Эл аралык басма сөзгө көз чаптырганда алды менен биз тууралуу, Кыргызстандын азыркы турмушу, маданияты, экономикасы тууралуу ким жана эмне деп жазып жатканына негизги көңүлдү буруу түшүнүктүү нерсе го. Маселен, Орусиянын гезит-журналдары, айрыкча “Независимая газета”, “Коммерсантъ”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда” Кыргызстан тууралуу кезек-кезеги менен макала чыгарып турат, анын үстүнө орус окурмандары да мурунку союздук республикаларардын ички турмушуна дале болсо бир топ кызыгуу менен карайт.
Маселен, өткөн аптада RBK daily агенттиги, “Независимая газета” Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештерге шайлоолор тууралуу айрым маалыматтарды берди, Орусия бизге 25 миллион доллар өлчөмүндө жардам көрсөткөнү тууралуу кабарды басты. Ошол эле RBK daily кечээки өткөн шайлоолордогу айрым чыр-чатактар тууралуу маалыматтарды интернеттеги сайтына койду.
Бирок англис басмаларындагы биз тууралуу материалдар, биз жөнүндөгү маалыматтар кандай маанайда жана кандай нукта кетип атат - бул чынында да өтө маанилүү маселе. Анткени англис тилиндеги басылмаларды бүт дүйнө окуйт, дүйнө биз туралуу малымат алат, эл аралык коомчулукта пикир түзүлөт. Кыргызстан тууралуу өтө көп жазылбаса да, кээ-кээде ар кандай маалыматтар чыга калат.
Ошондой маалыматтарды өткөн аптада Eurasianet жана Eurasia Daily Monitor аттуу аналитикалык булактары басты. Мисалы, Eurasianet Орусияда билим алып жаткан кыргыз студенттери көп учурда шовинизм жана расисттик көз караштагы жергиликтүү адамдар менен, кээде “скинхэд” деп аталган улутчул уюмдар менен да кагылыша кетип жатканын жазды. Ошол себептен билим алууга бардык аракетин жумшап жаткан кыргыз жаштары ар кандай коомдук бирикмелерди түзүп, ошондой алгылыктуу аракеттер Санкт-Петербург шаарында да уюшулганын, ал бирикмелер ар кандай иш-чараларды өткөрүп, кыргыз жаштарынын башын кошууга чоң аракетин жасап жатканын баяндады.
Макаланын автору Метью Кюпфер Санкт-Петербургдагы “Жаш толкун” аттуу кыргыз жаштарынын уюмуна 200дөн ашуун адам мүчө болуп катталып, уюм негизинен бири-бирин колдоо, колдон келишинче жардам көрсөтүү сыяктуу пайдалуу иштердин өтөсүнө чыгып жатканын жазып чыкты.
Ал эми Eurasia Daily Monitor аттуу басылма Грузия президенти Михаил Саакашвили кийинки жылдары өз мамлекетин КМШнын башка өлкөлөрүнө, айрыкча Кыргызстанга оң жагынан таанытуу үчүн бир топ ийгиликтүү информациялык иш-чараларды аткарганын баяндады. Грузиянын Батыш менен, айрыкча Америка менен тыгыз экономикалык мамиле кура билип, натыйжада жакшы экономикалык ийгиликтерге жетишкенин, Орусиянын геосаясий орбитасынан тышкары өз алдынча тышкы саясат жүргүзгөн мамлекет болгонун таанытууга зор күч жумшалганына токтолду. Грузин лидеринин бул аракети алысты көздөгөн стратегия катары каралып, эл аралык аналитиктер аны Неолиберал Интеллектуалдык жамаат түзүү процесси деп атаганы да жакшы белгилүү.
2010-жылдагы белгилүү окуялардан кийин утурумдук президент боло калган Роза Отунбаева да Грузия менен мамилелерди жандандырууга көп аракетин жасап, натыйжада өз ара кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттүк комиссиялар түзүлгөн эле. Бишкектен Тбилисиге, Тбилисиден Бишкекке делегациялар бир нече жолу каттап, ал гана эмес Тбилиси менен Бишкектин ортосунда регулярдуу аба байланышын ачуу да пландалган болчу. Алмаз Атамбаев президенттик кызматка киришкен аземге Михаил Саакашвили жеке өзү келип катышкан эле.
Бирок жакында өткөн Грузиядагы парламенттик шайлоо жана андагы Саакашвили жетектеген партиянын жеңилишке учурашы абдан негативдүү таасир калтырып, грузин жетекчисинин Интеллектуалдык жамаат түзүү аракети дээрлик үзгүлтүккө учурады деп жазат Eurasia Daily Monitor басмасы.
Серептин соңунда The New York Times гезитинин акыркы номуруна чыккан бир илимий жетишкендик тууралуу макалага токтоло кетели. Макалада Торонто университетинин жана Нью-Йорк университетинин окумуштууларынын жасалма интеллект түзүү боюнча эң жаңы ийгиликтери сөз кылынып, адамдын көрө билүү, уга билүү жана ойлой билүү мүмкүнчүлүктөрүн информациялык технологиялардын тилине которуу, ошондой программаларды иштеп чыгуу аракеттери жөнүндө баяндалат. Бул үчүн адам баласынын мээси кандай жолдор жана механизмдер менен иштегенин, кантип логикалык жыйынтыктарды жасап, башкача айтканда ойлонгонун молекулалык деңгээлде окуп-үйрөнүү колго алынууда. Ийгиликтер бир топ экен. Айрым бир жетишкендиктер азыртан эле Google компаниясынын көчө таануу технологияларында, Nuance Communications компаниясынын үн угуу жана ага жооп берүү технологияларында кеңири пайдаланылууда, деп жазат The New York Times гезити.
Эгер ошол илимий жетишкендиктерди компьютерде пайдалануу иши толук турмушка ашса, анда илимий-техникалык прогрессте дагы бир жаңы секирик жасалчудай, деп айтылат жогоруда аталган макалада.
Демек, урматтуу окурман, келечекте сиздин компьютериңиз сиз издеген маалыматты эле заматтын ичинде таап берип эле тим болбостон, чыныгы жардамчыңыз да боло алат; сиз менен кадимкидей сүйлөшөт, пикир алмашат; ал эми ноутбуктун маңдайына сиз эмес, башка киши отуруп калса, ноутбук аны “тааныбай” коёт да, суроосуна жооп бербейт же ачылбай туруп алат.
Келечекте мына ушундай замандар келатат...