New York Times гезитинде Сириядагы дээрлик жети жылга созулган согуш Европа, Евразия жана жалпы дүйнөнү кантип өзгөртүп жатканы талдоого алынды. "Авторитардык лидерлер көбөйүп, либералдык демократия буктурмада калгандай. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнө ырааты кайра кайтып келип, популисттик кыймылдар Атлантика океанынын эки жээгинде тең өрчүп турган чагы. Бирок мунун баары диний кагылышуулардын жанында шоона эшпей калып жатат", - деген аналитик Энн Бернард Сириядагы "мусулман мусулманды кырган" согуштун глобалдык таасирине сереп салган. Жети жылдан бери 400 миңдей сириялык атуул көз жумуп, миллиондогон адамдар согуш аймагында жашоодо. Бул согуш дүйнөгө коркунуч бороонун учурду. Миллиондогон качкындар коңшу өлкөлөргө агылып, Европанын дарбазасын такылдатууда. Калабада жеке эле Сирия айыптуу эмес экенин сириялык диссидент Ясин Хажсалех айтып, бирок өз өлкөсү глобалдык өзгөрүүнүн себебине айланганын моюндады. "Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши шал болуп калды. Обаманын администрациясы Сирия согушун кыйгап өткүсү келген. Бирок АКШ менен Орусиянын кызыкчылыктары кагылышкан бул майданда Вашингтон четте тура албады. Кризис Европадагы демократияны баалаган лидерлердин азайуусу менен дагы ырбап бара жатат. Маселен, мигранттарды жектеген Франциядагы президенттикке талапкер Марин Ле Пен Сириянын президенти Башар Асаддын бийликте калуусун мигранттардын агымын азайтыш үчүн гана көздөөдө. Сириядагы тынчтыкты, бейкуттукту ойлогондор сейрек", - деп жазат New York Times.
Трамптын саламаттыгы боюнча суроолор
Америкадагы Йель университетиндеги конференцияда тажрыйбалуу психиатр Жон Гартнер АКШ президенти Дональд Трамп коркунучтуу психикалык оорудан жабыркарын эскертти. Бул тууралуу The Independent басылмасы жазып, ал узаган аптада гезиттеги эң көп окулган макала болду. Гартнер жетектеген психиатрлар тобу Трамптын коомдо өзүн алып жүрүүсүн, сүйлөгөн сөздөрүн анализдеп, АКШ президенти кайсы бир ойдон чыгалбай жетеленген параноид жана реалдуулуктан алыс иллюзияга кириптер адам деген жыйынтыкка келген. Нью-Йорк университетинин психиатр-профессору Жеймс Гиллиган да бул жыйында сөз сүйлөп, жеке тажрыйбасында көп жылдар коомчулукка абдан коркунучтуу киши өлтүргүч, зордукчулардын психикасына байкоо жүргүзгөнүн, кайсыл адам кооптуу экенин алыстан байкай аларын, Трампты да коом үчүн коркунуч келтирген адам деп эсептерин айтты.
Ал арада Гартнер Трамптын психикалык саламаттыгына байланыштуу аны президенттиктен кетирүү талабын камтыган петицияга интернеттен 41 миңден ашуун кишинин колун топтоду. Бирок АКШнын Психиатрлар ассоциациясы медициналык жактан текшербей жана бардык анализдерин албай туруп эле кайсы бир адам тууралуу коомчулукка мындай маалымат таратуу кесиптик эрежени бузат деп эскертти. Ал эми Йель университетинин жетекчилиги доктор Гартнердин бул кадамы аталган окуу жайдын көз карашын чагылдырбастыгын, Гартнер окуу жайдагы илимий чогулушта доклад окуганы гана келгенин The Independent гезитине билдирди.
Кытай чек арасына темирден дубал курабы?
Кытай лидери Си Цзинпин Шинжаң уйгур автоном районун кыдырып жүрүп, экстремизимди ооздуктоо үчүн аймакты "темир дубал" менен тосуу зарылдыгын айтты. Бул тууралуу Eurasianet басылмасы атайын баяндама чыгарды. Шинжаңдагы улам курчуп бара жаткан экстремизмди азайтуу үчүн 1-апрелден тарта бийлик тарабынан бир катар чектөөлөр киргизилди. Мындай тыюу салуулар коңшу Борбор Азиядагы айрым өлкөлөрдөгү сакал койбоо, паранжа жамынбоо сыяктуу чектөөлөргө окшош. China Daily гезитинде расмий жарыяланган 15 жаңы эреже боюнча Шинжаңдагы мусулмандар үйлөнөөрдө диний нике кыйдырып же талак берип ажыраша алышпайт, улуттук паспортту же документтерди бурмалап, бузууга болбойт, азык-түлүктөн башка нерселерде же жайларда адал эрежесин талап кылууга тыюу салынып, балдардын мамлекеттик мектепте окуганына тоскоол болгондор жоопко тартылышы керек. Чектөөлөр аймактагы уйгур тектүүлөрдүн маданий жашоосу менен диний ынанымдарына туура келбестигин Австралиядагы Ла Троу университетинин эксперти Жеймс Лейболд South China Morning Post гезитине айткан. Ал эми "Рейтерс" агенттиги болсо Шинжаңдын башына мурда Тибетти башкарган Ченг Гуопинг аттуу комиссар келгенин, облустагы чектөөлөр Тибеттин улуттук жана маданий өзгөчөлүгүн тыйганга окшош тартипте ишке ашып жатканын кабарлады.
Кыргыз экономикасындагы оң жылыштар
Борбор Азиянын экономикасын оорлоткон бир нече оор жылдардан кийин 2016-жылдагы көрсөткүчтөр боюнча кыргыз экономикасында өсүү байкалганын Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта кору белгилөөдө. 2019-жылга чейин ички дүң өнүмдөгү жогорулоо 4,9 пайызга чыгарын бул эки уюм божомолдоп жатат деп жазат The Diplomat журналына талдоочу Кэтрин Пуз. Бирок мындай оптимисттик божомол менен чыныгы турмуш дал келеби деген суроого да Пуз жооп издеп көргөн. "Гэллап уюму былтыр Эл аралык Республика институтунун атынан сурамжылоо жасап, өлкөдө стабилдүүлүк өкүм сүрүүдө дегендер 65 пайызды түзөрүн аныктаган. (Кызыгы, 2009-жылы же экинчи ыңкылаптын алдында да ушундай эле сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 67 пайыз эл абал туруктуу деп эсептеген - Кэтрин Пуз). Ал эми каржылык кырдаал жакшыра баштады дегендер 43 пайызды түзгөн. Бирок экономиканын өнүгүүсүнө тоскоол болгон жумушсуздук, жемкорлук проблемалары дале курч бойдон калууда. Айылдардагы таза суу, жол көйгөйү улам курчуп, саясий майданга чейин чыкты. Жемкорлук өлкөдөгү чоң көйгөй дегендер 78 пайызды түздү.