Батыш басма сөзүндө көп талкууланган, көп сөз болгон темалар: Америкадагы улам жакындап келаткан президенттикке ат салыш, кечээ жакында болуп өткөн Орусиядагы шайлоолор, баягы эле Европа Шериктештигиндеги финансы кризиси жана бул кризис дагы тереңдейби же жокпу деген кооптонуулар болууда. Ошондой эле Кытай экономикасынын төмөндөй башташы, араб дүйнөсүндөгү тынчыбай жаткан кырдаал, айрыкча канга боёлгон Сирия гезиттер менен журналдарда, интернет сайттарда көп жазылды.
Албетте миллиондогон адамдардын бүйүрүн кызыта турган маанилүү саясий окуя - Барак Обама менен Митт Ромнинин президенттик үчүн улам катуулап бараткан кармашы десек туура болот го. Time журналынын жазганына караганда, экинчи жолку теледебаттан кийин Обама кадимкидей чыйралып, алдыгы суурулуп чыкты. Деле Обаманын саясатчы катары феномени, кийинки убакта кайра өсүп бараткан аброю - америкалыктардын улуттук аң-сезиминде бир топ терең өзгөрүүлөр болуп жатканын байкатууда. Бул феноменди жакында эле ВВС телеканалында өткөн ток-шоуда бир катар авторитеттүү аналитиктер да бир ооздон белгилешти.
Ток этээрин айтканда, Барак Обама - АКШнын улам даанарак көрүнүп келаткан геосясий доктринасынын бир көрүнүшү, мурунку глобалисттик умтулуштарды социалдык программалар менен алмаштыра баштоо саясаты. Бул ойду жакында Stratfor аналитикалык сайты дагы бир жолу тастыктады. Азыр бул мамлекеттеги шайлоочулар Американын акча каражаттарын дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчтарындагы согуштарга, интервенцияларга жумшоонун ордуна өлкөнүн ичиндеги турмушту оңдоп, жумушсуздукту азайтып, социалдык проблемаларды чечүүнү артык көрүүдө.
Yчүнчү теледебат тышкы саясат маселеси болот. Байкоочулардын пикири боюнча, Обаманын эң жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири - тышкы саясат, ошондуктан акыркы жана чечүүчү телетаймашта азыркы президенттин сөзү да өтүмдүү, үнү да катуу чыгаарына эч ким шектенбейт.
СNN телекомпаниясынын сурамжылоосу боюнча, Обаманын кийинки күндөрдөгү рейтинги 50 пайыздан ашып, аны айрыкча аялзаты, теги африкалык жана азиялык мекендештер, Латын Америкасынан келген жарандар активдүү колдоодо. The Nation гезити жазгандай, өңү кара шайлоочулар Обмага расалык жаткан окшоштук үчүн гана добуш берет деп айтуу туура эмес, себеби анын каршылашы Ромнинин командасында өңү кара активисттер толуп атат, бирок расалык өзгөчөлүк да баары бир ролун ойнобой койбойт.
Эми Орусияда жакында өткөн регионалдык шайлоолорго келели. Батыш басма сөзүндө бул шайлоолор дале болсо оң баага татыган жок сыяктанат. “Голос Америки” радиосу жазгандай, “Бириккен Орусия” (Единая Россия) партиясынын дээрлик бардык региондордо, автоном республикаларда чоң айырмачылык менен жеңип чыкканы дале болсо Владимир Путиндин жеке авторитети абдан жогору болгонуна байланыштуу.
Ошону менен бирге австриялык аналитиктер: "Кээ бир шайлоо участокторунда эл бири калбай келип, баары бир добуштан “Бириккен Орусия” партиясына добуш бергени абдан шек туудурган, бирок далилдөөгө өтө оор маселе экен. Себеби элдин турмушу мурункудай эле оор, коррупция күчүндө, жыргаган деле эч нерсе жок, бирок шайлоочулар бир добуштан бир гана партияны колдогону бери болгондо жакшылап уюштурулган, атайлап жасалган көрүнүш го", - дейт.
Ушуга байланыштуу "Новая газета" басылмасында жарыяланган Дмитрий Орешкиндин “Питерский фальсификат” деген макаласы эске түшөт. Ал макалада белгилүү журналист Санкт-Петербург шааарында президенттик шайлоо учурунда 200 миңден ашуун шайлоочу кайдан келгени белгисиз пайда боло калып, тизмелер узаргандан узарып, бирок шайлоо бүтөөр замат баары кайдадыр житип кеткенин жазган эле. Сыягы, ошол иштелип калган технология бул жолку шайлоолордо деле кенен пайдаланылды окшойт.
The Nation гезитиндеги “Араб көктөмү: эйфория бүткөн соң” деген кызыктуу макала да көңүл бурууга арзыйт. Анда макаланын автору Патрик Кокберн араб мамлекеттериндеги революциялар бул өлкөлөргө жакшы өзгөрүш алып келеби же жокпу деген суроого жооп издеп, бирок ага оң жооп таба албаганын жазат. Египетте да, Ливияда да, Тунисте да жалпы саясий картина ачык эмес, себеби азыр бийлик башында отурган лидерлердин арасында түрдүү көз караштарды карманган саясатчылар толтура. Ал эми ич ара согуштун жалбырттаган өртүнө чалдыккан Сирия болсо тышкы күчтөрдүн кармашынын курманы болуп, өлкө көз көрүнөө талкаланууда. Бул кармаштын арты кандай бүтөт - бул эч кимге белгисиз табышмак, деп жазат Патрик Кокберн The Nation гезитинде.
Акырында Eurasia Daily Monitor басылмасындагы Кыргызстан тууралуу макалага токтололу. Макалада кечээ кийинки бийлик басып алуу аракети кыргызстандыктардын арасында дээрлик колдоо таппай, ал гана эмес ашкере улутчулдугу менен катуу таанылып кеткен депутат Камчыбек Ташиев да тууган-туушкандарынан, жердештеринен башка эч кимди көчөгө чыгара албаганы айтылат. Бул Кыргызстанда саясий кырдаал аздыр-көптүр турукташып, жалаң улутчулдук ураандар менен добуш алган Камчыбек Ташиев, Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов сыяктуу саясатчыларга бара-бара этиет мамиле пайда болуп, негизинен мамлекеттин кызыкчылыгын, стабилдүүлүктү көздөгөн сезимдер үстөмдүк кылып баратканын билдирет, деп жазат аталган гезит.