Авторитардык бийлик менен эркиндикти эңсегендердин салгылашы
Францияда чыккан La Repubblica гезитинде Федерико Рампининин “Эмнеге интернет Кытайдан Иранга чейин бийликтин душманы болду?” аттуу макаласы чыкты. Автор дүйнөдөгү саясий лидерлер интернетти ооздуктоого ар түрдүү аракеттерди жасап жатканын жазды. Владимир Путин, Эрдогандан тарта Си Цзипинге чейин дүйнөлүк торду ар кандай жол менен тизгиндеп, виртуалдык дүйнөдө жаңы Берлин дубалын кургулары келип жатат.
Маселен, Эрдоган Твиттерге каршы күрөш жарыялап, жеңишке жете алды. Кытай бийлиги болсо Американын Google сайтын атуулдарына ачтырбай, Кытайда өзүлөрүнө гана таандык издөөчү жана кабарлашчу порталды куруп койгон. Интернеттен коргонуучу ушундай үлгүлөр Иран, Египетте да бар. Путин болсо КГБ ыкмасына салып, акыркы мезгилде Gmail, Skype сыяктуу сайттын колдонуучуларына жеке маалыматтарын орус маалымат кампасына сактатпаса жабылуу эскертүүсүн берди.
Ал эми онлайн блогерлердин баракчасын бир күндө 3 миңден ашуун адам караса атайын көзөмөлгө алынат. “Орусия Интернет менен дал келбейт”, - деп ВКонтакте тармагынын түзүүчүсү Павел Дуров өз ишин таштоого мажбур болду. Социалдык тармактар дүйнөлүк жаңы согуш талаасына айланып, авторитардык бийлик менен эркиндикти тилеген атуулдук коом салгылашууда. Твиттер менен Фейсбукту көзөмөлдөө басма сөз жана телеге болгон цензурадай эле мааниге ээ болууда деп жазат Федерико Рампини.
“Лондонград” чакырат...
Нью-Йоркто чыккан Foreign Affairs саясий-аналитикалык журналы Улуу Британиянын экономикасы барган сайын орус акчасына көз каранды болуп жатканын жазды. Жонатан Хопкин менен Марк Близдин макаласында Орусиянын желеги жеке эле Донецкиде эмес, Лондондо да желбирөө ыктымалы бар экени айтылат. Бай орус эмигранттары Британ бийлигинин Украинага карата мамилесинде олуттуу саясий таасирге ээ болууда. Буга Дэвид Камерондун өкмөтү Орусиядан Лондонго келчү акчаны буубаш үчүн болгон аракетин кылып жатканы мисал. Буга кошумча орус миллиардерлери Англияда чыккан эки ири гезитке, футбол клубадарга жана Лондондогу кымбат үйлөргө ээлик кылышууда.
Лондонго агылып келген олигархтар акчасын кантип, кайдан тапканы Британ бийлигин көп деле кызыктырбайт, тескерисинче мындай киреше булакты жоготуп алуудан чочулайт. 1986-жылы Маргарет Тэтчердин өкмөтү чет элдик капиталды өлкөгө сураксыз киргизүүгө жол бергенден бери Британ экономикасы чет элдиктердин акчасынан улам байып жатат. Лондон жеке эле чет элдин акчасын эле эмес, эл аралык капиталисттер, байлар жана алардын жакындарын да магниттей тартууда. Супер-байларга карата визалык жеңилдиктер да буга өбөлгө болууда. Англия айрыкча мурдагы СССРдин олигархтарынын сүймөнчүк жаңы мекенине айланды деп жазат Foreign Affairs.
Англиялыктар иш ордун мигранттарга тарттырууда
Британиялыктар билимсиздиктин айынан жумуш орундарын мигранттарга тарттырып жиберүүдө дейт өлкөнүн премьер-министри Дэвид Камерон. The Independent гезитине чыккан макалада Англиянын жаш атуулдары барган сайын билимсиз болуп, өлкөдөгү мыкты маяналуу жумуш орундардын көбүн чет элдиктер ээлеп жатканы айтылат. “А тили менен математиканы билбегендиктен жергиликтүү жаштар өз ордуларын мигранттарга алдырып коюп жатат. Ал тургай менин сегиз жаштагы уулум да футболчу болуш үчүн топ тепкен эле керек, билимдүү болгондун эмне зарылдыгы бар деп койот”, - деди Камерон.
Кытай коммунист эмес, христиан өлкөгө айланабы?
Узаган аптада Кытайда миллиондогон адамдар христиандардын Пасха майрамын майрамдашты. Алдын ала божомолдорго ылайык 15 жылдан кийин Кытай дүйнөдө христиан динин туткандардын саны боюнча биринчи орунга чыгары күтүлүүдө деп жазат Telegraph гезити. Расмий Кытай атеисттик өлкө, бирок акыркы мезгилде 1,3 миллиард адамдын кайсы бир динди тутканы катталган.
Кытайдагы Пурдю университетинин профессору Фенгганг Ян жакында өз өлкөсү дүйөдөгү эң ири христиан коомчулугуна айланарын атайын социалдык изилдөөнүн негизинде жазып чыкты. 1949-жылы эле Кытай протестанттарынын саны миллионго жетчү эмес, 2010-жылы болсо 58 миллион Кытай протестанты катталган. Бул Бразилиядагы 40 миллион протестанттан кыйла көп дегенди билдирет. Дин боюнча адис, профессор Ян бул сан 2025-жылга чейин 160 миллионго жетерине ишенет деп жазат Telegraph.
Жылдын эң таасирдүү жүз адамы
Time журналы 2014-жылдын эң таасирлүү жүз адамын жарыялады. “Титандар”, “Алгачкылар”, “Сүрөткерлер”, “Лидерлер” жана “Иконалар” деген беш бөлүккө Орусиядан жалгыз Владимир Путин кирсе, АКШдан Жон Керри, Европадан Ангела Меркель кирди. Ал эми Азиядан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жылдын таасирдүү адамы болду. Журналдын сырткы бетине болсо ырчы Бейонсенин сүрөтү чыгып, ал бардык жагынан төп келген мыкты аял, феминист катары тизмеде орун алды. Ошондой эле анын күйөөсү Жей Зет да бул тизмеде бар. Эдвард Сноуден, ал эми актерлордон британиялык Бенедикт Чамбербэтч, футболисттерден Крищтиану Рональду тизмеде.
Жылдын эң таасирлүү жүз адамы тууралуу атактуулар да кыска эскермелерди жазган. Маселен Барак Обама Рим Папасы жөнүндө, Хиллари Клинтон Жон Керрини, ал эми пакистандык жаш активист кыз Малала Юсуфзай Хиллари Клинтон тууралуу жазды. “Батышты бышыктыкка сынаган орус лидери” деген тема менен Путин тууралуу Мадлен Олбрайт пикирин жазды.