Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:51

Лукашенко адабий шилтемеден жаңылды


Беларустар президенттин жылдык кайрылуусун көрүүдө, 8-май, 2012-жыл
Беларустар президенттин жылдык кайрылуусун көрүүдө, 8-май, 2012-жыл

Орус адабиятынын залкары Федор Достоевскийдин көзү өтүп, чым жамынганына 100 жылдан эбак ашты. Бирок беларус президенти Лукашенко анын чыгармасынан орунсуз шилтемени «сууруп чыгышы» авторду көрүндө оодарылтты бейм. Буга Достоевскийди таануучулар абдан кыжалат болуп, эгер Лукашенко өз катасын түшүнсө, андан уялышы керектигин айтышууда.

8-майда Лукашенко жылдык билдирүү менен чыкты. Эки сааттык сөзүндө президент орус классиги Федор Достоевскийдин «Бир тууган Карамазовдор» романынан үзүндү келтирип, «эркиндик алган адам мойнуна канчалык оор жүк жүктөлгөнүн дароо түшүнөт, анткени эркиндик жоопкерчиликти талап кылат. Адам өзү чечим чыгарып, ал үчүн өзү жооп бериши керек» деп айтты.

Сөзүн улап Лукашенко «ошондуктан эл өкмөткө карата мамилесин өзгөртүп, эркиндик бир түндө келе калбай тургандыгын түшүнүшү керек» деди.

Ал ошондой эле «Батыш да мындан сабак алып, Беларусту бул максатка түрткүлөө пайдасыз экендигин түшүнүшү зарыл» деп кошумчалады.

Бир гана жери Лукашенко бул пикир романдын авторуна эмес, андагы каарман - өзүн шайтанга сатып жиберген Улук Инквизиторго тийешелүү экендигин баамдабай калган шекилдүү. Болбосо, ал өзүн орто кылымдарда динге шек келтиргендерди жана жалпы эле Рим католик чиркөөсүнө жакпай калган адамдарды жазалоо менен алектенген чиркөөнүн расмий өкүлүнө теңеген болмок.

Эл аралык Достоевский коомунун президенти Дебора Мартинсен мындай дейт:

Достоевский өз каармандары аркылуу өзү туура көргөн, бирок көп учурда өзү макул болбогон ой-пикир, идея, ишенимдерди айттырган. Достоевский Инквизитордун көз карашын колдобогону анык. Лукашенконун шилтемесинен беларус президенти жалган дүйнөдө бийлик үчүн өз жанын да сатып жибергенге даяр болгондорду колдойт деп жыйынтык чыгарса болот.

Санкт-Петербургдагы Федор Достоевскийдин адабият-мемориал музейинин директорунун орун басары Вера Бирон да ушул эле пикирде. "Азаттыкка" жазган электрондук катында ал «Беларустун диктатору Достоевскийди эч качан окубаса керек, Достоевский тескерисинче Улук Инквизитордун адамдарга жана алардын эркиндигине карата мамилесине каршы болгон» деп жазды.

«Лукашенко Улук Инквизитор да боло албайт, ал иш жүзүндө бийликтен башканы ойлобогон, бийликке умтулуусу патологиялык чекке жеткен "шайтан". Ал өз элин ооз ачпаган малдай айдаса болот, элди эпке көндүрүүнүн кереги да жок, мажбурлаш гана керек деп эсептеген адам» деп эсептейт музейдин өкүлү.

«Европанын акыркы диктатору атыккан Ликашенконун жеке бийлигине каршы жакшыдыр-жамандыр оппозиция бар экендигин эске алганда, анын сөзүн жазган киши балким Достоевскийден шилтемени президенттин сөзүнө атайын кошуп койгон болушу да мүмкүн.

"Азаттыкка" мурда кабарлангандай, Лукашенко убагында өз сөзүнүн долбоорун жактырбай, элге кайрылуусун бир нече аптага кечиктирип жасады.

Ал эми эгер шилтемени Лукашенко өзү киргизген болсо, демек кимдир бирөө аны астейдил окуп, тыкыр текшерген эмес.

Бирок калпыстык кийин оңдолду. Себеби Лукашенконун анын азыр расмий сайтында жарыяланган сөзүндө Достоевскийге шилтеме алынып салынган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG