Euroasianet басылмасынын аналитиги Дэвид Триллинг Тажикстанда арабча ысымдарды коюуга тыюу салынганын жазып чыкты. Буга президент Рахмондун Юстиция министрлигине жана парламентке берген көрсөтмөсү негиз болгон.
- Жергиликтүү элдин маданиятына жат арабча же дагы башка тилдеги ысымдарды эми каттабайбыз. Ошондой эле өсүмдүктү, жан-жаныбарды жана буюмдарды туюнткан сөздөр дагы адамдарга ыйгарылбайт, - деди Атуулдарды каттоо департаментинин жетекчиси Жалолиддин Рахимов.
"Өлкө парламенти болсо "талапка жооп бербеген" ысымдарды тажикчеге алмаштырууга чакырууда. Юстиция министрлиги нукура тажикче ат таппагандар үчүн атайын ысымдардын тизмесин чыгармай болду. Бирок Тажикстан калкынын 15 пайызын түзгөн өзбек улутундагылар үчүн кандай ысымдар сунушталары азырынча белгисиз" деп жазат Euroasianet.
Кытай бийлиги мусулман соодагерлерге арак, чылымды күчтөп саттырууда
"Кытай бийлиги Шинжаң облусунда дүкөн же кафе иштеткен мусулмандарга арак, чылымды күчтөп саттырууда" деп жазат The Washington Post гезити.
Сатып эле тим болбой, алкоголь жана чылымды дүкөндүн же ресторандын көрүнүктүү жерине коюп, жакшылап жарнамалоо сунушталууда. Муну “Эркин Азия” радиосу өлкөдө исламдын күчүн азайтууга багытталган саясат деп баалады. Эки жылдан бери Кытайдын мусулмандар эң көп жашаган Шинжаң аймагында исламдын шарттарын алсыздандырууга багытталган мамлекеттик саясат жүрүп жатат. Мектеп окуучулары менен мамлекеттик кызматтагыларга жума намаздарына барууга жана орозо кармоого тыюу салынды.
Шинжаңдын Акташ айылынын расмийи Адил Сулаймандын айтымында, арак ичип, чылым тартпаган уйгур тектүү мусулмандарды бийлик катуу көзөмөлгө алган. “2012-жылдан бери дүкөн, кафе-ресторандарда арак, чылым сатылбай калган. Эми бийлик буларды сатпаган жайларды жабууну көздөп жатат”, - дейт ал “Эркин Азия” радиосуна. Мельбурндагы Ле Троб университетинин Кытайдагы этникалык саясат боюнча адиси Жеймс Лийболддун айтымында, Кытай бийлиги экстремизм менен күрөшүүдө көбүнесе жакшы натыйжага жете албай убара.
Непалда кыз-келиндерди саткан топтор көбөйдү
Непалдагы катуу жер титирөөдөн кийин үй-жайсыз калган жаш кыздарды соодалаган кылмыштуу топтор арбыганын The Guardian гезити жазат.
Он миңдеген кыз-келиндер кылмыш топторунун бутасына айланды. Аларды уурдап, коңшу Азия өлкөлөрүнө сатууну көздөгөн топтор куткаруучунун ролун аткарымыш болуп иштеп жатышат. Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча жылына 12 миңден 15 миңге чейинки кыз-келиндер Непалдан уурдалып, башка өлкөлөргө сатылууда. Аларды Түндүк Корея, айрым Африка өлкөлөрү менен Индия сексуалдык кулчулукка сатып алат. Адам укугун коргогон эл аралык уюмдар бул багытта бирдиктүү иш алып барып, адам саткандарга бөгөт болууну Непал бийлигине сунуштоодо.
Toyota менен Mazda кошулганы турат
Жапониянын ири Toyota Motor жана Mazda Motor компаниялары 2018-жылдан тарта биргелешип экологияга зыяны жок жаңы гибрид автоунааларды чыгармай болушту деп кабарлайт Asian Nikkei Review экономикалык журналы.
Бул эки чоң ишкана гибрид унаалар үчүн тетиктерди жана Америка, Европанын базарына ылайыкташкан машинелерди иштеп чыгышмакчы. Кытай да экологияга зыянсыз унаа чыгаруу жаатында иш алып барууга ниеттенүүдө. Mazda 1979-жылдан бери Американын Ford компаниясы менен чогуу иштеп келген. 2012-жылдан бери бул ишкананын кирешеси солгундап калгандыктан, глобалдык атаандаштык талаасында өзүн татыктуу сактап калуу үчүн Toyota менен бириккени турат деп жазат Asian Nikkei Review.