Newsweek журналы АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кирешесин эсептеп чыкты. Конгресстин 2016-жылдагы чечимине ылайык, Обама эми жылына 200 миң доллардан пенсия алып турат. Ошондой эле башынан өткөндөрдү эскерип же мемуар жазуудан 62 миллион доллардай киреше табары күтүлүүдө. Ал эми дүйнөдөгү эң ири банктар жайгашкан "Wall Street"те бир сааттык сөз сүйлөгөнү үчүн 400 миң АКШ доллары өлчөмүндө сый акы аларын айрымдар божомолдоп жатышат. Жалпысынан Американын башына келген ар бир президент Ак үйдөн куру кол чыкпайт. Хиллари Клинтон 2014-жылы: "Ак үйгө биз толгон-токой карыздарыбыз менен келгенбиз. Үй сатып алгандагы кредит, кызыбыз Челсинин окуусуна каражат табуу бизге өтө эле кыйын болгон ошол кезде", - деп эскерген. Бирок Клинтондор да, мурдагы президент Жорж Буш да президенттиктен миллиондогон каражаттуу болушканын жазат Newsweek.
"Медведевгейт" Кремлдин нугун өзгөртүүдө
Франциядагы Lе Monde гезитинин талдоочусу Изабель Мандро жемкорлукка айыпталып жаткан премьер-министр Дмитрий Медведевдин айынан Владимир Путиндин бийлигине карата элдин ишеними кетип жатканын жазды. "Медведевдин эл арасындагы кадыр-баркы абдан төмөндөп кетти. "Левада" борбору 26-апрелде жүргүзгөн сурамжылоого катышкандардын 52 пайызы Медведевге ишене албастыгын билдирип, 33 пайызы болсо анын кызматтан чегинүүсүн колдогон. 2018-жылы өтчү президенттик шайлоого бир жыл калганда Орусия башында турган кубаттуу Путин-Медведев тандеминин шайы кете баштады. Кремлдин алдында татаал сыноо турат. Эгер Медведевди колдосо элдин нааразычылыгы күчөйт. Тескерисинче аны кызматтан алса муну оппозиция өз жеңиши катары эсептейт", - деген журналист "Медведевгейт" март айында оппозициячы Алексей Навальный чыгарган өкмөт башчысынын жашыруун байлыктары тууралуу даректүү тасмадан улам башталганын эскерет. Москвадагы Карнеги борборунун эксперти Андрей Колесников: "Медведев азыр бийликтин алсыз мүчөсүнө айланды. Мурда ал Путиндин ордун басат деген божомолдор азыр таптакыр мүмкүн болбой калды", - деген Le Monde басылмасына.
Кытайда балага ислам аттарын коюуга тыюу салынды
Кытайдын Шинжаң аймагында экстремизмдин алдын алууну жүйөлөгөн бийлик эми "Мухаммед", "Медина", "Жихад" сыяктуу ысымдарды наристеге ыйгарууну расмий тыйды деп кабарлайт The Diplomat журналы. Мындан ары Шинжаңда жашаган мусулмандарга жергиликтүү бийлик уруксат берилген 29 ысымдын тизмесин сунуштайт. Жакында эле бул аймакта узун сакал коюп, хижаб кийип жүрүүгө тыюу салынган. "Уйгурларды коммунисттик партия тыкыр көзөмөлдө кармаары жашыруун деле эмес. Диний жөрөлгөлөр, маданий өзгөчөлүгүн билдирүүдө да бул улуттун өкүлдөрү бийликтин кысмагында турат. Мындай тизгин 1-апрелден тарта өтө катуу тартылды. Кытай бийлигинин мындай чектөөлөрү уйгурларды ассмилияция кылууга багытталган кадамы болгону менен өз баласына каалаган атты койдурбаганы чын эле аймактагы экстремизмге бөгөт болуп бере алабы?" - деген собол салат макаланын автору, адам укуктары боюнча илимпоз жана Кытайдагы уйгурлардын акыбалын иликтеген Питер Ирвин.
Эрдоганды Борбор Азия лидерлери куттукташпады...
The Times of Central Asia басылмасына Лондондогу аналитик Дуглас Гриндин "Түркиядагы референдум Борбор Азияга кооптуу белгилерди жиберүүдө" деген аталыштагы макаласы чыкты. Анда жакында болуп өткөн Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумда жеңгенден кийин Режеп Тайып Эрдоганга расмий куттуктоо жибергендердин саны аз болгону айтылат. Борбор Азиядан жалгыз гана казак ажосу Нурсултан Назарбаев телеграмма жиберсе Батыштан Дональд Трамп гана Эрдоганды телефон аркылуу куттуктаган. Жеке адамга сыйынуу маданияты Борбор Азиянын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанында абдан өнүккөн. Ушундан улам Түркиядагы өзгөрүү аймак үчүн чон жаңылыктай сезилбегенин белгилеген Дуглас Грин мындан ары Түркия тагдырына байланыштуу үч божомолду сунуштайт. "Биринчиси - Эрдоган айланасындагылар менен "жамаатта" иштөө тартибине көнүп, эл аралык деңгээлде да дал ушул нукта кетет. Экинчиси - "Түрк майданы" деген чоң козголоңдун чыгуусу. Референдум жыйынтыгына нааразы эл эртеби-кечпи көчөгө чыгып, кан төгүлүшү ыктымал. Үчүнчүсү - аскерий төңкөрүш менен Эрдоганды бийликтен алуу аракети бул ирет ишке ашып, Египеттегидей кырдаал түзүлүшү мүмкүн. Башка өлкөлөр Түркиядагы өзгөрүүнү мезгилдин агымына салып берсе, түрктөр муну күтпөчүдөй", - деген пикирде Дуглас Грин.