Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:35

Алтын бакта да өсөт


Кылмышкерлик менен күрөшүү максатында Уругвай кара куурайды сатууну мыйзамдаштырмакчы.

USA Today басылмасында бул мыйзам Уругвай конгрессинен өтүп, президент Хосе Мужиканын колдоосуна ээ болгону айтылат. Эми кара куурай сатуучулар 2014 -жылдын ортосунан тарта 1 граммын 1 доллардан сата алышат. Мурда Уругвайда нашаа чегүү мыйзамдуу болгону менен аны өстүрүү, базарга алып чыгуу мыйзамсыз болчу. Ушундан улам өлкөдө жашыруун маңзат өстүргөндөр көбөйүп, кылмыштуулук көбөйгөн.

Америкада Вашингтон менен Колорадо штаты да маңзатты сатууну мыйзамдаштырып койгон, бирок ага салык өтө жогору. Маселен Вашингтондо 1 граммы 13-17 долларга сатылса, сапаты мыктысы дарыканаларда 8-14 доллардан турат деп жазат USA Today.

Кувейт кумсаларды өлкөгө киргизбейт. Бул кабар Перс булуңу менен араб өлкөлөрүндө чыккан басылмалардын башкы жаңылыгы болду. Кувейттин саламаттыкты сактоо министри Мухаммед ал-Хаифи өлкөгө иштегени же жашаганы кире турган чет элдиктер кургак учук менен ВИЧ/СПИДге текшерилгендей эле, гей же лесбияндыгын аныктоочу тесттен өтөрүн кабарлады деп жазат Kuwait Times гезити. Бул үчүн канды анализдешип, хромосомаларды санашмакчы. Бахрейн, Катар, Оман, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирликтеринде кумсалыкка тыюу салынган. Ал эми Сауд Арабиясында гей же лесбиян чыгып калса, өлүм жазасына тартылат.

Акча бакта өспөгөнү менен алтын өсөт дешет Австралия окумуштуулары. Nature Communications аттуу илимий журналда жарыяланган бул макалада эвкалипт дарагынын жалбырактарын каптап турган чел кабыктан илимпоздор алтын молекулаларын тапканы айтылат. Анын өлчөмү адам чачынын диаметринен беш эсе кичине. Мындай ачылыш минералдык ресурстарды иштетүү жаатында чоң бурулуш болот дешет окумуштуулар.

Акча темасын улай, Forbes басылмасы эң көп кирешелүү атактуу маркумдардын тизмесин чыгарды. Тизменин башында 2009-жылы көз жумган поп жылдыз Майкл Жексон турат. Акыркы 12 айда Жексондун кирешеси 160 миллион доллар болгон. Элвис Пресли 55 миллион доллар менен экинчи орунда. Чарли Браун мульткаарманы жана снупи оюндарынын автору, 2000-жылы рактан каза тапкан Чарльз Шульц 37 миллион менен үчүнчү катарда. Ал эми Форбестин бай маркумдар тизмесинин соңунда болсо 1955-жылы көз жумган Альберт Эйнштейн жазылган.

Кытай гезити журналисти үчүн бийликтен жана коомчулуктан кечирим сурады. Дүйнөлүк масс-медианы дүңгүрөткөн бул окуя өлкөнүн өндүрүш шаары Гуанчжодо болду. New Express аттуу жергиликтүү басылманын кабарчысы Чен Йоңжоу апта башында камакка алынган. Аны бошотуу суранычын аталган гезит чоң тамгалар менен бир нече ирээт басып чыккан. Бирок бийлик журналист ишкерлерден пара алып, бири-бирин жамандаган жалган макалаларды жарыялаганын бетке кармап, аны бошотподу. Жекшемби күнү Чен менен ал иштеген гезиттин редакторлору бийликтен расмий кечирим сурады деп жазат Independent.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG