DW: Батыш кийлигишпесе анархия башталат
Германияда чыккан Die Welt гезитинин журналисти Жак Шустер Украинадагы көйгөй Крым аннексиялангандан кийин чечилип калган жок, Орусия араанын чоң ачты деп жазат. Украинанын чыгышындагы орус күчтөрү Крымдагы сценарийди кайрадан кайталоодо. Бул согуштук ыкмага Украина туруштук бере албайт. Ал эми өлкөнүн батыш тарабы болсо өндүрүш жана кен байлыктарына бай чыгышы жок жашап кетпейт. Батыш бул абал өзүнөн-өзү эле чечилип калат деп күтпөшү керек. Эгерде ушундай кырдаал уланса Советтер Союзу кулагандан кийин эгемендик алган көп өлкөлөр кайрадан суверендигинен айрылышат. Батышты баалуулуктарды коргоочу катары эч ким көрбөй калат да дүйнөдө анархия башталат. Анын бул алсыздыгын Иран, Түндүк Корея, Ливия сыяктуу өлкөлөрдөн баш көтөргөн желмогуздар өз пайдасына колдонот дейт Die Welt журналисти.
Украинаны картадан таппай кыйналган америкалыктар
The Washington Post гезити Гарвард, Принстон, Дармоуз университеттеринин окумуштууларын башын кошуп, март айында Орусия аскерлери Крымга киргенден тарта америкалыктардын арасында сурамжылоо жүргүзгөн. Натыйжада сурамжыланган америкалыктардын үчтөн экиси Украинада болуп жаткан окуялар тууралуу таптакыр түшүнүгү жок экени аныкталды. Изилдөөгө 2 миңден ашуун адам катышып, алардын дээрлик бардыгы АКШ Украинага аскерлерин киргизгенди каалаарын билдирген. Бирок ошол эле адамдардын ар бир алтынчысы Украинаны дүйнөлүк картадан таба албай кыйналды. Айрыкча улгайып калган айрым АКШ атуулдары Украина, Казакстан, Судан сыяктуу өлкөлөрдүн кайда экенин таптакыр билишпейт экен.
Кыргыздар бир доллар үчүн көтөрүлдү
Бейшемби күнү “Кыргызгаздын” Орусиянын “Газпромуна” сатылуусу Германияда чыккан Tageszeitung басылмасына чыкты. Журналист Маркус Бесманн 10-апрелде болгон митингдердин себеби катары “Кыргызгаздын” 1 долларга Орусияга сатылуусун жазган. Украинадагы окуяларга чейин кыргыз коомчулугун Орусия менен ымаласы жакшы эле. Кыргызстанда орус авиабазасы бар, өлкө экономикасы түздөн-түз Москвага көз каранды, анткени 700 миңдей эмгек көчмөнү Орусияда иштейт. Бирок Крым Орусиянын курамына киргенден кийин эле кыргыз оппозициясынын Орусияга болгон көз карашы кескин өзгөрдү.
Мындан тышкары эл Орусия башкарган Бажы биримдигине кирүүнү каалабайт. Анткени кыргыздардын көбү Кытай товарларынын транзиттик базары болгон “Дордойдон” акча табат. Эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе “Дордойдо” иштеген 50 миңдей кишинин жумушсуз калуу коркунучу бар деп жазат Tageszeitung.
АКШда баланын ордуна кандек багышууда
Американын келечектеги муунун “Рекс” деп атоо туура болчудай. Бул өлкөдө балдар ойноочу жайлар барган сайын тынчып, иттердин саны көбөйүп барат деп жазат New York Post гезити. АКШнын айымдары чакан сумкага баткан кандек иттерди багып, энелик сезимин күчүктөргө ыроолоп жатышат. 15-29 жаштагы аялдардын төрөтү солгундап, ит баккандар көбөйгөнүн Оорулардын алдын алуу борбору анализдеген.
Нью-Йорктогу иттерди жанынан да жакшы көргөн Сара Фостер жалаяк жууп, баланын ыйына чыдагыча ит баккан дурус экенин, ага француз бульдогу наристеден да чоң бакыт тартуулап жатканын айтат. АКШнын федералдык изилдөөсү боюнча, төрөт жашындагы аялдардын балалуу болуудан баш тартуусу 9 процентке көтөрүлдү. Ал ортодо Америкада кандек иттердин соодасы артып, 2012-жылы 40,8 миллион ит сатылган.
Өзбекстандагы туризм
Ташкентте 17-18-апрелде эл аралык туризм жармаңкеси болот. Бирок жакында эле өзбек мамлекеттик телеканалдарынан Өзбекстанга чет элдиктерди чакыруу “от менен ойногонго барабар” деген эскертүү болуп, өткөн жылдын февраль айынан бери 300 пакистандык жана кытайлык атуулга мыйзамсыз виза берилгенин кабарлашкан деп жазат EuroAsiaNet онлайн басылмасы.
Бийлик өзбек атуулдарынын чет элден бирөөлөрдү чакырганына каршы эмес. Бирок аларды алып келгенден кийин кандайдыр бир пайда, киреше кошо келиши керек деген саясатты таңуулоодо. Оюн, видео сыяктуу пайдасыз нерселер да туристтер менен кошо кирип, өзбектердин улуттук өзгөчөлүгүн бузат деген үгүттү бийлик медиа аркылуу жүргүзүүдө дейт аталган басылма.
Индияда 620 миллион киши дааратканасы жок жашайт
UNICEF Индияда “Заңды даараткана алып бар!” деген өнөктүк баштады. Индус коомчулугунда табу коюлуп, айтылбаганы менен 620 миллион киши дааратканасы жок жашап келет. Индиянын айыл-кыштактарынын дээрлик 70 проценти ачык асман алдында эле заара ушатат деп жазат The Wall Street Journal гезити. Мындай ыпыластыкка бийлик да, эл да көз жумуп жашоодо.
Мектептерде 28 миллион бала заарасын сыртка ушатып билим алат. Дүйнө жүзүндө ич өткөктөн чарчап калган балдардын төрттөн үчү Индияда катталган. Бириккен Улуттар уюмунун Балдарды коргоо фондунун “Take Poo to the Loo” же “Заңды дааратканага алып бар!” деген социалдык видео-ролиги телеканалдар жана социалдык түйүндөр аркылуу берилип, жаштар менен балдарды таза жашоого жана бийликти даараткана салууга үндөөдө.