Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Доорлорду багындырган Азнавур дүйнө салды


Шарль Азнавур.
Шарль Азнавур.

Француз ырчысы, даңазалуу Шарль Азнавур 95 жашка караган курагында дүйнөдөн кайтты. Парижде туулуп-өскөн, зоболосу ошол шаарда көтөрүлгөн шансонье тарыхый мекени Армения менен да байланышын үзбөй келген. Азнавурдун атагы дүйнөнүн чар тарабына тараган.

70 жылдык сахна, 1 миң 400 ыр, 60 фильм жана 180 миллион диск.

Ырларын бир нече тилде аткарып, 92 өлкөгө гастролго барып, Нью-Йорктогу Карнеги, Лондондогу Алберт Холл өңдүү эң белгилүү концерт залдарга миллиондогон музыка сүйүүчүлөрдү чогулткан Шарль Азнавур өзүнчө бир аалам болчу.

Дүйнөлүк атагы жагынан Элвис Пресли жана Боб Дилан менен бир сапта турган ырчынын чыгармалары доорлорду, муундарды, чек араларды багындырган.

1988-жылы “Тайм” журналы жана Си-Эн-Эн телеканалы элдик сурамжылоого таянып Азнавурду “20-кылымдын эң мыкты эстрада аткаруучусу” деп бекеринен атабаса керек.

Шарль Азнавур.
Шарль Азнавур.

Француз ырынын иконасы эл аралык атакка ээ болуп, 2017-жылы Голливуддагы Даңк аллеясында жылдызы ачылган.

Азнавур өткөн дүйшөмбүгө караган түнү Франциянын түштүк-чыгышындагы үйүндө үзүлдү. Торколуу жашына карабай гастролдорун токтотпогон шансонье бир нече күн мурда Жапониядан кайтып келген. Май айында ийинин кокустатып алып, жайында чет өлкөдөгү бир нече концерти болбой калган.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Азнавурду “армениялык тамырларына байланган, атагы бүт дүйнөгө тараган чыныгы француз” деп сүрөттөдү жана “француздар армян эли менен бирге аза күтүүдө” деп жазды Твиттерге.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бул күн “армян элинин жана өлкөнүн тарыхындагы кайгылуу күн болуп калганын” айтты.

Шарль Азнавурдун өз аты Шахнуур Вахинаак Азнавурян. Ата-энеси -Миша жана Кнар Азнавурян Францияга Грециянын Салоники шаарынан барышкан. Атасы орус падышасы Николай экинчинин ашпозчусунун уулу болгон. Энесинин үй-бүлөсү – Түркияда жашаган соодагерлер 1915-жылы Осмон империясы маалындагы кыргындан качышкан.

Кичинекей Шахнуур 1924-жылы 22-майда Парижде туулган. Ошо тапта ата-энеси Кошмо Штаттарга виза күтүп жаткан. Акырында Азнавуряндын үй-бүлөсү Францияда отурукташууну чечет. Болочок жылдыз бала кезинен эле музыкага кызыга баштайт, 14 жашында киного тартылат. 1946-жылы Эдит Пиафтын Америка турнесине катышып, төрт жылдан кийин биринчи ырын жаздырган.

Азнавурдун жылдызы 1960-жылдын декабрында Париждеги Республика аянтынын жанындагы мюзик-холлдо жанган. Алгачкы аткарган алты ырын публика анча жылуу тосуп албагандан кийин артист акыркы “көзүрүн” пайдаланып, иш жүзүндө өзүнүн жашоосун сүрөттөгөн, талантын тааныбай жатышканын баяндаган чыгарманы аткарат. Көрүүчүлөр ырды дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алып, ошондон бери Азнавурдун аты афишалардан түшпөй калды. Ал кезде шансонье 36 жашта болчу.

Маркум миңден көп ырдын автору. Чыгармаларын Эдит Пиаф, Фрэнк Синатра, Боб Дилан, Хулио Иглесиас жана башка даңазалуу ырчылар аткарган. Артист 60 чакты фильмге тартылган.

Азнавур Франциянын жогорку сыйлыгы– Ардактуу легиондун орденине татыган. Армениянын ЮНЕСКОдогу ардактуу элчиси болгон, Армениянын улуттук баатыр наамы менен сыйланган. Анын ысымы Еревандагы аянттардын бирине берилип, Гюмри шаарында айкели тургузулган.

Артист тарыхый мекени менен байланышын үзбөй, постсоветтик Арменияга көп жардам берип келген.

- Мен французмун жана армянмын. Экөөнү бөлүү мүмкүн эмес. Кофеге сүт кошкондон кийин экөөнү ажырата албайсыңар го. Мен да ошондоймун. Менин армянча Шарль Азнавурян жана французча Шарль Азнавур деген ысымдарым бар. Эки башка маданияттын айкалышканы кандай керемет. Француз тили мен эмгектенген тил, бирок эне тилим дайыма армян тили болгон.

Жеке жашоосун көп ачыкка чыгарбаган Азнавур үч жолу үйлөнгөн, алты баласы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG