Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:23

Чивнинг же Британияга окууга жол тартыңыз


Сагындык Эмилбек уулу.
Сагындык Эмилбек уулу.

Чет өлкөдө билимин жогорулатып келүүнү эңсеген жаштар күндөн күнгө көбөйүп баратканы байкалат.

Бул албетте, жакшы көрүнүш жана билимдүү кадрлар өлкөнүн тиреги, алдыга сүйрөөчү күч боло ала тургандыгы талашсыз. Бирок Кыргызстанда жаштардын чет өлкөдө окуусун колдогон атайын мамлекеттик стипендиялык программалардын жоктугу өкүндүрөт.

Мисалы, коңшулаш Казакстанда «Болашак» сыяктуу мамлекеттик стипендиялык программалар жолго коюлуп, жыл сайын жүздөгөн жаштарды АКШга, Англияга окууга жөнөтөт.

Бул өлкө үчүн эң жакшы инвестиция. Биздин мамлекетте да мурда аты чыккан «XXI кылымдын кадрлары» сыяктуу жаштарды колдоо программалары уланса жакшы болмок.

Кантсе да чет өлкөдө окуп келүүнү эңсеген жаштар үчүн ар кандай эл аралык стипендиялык программалар толтура. Ошолордун биринин бүтүрүүчүсү катары баштан өткөргөн тажрыйбамды, негизги кеп-кеңештеримди ортого салууну чечтим.

Мен Чивнинг (Chevening Scholarships) стипендиялык программасынын бүтүрүүчүсүмүн жана төмөндөгү блог да дал ушул программа, тагыраак айтканда, Чивнинг аркылуу Англияда бир жылдык магистратурага өтүүнүн жолдору, процедуралары тууралуу болмокчу.

Жыл сайын кадыры көтөрүлүп, жаш адистер арасында популярдуулугу артып бараткан Чивнинг программасы тууралуу акыркы үч айда (программага тапшыруу процесси башталгандан баштап) кызыккан жаштардан ар кандай суроолор келип түшүүдө. Көпчүлүккө жетсин деп, төмөндөгү суроолордун топтомун жана жоопторун (айрыкча эсселер тууралуу) тизмектей кетейин:

Чивнинг кандай программа?

Чивнинг – бул Британиянын алдыңкы университеттеринде бир жылдык магистратурада окуш үчүн шарт түзүп берүүчү абдан абройлуу стипендиялык программа.

Аталган программаны Улуу Британиянын өкмөтү уюштурат жана окуунун контрактысын, аба-транспорттук чыгымдарды, ай сайын берилүүчү стипендияны жана башка чыгымдарды төлөп берет. Программа лидерлик дарамети бар, бакалавриатты бүтүргөн, минимум эки жылдык иш тажрыйбасы жана Кыргызстандын өнүгүүсү менен байланыштуу узак мөөнөттүү карьералык пландары бар тажрыйбалуу жаш адистерди колдойт.

Кыргызстандан жыл сайын жети-сегиз стипендиант Чивнинг аркылуу Британияда магистратурада окуп келет.

Чивнинг программасына тапшыруудан мурда эске алуучу негизги суроолор:

  1. Эмнеге магистратура окугуңуз келет? Кайсы тармакта билим алгыңыз келет? Эмнеге сиз тандаган тармак Кыргызстанда актуалдуу?
  2. Англиянын кайсы университетинде окугуңуз келет? Эмне үчүн ошол университетти тандадыңыз? Окуп келгенден кийин конкреттүү пландарыңыз барбы?
  3. Сиз окуйм деген тармак боюнча эч болбосо эки жылдык иш тажрыйбаңыз барбы?
  4. Англис тилин магистратурада окуй алгыдай билесизби?

Аталган суроолорго конкреттүү жоопторуңуз болсо, анда Чивнингге тапшыруу процессин баштасаңыз болот.

Чивнингдин кандай баскычтары бар?

Чивнингге тапшыруу процесси бир жылдай узарат. Ар бир баскычтын өзүнүн дедлайны (акыркы мөөнөтү) болот. Бул тууралуу www.chevening.org сайтынан кеңири маалымат ала аласыз. Жалпылап айтканда, тапшыруу процедурасы төмөндөгүдөй:

- Керектүү документтерди онлайн-система аркылуу тапшыруу (Online Application Process). Өзүңүз жөнүндө деталдуу маалымат, дипломдун копиясы, англис тили боюнча сертификат жүктөлөт. Кыскасы, онлайн-система 1-процедура болгондуктан жакшы таасир калтырганга аракет кылыңыз. Андан тышкары онлайн-системага жүктөлүүчү эң маанилүү деген төрт темада жазыла турган эсселер керек болот. Ал тууралуу кыскача төмөндө айтып берем.

- Онлайн тапшырууңуз ийгиликтүү өтсө, жазган эсселериңиз комиссияны канааттандырса, анда кийинки баскыч – Бишкектеги Британиянын элчилигине интервьюга чакырыласыз. Интервьюда үч-төрт комиссия мүчөсү болот. Жалпылап айтканда, 30-40 минутанын ичинде комиссия сиздин дараметиңизди ар кандай суроолор аркылуу бетме-бет отуруп баарлашат, текшерет.

- Өйдөдөгү процесстер менен бирге эле, Англияда сизге жаккан үч университетти тандап, алардын эч болбосо бирөөсүнө окууга өтүшүңүз зарыл. Көпчүлүк университеттердин талаптары дээрлик окшош.

Университеттер менен байланышып, керектүү документтерди (окуу планы (эссе), англис тилин билгениңизди тастыктаган сертификат (TOEFL iBT, IELTS) жана башка документтерди тапшыруу зарыл.

Чивнинг талап кылган бардык документтер маанилүү. Бирок мыкты талапкер экениңизди тастыктай турган эң негизги нерселер – эсселер, интервью жана ушуларды жеткире турган англис тилинде сүйлөө чеберчилигиңиз эске алынат.

Эсселер кандай жазылышы керек?

Төрт темада эссе жазышыңыз керек:

  1. Карьералык пландарыңыз (Career Question)

Мында өзүңүз тандаган тармактын көйгөйлүү маселелери, учурдагы кырдаал тууралуу жакшы кабардар экениңизди далилдеп жазыңыз. Жазайын деген оюңузду ырастоочу цифраларды, статистиканы колдонуңуз.

Бул сиздин өз тармагыңыздагы маселелерден кабардар экениңизди жана аларды чечүүгө кызыгаарыңызды көрсөтүп турат. 10-15 жылдык дымактуу пландарыңызды жана ал пландарды аткарууга татыктуу дараметиңиз, тажрыйбаңыз жетерин конкреттүү мисалдар менен тастыктап жазыңыз.

  1. Лидерлик боюнча эссе (Leadership Question)

Лидерлик тынымсыз үйрөнүүдөн, кызыгуудан, айланадагы маселелерге кайдыгер карабагандыктан жана адамдын жеке дымагынан улам жарала турган сапат. Ошол сапатыңызды конкреттүү мисалдар менен жазышыңыз керек. Чивнингдин негизги талабы - лидерлик дарамет.

  1. Нетворкинг тууралуу эссе

Адамдар жеке өзүнүн, үй-бүлөнүн же коомдун кызыкчылыгы үчүн бири-бири менен эки тарапка пайда келтире турган мамиле курушат. Чивнинг дал ушул мамиле кыла ала турган жөндөмү бар адамдарды издейт. Эсседеги суроолорго жооп берүү аркылуу сизде ошол сапат бар экенин далилдеп жазыңыз. Жергиликтүү деңгээлден баштап эл аралык деңгээлге чейин нетворкинг чоң роль ойноп, узак өнөктөштүккө, жада калса мамлекет аралык мамилени жакшыртып, күчөтүүгө да шарт түзө турган күчкө ээ. Адамдардын кесиптик өсүшүндө да чоң роль ойнойт жана Чивнинг сизге дүйнөнүн ар кандай мамлекеттеринен лидерлер менен мамиле түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

  1. Окуу планыңыз жөнүндө эссе (Study in the UK Question).

Англиянын кайсы университтеринде окугуңуз келет жана эмнеге? Бул суроого жоопту конкреттүү фактылар менен жазыңыз.

Маанилүү:

  • Эссени кыска, бирок маанилүү жазсаңыз жакшы. Эң көп дегенде бир барак болушу керек.
  • Ар бир эсседе суроолор болот. Ошол суроолорго гана жооп бергенге аракет кылып жазыңыз. Ашыкча ойдун кереги жок.

Эсселериңиз ийгиликтүү өтсө, интервьюга чакырыласыз. Ал убакта кошумча кеңеш сураш үчүн Чивнинг программасынын бүтүрүүчүлөрүнө кайрылсаңыз болот. Интервьюдагы өз тажрыйбабыз менен бөлүшкөнгө ар дайым даярбыз.

Толук жана деталдуу маалыматты www.chevening.org сайтынан ала аласыз.

Чивнингге тапшыруу процесси башталган. Арыз ушул жылдын 6-ноябрына чейин кабыл алынат. Ийгилик!

Сагындык Эмилбек уулу

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG