Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Үрүмчүдө COVID-19, Иракта карантин күчөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда бир күндө коронавирус жуккан 61 учур катталды жана бул апрель айынан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Кытай соңку бир күндө коронавирус жукканы аныкталган жарандардын басымдуу бөлүгү Шинжаңдагы Үрүмчү шаарынын тургундары экенин билдирди. Ушундан улам шаардын айрым райондору карантинге жабылды. Ушул тушта Ляонин жана Цзилин провинцияларында жарандардан жапырт тест алынып жатат.

Дүйнө жүзүндө COVID-19 жугузуп алгандар 16 миллиондон ашты жана 650 миңдей бейтаптын ажалы жетти.

Латын Америкасында жагдай оңоло элек, Бразилияда, Мексикада, Перуда, Колумбияда жана Аргентинада ооругандар көбөйдү. Бирок бул өлкөлөр мындай абалга карабай карантин чараларын жумшартып жатат.

Ал арада Сеул Түндүк Кореяга Түштүк Кореядан качып келген жана коронавирус жукканы аныкталган деген жаранга байланыштуу комментарий берди. Түштүк Кореянын Кол башчылар штабынын бириккен комитетинин өкүлү Ким Чун Пак ал адам чек арадан өткөнү аныкталганы менен, оорусуна байланыштуу маалыматтар такталып жатканын айтты:

«Аскерлер тиешелүү мекемелер менен иликтөө жүргүзгөндөн кийин Түндүк Кореяга качкан адам Кванхва районундагы жолду колдонгонун аныктады. Ошол жерден анын баштыгы табылды, бул буюм ал адамдын тек-жайын аныктаганга жардам берет. Биз терең иликтөө жүргүзүп жатабыз».

Мунун алдында Түндүк Корея коронавирус жуккан алгачкы учур катталганын билдирген. KCNA агенттиги өпкөнү сезгенткен ооруну мындан үч жыл мурун Түштүк Кореяга качып кетип, кайра өткөн аптада мекенине кайткан жаран алып келди деп шек саналып жатканын жазган. Ким Чен Ын буга байланыштуу чукул жыйын өткөрүп, чек арадагы Кэсон шаары карантинге алынганы маалымдалган.

Сербия.
Сербия.

Европада карантин эрежелери кыйла жумшарып, ички чек аралар ачылгандан бери оору жайыла баштады. Мындан улам Испанияда айрым чектөөлөр кайрадан киргизилди. Британия болсо Испанияга барып келген жарандарды эки жума бою карантинде болууга милдеттендирди.

Германияда да коронавирус жуккандар көбөйдү. Оорунун бир очогу Венгрия, Румыния, Болгария жана Украина мамлекеттеринен келген мигранттардан улам тутанды. Немис бийлиги чакан Мамминг шаарчасынан анча алыс эмес жердеги дыйкан чарбасында иштеген 174 жумушчудан оору табылганын, бул жалпы ооругандардын үчтөн бир бөлүгүн түзөрүн маалымдады.

Пандемия убагында немис бийлиги башка Европа өлкөлөрүнө салыштырмалуу ооруну ооздуктай алган. Германияда илдетти 190 миңдей адам жугузуп, тогуз миңге чукул бейтап көз жумган.

Сербия, Түндүк Македония жана Балкан өлкөлөрү ооруну ооздуктоого аракет кылып жатышат. Серб бийлиги соңку бир күндө оору 467 адамдан аныкталып, сегиз бейтап каза болгонун, бул пандемия маалындагы эң жогорку көрсөткүч экенин маалымдады.

Мексика.
Мексика.

АКШда оорунун тарашы басаңдай элек, Кошмо Штаттарда коронавирус 4,2 миллион адамдан табылып, 147 миң киши көз жумду.

АКШда соңку беш күндөн бери коронавирустан каза болгондордун саны миңден ашып жатат. Орто эсеп менен оору бир суткада 68 миңдей адамдан табылууда. Ушул тушта COVID-19дун очогу Флорида, Техас, Калифорния жана Аризона болуп калды.

Дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрү 31-июлдан тартып үч күнгө созула турган Курман айтты майрамдашмакчы.

Ирак өкмөтү оорунун жайылып кетишинен кооптонуп, 30-июлдан 9-августка чейин он күндүк коменданттык саат киргизилерин билдирди. Пакистан жарандарды майрам күндөрү карантин эрежелерин сактоого чакырды. Бир катар мусулман өлкөлөрү да эскертүү берип же айрым чектөөлөрдү кайра киргизет деп болжолдонуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG