Foreign Policy журналынын аналитиги Нейт Шенкан Борбор Азиядагы "Демократиялык аралча" деген ат менен дүйнөгө таанымал Кыргызстан акыркы мезгилде "чөгүп" баратканын жазды.
“Он төрт партия ат салышып, жер-жерлерде шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп, анын жыйынтыгы белгисиз болгону үчүн Кыргызстан бир партиялуу, диктаторлор башкарган коңшу өлкөлөрдөн таптакыр айырмаланат. Өлкө диктаторлук бийликке багыт албаса да, андагы эркиндик чектелип, “Борбор Азиянын демократиялык жалгыз аралчасы” чөгүп бараткандай. Себеби эмнеде?
Проблеманын башында 2010-жылдан мурун да, кийин да парламентке кирген саясий элитанын азыр деле көп өзгөрбөй ошол тизме менен кайрадан шайлоого аттанганында. Кызыгы, орусиячыл партияга өлкөдөгү эң негизги америкачыл эки саясатчынын кошулуп калуусу.
“Республика” партиясынын балакай жүздүү лидери өкмөт башында турганда бирөөдөн белекке жылкы ала коюп иштен кетип, азыркы шайлоого Бакиевчил партияга кошулуп жөнөдү эле өнөктөшүнүн талапкерлиги атаандашына кол көтөргөнү үчүн алынып салынды. “Ата Мекен” партиясы деле андан кем калбай, коррупцияга шектелип айыпталган аткаминер менен шайлоого бет алган.
Партиялардын бирдиктүү саясаты же идеологиясы жок. Алар ар кайсы аймакта кол топтогонго кудуреттүү, тууган-уруктуу, акчалуу ар кандай кишилерден гана куралган. Платформасы же өзгөчөлүгү менен алдыга чыккан партиялар байкалбайт. Президент Атамбаевдин Социал-демократтар партиясы менен социалисттик “Ата Мекен” партиясынан башкаларынын акылга сыярлык партия түзүмү, экономикалык маселеге келгенде Кумтөрдөн башка бир да орчундуу темасы жок. Ал арада партиялардын бири дагы эмнеге президент мурдагы колонизатор өлкөгө ушунчалык жакын саясат жүргүзүп жатат деген суроону койбоду” – деген Шенкан андан ары Кыргызстандагы миграция, улуттар аралык чыңалуу, партиялык тизмедеги кылмыш ишине тартылгандар, АКШ-Кыргызстан кызматташтыгы менен Алмазбек Атамбаевдин бийликке болгон “сугалактыгы” күчөп баратканына сереп салат.
Ипотекалуу шайлоо
EurasiаNet басылмасы Кыргызстандагы быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн башкы темасы ипотека болгонун жазды. “Республика-Ата-Журт” партиясы шайлоочуларына жылына 10 пайыздык үстөгү бар насыяны убада кылууда. Улуттук валютасы алсырап, кыймылсыз мүлккө жетпей кыйналган кыргызстандыктардын көбүн аз пайыздуу насыя убадасы кызыктырса да ага эл ишенбесе керек. “Өнүгүү-Прогресс” партиясы да курулуп жаткан кымбат үйлөрдөн арзан квартира аласыңар деп олчойгон убаданы берүүдө. Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын социал-демократтар партиясы болсо мугалимдер жана врачтарга үй берүү үчүн атайын субсидия түзүлөт дейт. Бирок бул партиянын капчыгындагы 150 миң доллар кеминде 100 миллион долларды талап кылчу мындай субсидияга кантип жетет деген суроо жаралат. Өлкөдөгү каржылык туруксуз абалдан улам банктар чоң насыя берүүдөн кооптонушканы менен элдин кыжырына тийип албайлы деп убара тартышууда деп жазат EurasiаNet.
Кыргызстан белгисиз багытта
Эл аралык кризистик топтун веб- сайтында “Кыргызстандын багыты белгисиз” аттуу макала чыгып, анда Кыргызстандын келечегине коркунуч жараткан ички жана тышкы факторлор саналат. Диний радикалдашуу, улуттар аралык тирешүү, Ооганстандагы оор кырдаал жана Өзбекстандагы ыктымал төңкөрүштүн болочок оор эпкини, экономикалык, саясий, социалдык проблемалар, коррупция жана мигранттардын агымы Кыргызстандын келечеги үчүн опурталдуу маселе деп жазган. Аймактагы өлкөлөрдөн айырмаланып, жалгыз парламенттик системага бет алган өлкө болгон үчүн айрым эксперттер 4-октябрдагы шайлоо өлкөгө реформачыл бийликти алып келерин билдиришти дейт аталган топ.
Борбор Азиядагы мыкты шайлоо – Кыргызстанда
Вашингтон университетинин Эл аралык коопсуздук колледжинин окумуштуусу Эрика Марат башкалардан айырмаланып, Кыргызстандагы шайлоо менен саясий кырдаалдын оң тараптарын анализдеп чыккан. “Эркин Европа - Азаттык” радиосунун сайтына жазган серебинде Эрика Марат Борбор Азиянын алтындан эстелик тургузуп, өмүр бою бийликте турган карт лидерлери өткөрүп жаткан бир демдүү шайлоого салыштырмалуу Кыргызстанда ар кыл партиялуу, ар түрдүү лидерлердин бийликке умтулуп жатканын оңунан баалады. Өлкөдөгү кыйынчылыктарды, өткөн эки революция тууралуу кеңири анализ жасоо менен Эрика Марат мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда гана алгачкылардан болуп "лидер өлмөйүнчө так бошобойт" деген көз караш бузулуп, бийлик улам жаңырып жатканын баса белгилейт.