Америкада бөйрөк сатууну баштоо керектиги талкууланууда. Дүйнөнүн бир проценти болгон байлар жер жүзүндөгү байлыктын 46 пайызына ээлик кылышат. Казакстандын парламенти ала качуу боюнча мыйзамды кабыл албады.
АКШда бөйрөк сатуу cунушталууда
2012-жылы Америка Кошмо Штаттарында бөйрөгүн алмаштыруу үчүн кезекте турган аял-эркек, жаш балдардын саны 95 миңге жеткен. Ошол жылы болгону 16 500 кишинин бөйрөгү алмаштырылган. Бул үчүн кезекте тургандар 4-5 жыл күтүшүп, анан өлүмгө учурашууда. АКШда бөйрөк алмаштыруу жаатында донорлордун жетишсизидиги олуттуу көйгөйлөрдүн бирине айланды деп жазат Нобель сыйлыгынын ээси, профессор Гарри С. Беккер The Washington Post гезитинде.
Бул кырдаалдан Ирандагыдай бөйрөгүн бергиси келген донорлорго акча төлөө системасын киргизип чыкса болот дешет адистер. Маселен Иранда бир бөйрөгүн башкага берчү кишиге 4 миң доллар төлөнөт. Американын киреше көлөмү Ирандыкынан чоң болгондуктан бул сумманы 15 миң доллар кылса туура болчудай. Болбосо гемодиализге кеткен каражат трансплантацияныкынан ашып түшүп, өлкө бюджетине да, атуулдардын саламаттыгына да оор ахыбал жаралууда дешет макаланын автору.
The Washington Post гезитине чыккан бул макала окурмандардын кызуу талкуусун жаратууда. Алар эки топко бөлүнүп алышып, бул сунуштун канчалык деңгээлде орундуу экенин талашууда.
Дүйнө байлыгы кимдердин колунда?
Дүйнө байлыгынын 46 пайызы, же 110 триллион доллар дүйнөнүн 1 пайыз элинин гана колунда деп жазат Forbes. Эларалык Oxfam кайрымдуулук фондунун атайын изилдөөсүнөн кийин мына ушундай жыйынтык чыккан. Быйыл Даостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун башкы темасы да дүйнө калкынын социалдык абалы бирдей эместиги болууда. 30 жылдан бери жер жүзүндөгү 10 адамдын жетөө экономикалык теңчилиги жок өлкөдө жакыр жашайт. Мындай абал барган сайын өөрчүп, эч кандай саясий күчтөрдүн аны оңдоого чамасы жетпей калды, - дейт аталган изилдөөнүн авторлорунун бири Ник Галассо. 2014-жылдагы дүйнөлүк кыйынчылыктардын башында экономикалык теңсиздик тураарын бул форумдун катышуучулары да ырасташты.
Казакстан: Кыз ала качуу маселеси парламентте
Казакстандын парламентинде кыз ала качуу мыйзамы кызуу талаш-тартышты жаратты деп жазат EuroAsiaNet басылмасы. Депутат Камал Бурханов кимдир бирөөнү башкалар жок эле дегенде бир мүнөткө болсо да күч менен кармап турса, же ала качса атып салыш керек деп Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.
Ал эми дагы бир депутат Кайырбек Сулейменов Бурхановго караманча каршы чыгып, ала качууну “улуттук салт” жана “казак психологиясына таандык нерсе” деп атады. "Ала качууга каршы чыккандан көрө өлкөдө жайыла баштаган бир жыныстуу никелерди кантип токтотуу керектигин талкуулаш керек", - дейт ал. Кызуу талкуудан кийин ала качкандарга каршы өлүм жазасын колдонууну сунуштаган мыйзам долбоору кабыл алынбай, аны кайрадан карап чыгууга берилди. 2007-жылдан бери Казакстандын Кылмыш кодексинен өлүм жазасы алынып салынган.
Кыргызстанда болсо былтыр Кылмыш-жаза кодексине кирген өзгөртүүлөргө ылайык, кыз ала качуу адам уурдоо фактысына тете бааланып, кыз ала качкандардын жаза мөөнөтү 5 жылдан 7 жылга чейин узартылган.
Азиядагы атаандаштык
Азиядагы коопсуздук атаандаштыгы барган сайын өөрчүп барат. Айрыкча Чыгыш Азиянын эки ири өлкөсү Кытай менен Жапония жана дүйнөнүн эки экономикалык лидер өлкөлөрү болгон АКШ менен Кытайдын ортосундагы тымызын тиреш дүйнөгө жаңы кризисти жаратышы ыктымал деп жазат The Diplomat аналитикалык басылмасынын журналисти Томас Райт. Бул абалды ал Кансыз согуштан берки жаралган эң эле курч учур катары баалады. Кытай аймактагы өз таасирин күчөтүш үчүн агрессивдүү саясат жүргүзбөгөнү менен кудукту терең жана сабырдуулук менен казып, айланасындагы өлкөлөрдү алгач экономикалык күчү менен багындырууга өттү. Анын бул саясаты акыркы мезгилде Чыгыш Кытай деңизине ээлик болуусуна шарт түздү.
Бирок Кансыз согуш мезгилинде АКШ менен СССР экономикалык жана саясий жактан таптакыр байланышы болгон эмес. Ал эми азыр болсо дүйнө барган сайын ааламдашып, жер жүзүндөгү коопсуздукта башкы орунду ээлегиси келген Кытай менен Американын экономикалык байланышы эң мыкты деңгээлде. Канткен менен мындай мыкты кызматташтык тынчтыкка кепил боло албайт, айрым учурда ашыкча ааламдашкан дипломатиялык мамилелер чоң кыйынчылыктар менен кагылышуулардын булагы болушу толук ыктымал дейт The Diplomat басылмасынын аналитиги.
Өзбекстанда зомбулукка тушуккан аялдар арбын
Өзбекстанда үй-бүлөдөгү зомбулук азайбай эле барган сайын күчөп барат. Мунун соңу качан? Мына ушундай аталыштагы изилдөө-макала Борбор Азиянын Registan онлайн басылмасына чыкты. Анда ажырашып кеткен күйөөсүнөн эки баласына алимент талап кылган жаш энени күйөөсү балдары менен атасынын көзүнчө 42 жолу бычактаганы мисал келтирилип, бул өлкөдө аялдарга карата зомбулук азайбай эле барган сайын өөрчүп жатканы маалымдалган.
Өзбек коомчулугунда эркектердин аялдардан жогору турганына байланыштуу туура эмес көз караштардан улам үй-бүлөлүк зомбулук бул өлкөдө адаттагы көрүнүш. Күйөөсү аз келгенсип, анын жакындарынан же кайын энеси, кайын сиңди-эжелеринен запкы тарткан келиндер да көп экени анализденди.
Өзбекстандын Административдик же Кылмыш кодекстеринде үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу бир да сүйлөм кездешпейт. Үй-бүлөлүк чыр-чатакты чечүүчү жалгыз орган – бул аймактык маале аксакалдары. Ажырашууну каалаган аялдардын күнөөлүү экенине жеткиликтүү далил болбосо деле төркүнүнө жиберилет. Адам укугун коргоочу Human Rights Watch уюму 2000-жылдан бери Өзбекстанда аялдардын укугу корголбой жатканын маалымдап келет. Бирок мамлекет буга тийиштүү көңүл бурган жок дейт Registan.