Клейр Робинзон аттуу америкалык блоггер жана фотограф Кыргызстанды кыдырып чыккандан кийин The Huffington Post гезитине кызыктуу макала жарыялады.
Анын макаласы “Кыргызстанга жолобо, же...” деп аталат. Анда Робинзон айым биздин өлкөдөгү табигый сулуулук, элдин адамгерчилигин чет элдик туристтердин агымынан кызганып жатканын баяндайт.
- Борбор Азиядагы эң кооз өлкөнү туризм менен өнүктүрсө болот. Бирок ушул сулуулукту туристтерге көрсөткүм да келбейт. Анткени алар баарын бузуп салышы ыктымал. Он күн ичинде жашоом болуп көрбөгөндөй жакшы эскерүүлөр менен толукталды. Эгерде дүйнө Кыргызстандын ушул сулуулугун көрүп калып, массалык туризм башталса эмне болот деп ойлоп, бул жакка чет элдиктердин агылуусун каалаган жокмун. Айрыкча, элдин акчага көңүлкош мамилеси, айкөлдүгү жакты. Жолуккан кыргыздар менден акчаны эмес, кайдан келгенимди, ким экенимди сурап кызыгышты. Башка өлкөлөрдө туристтерди банкомат катары карашат эмеспи. Табияттын кооздугу менен бейкуттугун Соң-Көлгө жеткенде байкап, аябай бактылуу болдум. Туристтер бул жакты билип калса барчу жолдорду жакшы өздөштүрүп, көп каттап, бака-шака аймакка айландырып иеби деп корком. Бакылдаган туристтер Соң-Көлдөгү байыркы көчмөн жашоонун бир үзүмүн жок кылып жиберет. Ошентсе да мен дүйнө эли Кыргызстандагы жөнөкөй, жакындарың жана табият менен камыр-жумур болуп жашаган жашоонун бакытын көрсө деп каалайм. Кыргыз эли өз өлкөсүн, адамгерчилигин жана табиятын ушул бойдон сактап калса экен, - деп жазган Клейр Робинзон.
Николай IIнин айкели казактарды дүрбөттү
Большевиктер тарабынан 1917-жылы жок кылынган орустун акыркы падышасы Николай экинчинин айкели Казакстандагы Архангельское кыштагындагы чиркөөнүн сыртына орнотулган. Бул жагдай атуулдар арасында ар кандай кайчы пикирлерди жаратты деп жазат Eurasianet онлайн басылмасы.
Айкел коюлары менен социалдык тармактарда эмнеге 1916-жылы миңдеген казактардын ажалына себеп болгон орус падышасынын айкели тургузулат деген жаалданган сындар жаады. 10-август күнү чиркөө жетекчилиги айкелди алып салды. Май айында да бул өлкөдө Иосиф Сталиндин айкели талкаланган эле. Расмий Астана Орусиянын эң жакын өнөктөшү болгонуна карабай, улуттук эркиндик маселесине олуттуу карайт деп жазат Eurasianet.
Ачылган чек арада олчойгон коркунуч бар
Жапонияда чыккан The Diplomat журналынын аналитиги Самуэл Рамани Кыргызстандын чек араларынын ачылуусу Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр үчүн ири коркунуч булагы болот деп жазды. Кыргызстандын коңшу мамлекеттер менен чек арасы ачылганда, эки эң негизги опурталдуу жагдай жаралат. Биринчиси - маңзат соодасы азыркыдан да укмуш тездикте гүлдөшү ыктымал. Ош шаары Ооганстандан Орусияга, андан Европага маңзат алып өткөн башкы коридор болгон. Дүйнөдө сатылып жаткан героиндин 25 пайызы Кыргызстандагы уюшкан топтор менен коррупциялашкан аткаминерлер аркылуу таркайт. Андыктан ачылган чек ара бул сооданын отуна май чачат. Экинчиси - Кыргызстан террорчулуктун да ири коридоруна айланышы ыктымал. Анткени бул өлкө аркылуу Сирияга кетип жаткан Борбор Азия тургундары көзөмөлсүз чек араны өз максатына колдонбой койбойт. Казакстанда да террор маселеси курч бойдон калууда. Эгерде Тажикстан да Евразия биримдигине кошулса, анда аймактын коопсуздугу абдан кооптуу болуп калат деп жазат аналитик Рамани.
Кытайда музыка өлгөн күн
The Wall Street Journal Кытайда Маданият министрлиги эстрадалык 120 ырды моралдык нормаларга туура келбейт деп тыйганын кабарлайт. Тайвандык Аял Комод, Эм Си Хотдог сыяктуу ырчылардын атактуу ырларында коомду секс, зомбулукка үндөгөн чакырыктар бар деп онлайн, радио сыяктуу ыр угузуучу каражаттардын баарынан алып салуу буйругу чыкты. Тыюу салынган ырлардын арасында Кытайдын хип-хобу да бар. Ал арада Кытайдагы Фейсбуктун аналогу Weiboнун колдонуучулары мындай чечимди сындашууда.