Бүт дүйнөгө белгилүү "Марсельеза"… Үч кылымдын саясий тарыхынын эч качан карыбаган күбөсү. Роже ле Лиль аттуу катардагы аскер капитаны музыкасын да, сөзүн да жазган шансон.
Бурбондордун жүрөгүн түшүргөн, толкун сыяктуу кайра-кайра көтөрүлүп, эзүүчүлөр менен монархтарга каршы козголгон кедей-кембагалдардын демине дем кошкон ыр.
Кезинде Наполеондун, Талейрандын, Жозеф Фушенин кулагына жетип, бирде ээликтирсе, бирде коркуткан атактуу марш. Адегенде катардагы аскерлердин көңүлүн көтөрүш үчүн жазылган музыка. Кийинчерээк Улуу Француз революциясынын гимнине айланган, элдин демине дем кошкон атактуу ыр.
Жан-Поль Марат, Робеспьер, Дантон сыяктуу тайманбас революционерлер тура калып ырдаган, эзилген массаларды күрөшкө ээрчиткен, эркиндик жана теңдик үчүн күрөшкөндөргө өзүнчө бир руханий туу болуп берген атактуу La Marseillaise…
Бул ыр чын-чынына келгенде жаткан бир легенда. Бул ырды кимдер гана ырдабаган: аскерлер да, анархисттер да, коммунисттер да, демократтар да… 1905 жана 1917-жылы орус революционерлери ырдаган, социализм курабыз деген Кытай эмгекчилери, Хо Ши Мин жетектеген вьетнамдык коммунисттер пайдаланган, Латын Америкасынан тартып Ыраакы Чыгышка чейин тирания менен диктаторлукка, падышалык династияларга, колониалдык режимдерге каршы күрөшкөндөр оозунан түшүрбөгөн эл аралык марш да ушул "Марсельеза" эмеспи.
Дүйнө музыкасынын тарыхында бир да музыкалык чыгарманын тагдыры "Марсельезаныкындай" татаал, экинчи жагынан адам суктанаарлык кызык болбосо керек.
Ырды аскер капитаны Роже де Лиль 1792-жылдын 25-апрелинде бир түндө жазып, эртеси эле күнү аскерлер аны чынында эле марш катары ырдап чыккан. Алгач "Рейн аскерлеринин маршы" деген ат менен чыккан. Кийин эмнегедир унутулуп, бирок ошол эле 1792-жылдын 30-июлунда Марсель шаарынын катар–катар тизилген революциячыл кошуундары Парижге шаңдуу кириш үчүн ушул ыр тандашкан.
Ошондон баштап бул аскердик марштын тагдыры түп тамырынан өзгөрүлүптүр. Алгачкы ысымы таптакыр унутулуп, "Марсельеза" атыгып кетиптир, башкача айтканда, Марселдиктердин ыры деген атка конуптур. Толкуган элдин оозунан басса-турса түшпөгөн бул ыр бара-бара аскердик марш эмес, азаттык, теңчилик, демократия үчүн күрөшүүнүн гимнине айланыптыр. Ошондон баштап "Марсельеза" ар бир уккан адамдын жүрөгүнөн түнөк таап, бара-бара Европага, андан соң бүт дүйнөгө тарай баштаган.
Ошол эле тарыхчылардын айтканына караганда, "Марсельеза" үч жолу Франциянын мамлекеттик гимни катары кабыл алынган, бирок эки жолу атайын чечим менен тыюу салынган.
Кызык жери, бул ырды Франция эле эмес, айрым башка мамлекеттер да өздүк гимни катары кабыл алган учурлар да жок эмес.
Ырдын автору Роже де Лиль ошондон кийин ыр да, марш да, айтор көп эле чыгармаларды жазып көрүптүр, бирок «Марсельезадай» элге сүйкүмдүү, кулакка жагымдуу, сезимди да, жүрөктү да козгогон чыгарманы эч бир жарата албаптыр. Көзү тирүү кезинде жападан жалгыз музыкалык чыгармасы элге кандай тездик менен тараганын өз көзү менен көрсө да, Роже де Лиль кедейликте, белгисиздикте жүрүп өтүп кеткен дешет.
Ырас, азыркы учурда бул ыр Франциянын мамлекеттик гимни. Ошону менен бирге эң эле белгилүү дүйнөлүк музыкалык хит дагы десек болот.
"Марсельезаны" массалык манифестацияларда эле эмес, концерттерде, театр сахналарында уксаң да анын жалындуу кайрыктарынан ырахат аласың, сөздөрүн кайталап ырдагың келет. Бекер жеринен бул ырды француздар эле эмес, бүт дүйнө теңдик жана бир туугандык, азаттык үчүн күрөштүн гимни катары тааныбаса керек.
Совет бийлигинин алгачкы жылдарында "Марсельеза" мамлекеттик гимн катары кабыл алынганын тарыхтан белгилүү.
"Марсельезанын" таасири улуу композитор Бетховенге, Чайковскийге тийген, деле анын дүйнө маданиятына кошкон салымы эбегейсиз. Ал эми кинолордо, музыкалык чыгармалада бул ыр ар качан колдонулуп, анын мотивдери, сөздөрү бүт дүйнөгө таралып кеткен.
"Марсельезаны" ХХ жүз жылдыктын эң эле атактуу ырчыларынын баары аткарышты. Федор Шаляпин, Пласидо Доминго, Эдит Пиаф, Мирей Матье сыяктуу музыка чеберлери "Марсельезаны" сыймык менен ырдашты.
Советтер Союзунда бул ырды атактуу Советтик Армиянын А.Александров атындагы хору укмуштуудай кылып аткарчу. Ал эми атактуу Beatles тобу ушул ырдын негизинде дүйнөгө белгилүү шлягерлеринин бирин жазганы жакшы белгилүү.
Бирок эл, тарых француз революциясынын негизги ырын жазган Роже де Лилди, анын улуу ырын эч бир унуткан жок. "Марсельеза" азыр да бүт дүйнөдө азаттык, демократия, эркиндик жана теңдик үчүн күрөштүн романтикалык символу болуп кала берди.