Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:19

Кыргыздар аракты азыраак ичиши зарыл...


Апта ичиндеги дүйнөлүк басма сөзгө сереп (29-октябрь - 4-ноябрь).

Өткөн аптада Кыргызстан жөнүндө бир катар орус жана казак гезиттери макалаларды басты. Атап айтканда орустун "Новая газета" басылмасы “Кыргыздар аракты аз ичиши керекпи?” деген макаланы жарыялады. Макалада кыргыз премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев “Казына бош, акча жок, ошондуктан арак ичкенди токтотуп, иштегиле, эмгек кылгыла” деген сөзү баса белгиленип, 2012-жылдагы акча тартыштыгы Кыргызстанда 21 миллиардга жеткендиги белгиленди. Ошол эле "Новая газета" расмий эмес маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы бюджет тартыштыгы 21 миллиард сом эмес, 30 миллиард сомго чейин экендигин жазып, Түркия убада кылган 106 миллион долларды, ал эми Азия өнүктүрүү банкы 50 миллион долларды бербей жаткандыгын сөз кылды. “Ошондуктан республика келе турган кышка же жага турган отуну, же иче турган жылуу тамагы жок жакындап баратат”, дейт орус гезити.

Кошуна мамлекетте чыккан өкмөттүк басылма “Казахстанская газета” Кыргызстандагы казак элчиси Бейбит Исабаевдин “Казакстан - Кыргызстан: достук байланыштары эч качан үзүлбөйт” деген көлөмдүү интервьюсуна орун берип, анда элчи эки элдин ортосундагы бир туугандык байланыштарды жаңы замандын шартына ылайык дагы да бекемдеп, экономикалык, соода жана инвестициялар жагынан өз ара карым-катнаштарды күчөтүү зарылдыгын баса белгилептир. Элчи айрыкча “Кемин-Алматы” электр линиясын эки өлкөнүн ортосундагы маанилүү долбоор катары баалайт.

Эми өткөн аптада чыккан Батыш басмаларына келели. Ушул күндөрү Америка, дүйнөдөгү эң бай жана эң күчтүү мамлекет, эртеңки келечек жөнүндө терең ойго батып, бир катар маанилүү суроолорго жооп издеп жаткан кези. 6-ноябрда ким президент болоорун азыр эч ким билбейт. Обама менен Ромнинин рейтинги ушу тапта дээрлик теңелип, эки атаандаш бир добуш болсо да көбүрөөк алышка жан үрөп жаткан убак.

Нью-Йорк болсо туманда, жүз миңдеген адамдар үй-жайынан ажырап, кофе менен чайды шам чыракка ысыткан акыбалга жетти. Деги америкалыктар кайда баратабыз? Качан жумушсуздук кыскарып, экономика өсүп, оңолуу жолуна түшөбүз? Бул суроолорго жоопту Барак Обама да, Митт Ромни да шайлоочулар алдында жооп берүүгө бар күчүн салды, бирок азырынча экөөндө тең убададан башка эч нерсе жоктой. Экөөнө тең ишенбей, олку-солку болгондор дале болсо толтура. Ошондуктан Обама да, Ромни да азыркы тапта ошол ыргылжың болгон шайлоочулар үчүн болгон аракетин жасоодо.

Newsweek жумалыгынын анализи боюнча азыр бул эки талапкердин тагдырын чече турган 5 шарт болуп турат: эң биринчиси - аба ырайы. Добул согуп, тарыхта болуп көрбөгөн калайманга түшкөн Нью-Йорк шаары өтө оор абалда, өлкөнүн Атлантика тарабында 60 миллион адам жабыр тартып, же электр жарыгы жок, же машинага бензин жок, жандары ачышып турган кез. Ушул кезде ким эл көзүнө жакшы көрүнүп, жаны ачышып турган америкалыктарга жакындан жардам көрсөтө алса, ошол добушту көбүрөөк алчудай, дейт Newsweek журналы.

Бул жагынан Обаманын үмүтү бир топ чоң. Экинчи шарт - учурдагы экономика, элдин чөнтөгүндөгү акча каражат. Бул жагынан Ромнинин күткөнү зор, себеби өткөн төрт жыл кризистин жылы болду, Обамага нааразылар Америкада өтө көп. Ромни ошол нааразы шайлоочулардын добушун алам го деген тилекте. Үчүнчү шарт - аял шайлоочулар. Адегенде көпчүлүк аялдар Обаманы колдосо да, кийинки мезгилде Ромни Американын кыз-келиндерине жага турган бир катар программаларды жарыялап, абалын бир топ оңдоп алды, деп жазат Newsweek журналы.

Төртүнчү шарт, бир дагы партияга жан тартпай, өз алдынча добуш бергендер, дале болсо олку-солку шайлоочулар. Булардын саны миллиондоп саналат жана аларды өз тарабына тартуу оңой маселе эмес. Бешинчи шарт - жолдун ачыктыгы, эбепке себеп болчу шарттар, энтузиазм, элдин демилгеси, маанайф, ж.б. Башкача айтканда, буюрган алат, чуркаган калат деген сөз.

Баарынан кызыгы, дал ушул күндөрү экинчи бир супердержавада, Кытайда жетекчилик алмашканы турат. The Wall Street Journal жазгандай, бул мамлекет да жаңы бир доордун каалгасын ачып, өлкө башына жаңы муундун өкүлдөрү келе турган болуп турат. Ушу тапта Бээжинде коопсуздук чаралары катуу көрүлүп, интернеттеги маалыматтар жана кабарлар катуу көзөмөлгө алынып, комунисттик пропаганданын чоң тегирмени чимирилип айланып, бир жарым миллиардга жакын калкы бар зор мамлекет кезектеги 18-партиялык съездге даярданып жаткан кези.

Шайлоо алдында ким президент болоорун билбей башы катып отурган Америкадан айырмаланып, кытайлыктар жаңы лидер ким болоорун беш колдой билет. Жаңы лидердин аты-жөнү Кси Жиньпинь. Кытай гезиттери аны “эл массаларынын“ арасынан чыккан кадр, жаңы муундун лидери” деп жарыялап жатса, Лондондон чыккан The Economist журналы азыркы Кытай президенти Ху Цзиньтаонун ордуна келе турган Кси Жиньпинди “Кытайды жаңылай турган адам” деп мүнөздөдү.

Баса, ошол эле The Economist журналы Кытай коомчулугу ушу тапта зор ички өзгөрүүлөргө дуушарланып, турмушка жаңы муундар келип, бул мамлекет эртедир-кечтир жаңыланууга муктаж болуп жатканын белгилөөдө. Ошону менен бирге жогорку жетекчиликтеги тике болбосо да кыйыр коррупция Батыш басмаларында жарыяланып, Кытайдын аброюна бир топ эле катуу көө жабылды.

Жакында эле The New York Times гезити премьер-министр Вен Жиабаонун жек-жааттары 2.7 миллиард долларга тете байлыкты ээлеп жатканын жазып чыккан эле. Ага Бээжинден расмий жооп келип, баары төгүнгө чыгарылса да, элдин аң-сезиминде баары бир шек саноо, жогорку жетекчилер да коррупцияга улам көбүрөөк малынып бараткан экен деген ойлор көбүрөөк тарап жатканы шек туудурбаган маселе дейт The Economist журналы.

The Wall Street Journal Владимир Путиндин ден соолугуна байланышкан макалага орун берди. Себеби өткөн аптада Орусия президенти Индия, Болгария, Түркмөнстан жана Түркияга бара турган расмий сапарларын декабрга жылдырып, Подмосковьедеги Ново-Огарево резиденциясынын эч жакка чыккан жок.

Reuters агенттигинин билдирүүсүнө караганда, Путин сентябрь айынан бери катуу аскап басып, бир жак жамбашындагы эски оорусу күчөп кетиптир. Расмий басма сөздө орус президенти “документтер менен иштеп жатат” деген кабар үстөккө-босток таратылып жатса да, Путиндин оорусун айыктыруу үчүн операция жасоо да зарыл болушу мүмкүн деген ойду билдирди Reuters жаңылык агенттиги.
XS
SM
MD
LG