлеринен барган борбор азиялык жихадчылар мекенинде өзөктүк, радиациялык, биологиялык куралдарды таратышы мүмкүнбү? - деген суроолорго окумуштуулар жооп издешкен.
Акыркы беш жылдын ичинде чет жакта каза болгон жихадчылар барган сайын көбөйүүдө", - деген авторлор аймактан барган жоочулардын санын тактоого аракет кылган. Маселен 2017-жылдагы эсеп боюнча Казакстандан 600, Кыргызстандан 595, Тажикстандан 1 699, Түркмөнстандан 360, Өзбекстандан 1500 киши экстремисттик топторго кошулуп кеткен.
2014-2017-жылдар аралыгында өзбек жана кыргыз тектүүлөр Нью-Йорк, Стокгольм, Стамбул жана Санкт-Петербургда ири террордук калабаларды уюштурган. Бирок авторлор бул сыяктуу изилдөөлөргө карабай, “Борбор Азиядагы эл аралык терроризмди кантип алдын алса болот?” деген суроо жоопсуз калып жатканын кошумчалашат.