Кыргыз тилинде
Коронавирус деген эмне? Коронавирустар - бул латын тилинде Coronaviridae деп аталып, кыргыз тилине которгондо «таажы сымал вирустар» десек болот. Саламаттык сактоо министрлигинин сайтындагы түшүндүрмө. 26-февраль, 2020-жыл.
Дүйнөнү селдей каптаган коронавирус алааматы түркүн тилдерде жаңы сөздөрдү, идиомаларды, метафораларды, терминдерди жаратууда. Алардын көбү көөнө же архаикалык сөздөрдүн негизинде, азы аббревиация жолу менен түзүлгөн аббреватуралар. Ошол эле учурда пандемияга каршы чаралардан улам «кайра туулган» же активдүү колдонула баштаган сөздөр да бар.
Жаңы сөздөр же неологизмдер биздин турмушка капылет кирген дартты, затты, кубулушту түшүнүүгө жардамдашып, төл сөздөрдүн катарынан орун алышууда.
11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жаңы коронавирусту COVID-19 деп атагандан бери кыргыз тилинде COVID-19, коронавирус, COVID-19 вирусу (илдети), таажы вирусу (таажы вирусу), таажы тумоосу (таажытумоосу), таажы ылаңы, таажылуу тумоо, таажылуу вирус деген терминдер кеңири жайылып барат. Кашаанын ичинде көрсөтүлгөндөй жаңы термин бирде эки сөз болуп жазылса, бирде туташ жазылууда. Кимисиники туура болгонун илимпоз-филологдор айтышаар.
«Google» сөз тапкычынан издесеңиз (2-май, эртең мененки саат 11:00 карай) жогорудагы терминдердин ичинен колдонуусу боюнча даана лидер таажы ылаңы (5620), а таажы вирусу экинчи (~ 3900), таажы тумоосу үчүнчү (1 миңге жетпейт) экенин көрөсүз.
Таажы ылаңы деген термин биринчи ирет туура бир ай мурда «Инстаграмда», а таажы вирусу деген сөз эң алгач 13-февралда Асанбек Каракозуев тарабынан «Ачык кеп» TV көрсөтүүсүндө колдонулган.
Англис тилинде
Англис тилиндеги жаңы пайда болгон нелогизмдердин ичинен мага эң жакканы covidiot. «Ковидиот» - бул саламаттык сактоо боюнча берилген кеңешти таназар албаган адам. Кыргызча «ковкөкмээ» деп койсо куп жарашчудай.
Ковидео кече же жоро (covideo party) – бул «Zoom» же «Skype» аркылуу достор өткөргөн жоро, пикир алмашуу, туулган күндү белгилөө, музыка угуу ж.б.у.с.н.
Корантимс (quaranteams) – карантин учурунда тыюу салууга байланыштуу үйүндө камоодо, изоляцияда отурган адамдар онлайн режимде түзгөн командалар же топтор.
Жогорудагы үч термин акыркы төрт айда англис тилинде пайда болгон неологизмдердин айрымдары гана. Жаңы сөздөр пандемия аяктагандан кийин да күнүмдүк жашоодо түз же кыйыр мааниде колдонула берери калетсиз.
Ал эми балакеттин илимий аталышы COVID-19 өзү коронавирус жана оору (Cоronavirus & Disease) деген эки сөздөн жаралган акроним же аббревиатура.
Окумуштуу лингвисттер коронавирус пандемиясына каршы күрөштө кээ бир саясатчылар согуш учурундагы метафоралар менен сүйлөшкөнүнө көңүл бурушту. Мисалы, өзү коронавирус менен ооруп сакайган британ премьер-министри Борис Жонсон 17-мартта журналисттер менен кездешүүдө: «Бул душман каардуу болушу мүмкүн, бирок аны жеңсе болот» (This enemy can be deadly, but it is also beatable) деген. Бул сүйлөмдүн биринчи бөлүгү демейде согушта жоого карата айтылса, экинчи бөлүгү спорттук таймаштарда, бороон, ураган, цунами сыяктуу табигый кырсык убагында колдонулуп келген.
Коронавируска байланыштуу киргизилген карантин маалында кээ бир өлкөлөрдө тематикалык адабиятка кызыгуу күчөгөн. Мисалы, кээ бир жарандар «үй камоосунан» пайдаланып, француз жазуучусу Альбер Камюнун «Кара тумоо» ("Чума") деген романынан (1947) руханий азык издешкен. Ошондон улам атактуу жазуучунун береги китебинин кардарлары көбөйүп, басмаканалардын иши кызыганын Лондондо чыкчу «The Economist» журналы кабарлады. Европалыктардын нацизмге жана фашизмге каршылык көрсөтүшүнө арналган китептин союжети Алжирдин Орно шаарында 1849-жылы болгон уваба (холера) эпидемиясынын убагындагы окуяга негизделген.
Италияда болсо Алессандро Мандози 1827-жылы жазган «Никеси кыйылгандар» романына талап күчөгөн. Италиядагы туңгуч тарыхый роман мектеп программасында окутулат. Чыгармада Милан шаарын 1630-жылы каптаган кара тумоо жана ачарчылык кезиндеги окуялар баяндалат.
Тарыхый романда коркунучтуу илдетти атайын жайылтты деп шек саналган адам untori деп аталат. Ошого кездеги алаамат убагында короновирусту жайылткан кеселдерди италиялыктар «унтори» деп атап, эки кылым мурда адабиятка кирген сөзгө экинчи өмүр беришкен.
«Cен келбесең, мага зыян болбойт»
Кытайда узак убактан кийин жолуккан адамдар ал-жай сураганда айтылчу 别来无恙 (biéláiwúyàng) саламдашуу жаңы мааниде колдонула баштаган. Алдыңкы сүйлөмдөгү иероглифтер сөзмө-сөз которгондо «Биз экөөбүз акыркы жолу кайыр-кош айтышкандан бери сени менен эч кандай жамандык болбоду деп ойлойм» деген маанини берет. (I hope nothing bad has happened since we last said farewell). Кыргызча айтканда, «Аман-эсен жүрдүң го дейм».
Көрсө, бул ал-акыбал сурашуудагы 恙 (yàng) символу биздин заманга чейинки IX кылымда пайда болуптур. Ал эзелтеден кишини катуу безгек кылуучу жана денеде исиркек (кызамык) пайда кылчу ооруну жугузган бит, курт-кумурскага карата колдонулган экен.
Кытайда коронавирус чыгып, эл башына кыйынчылык түшкөн жагдайда байыркы фраза жаңы мааниде 你别来我无恙 (nǐbiélái wǒwúyàng) кайра туулган. Жаңы нелогизм «Эгер сен келбесең, мага эч кандай зыян болбойт»( If you don’t come, I won’t come to any harm) дегенди билдирет.
Аңдаган адамга ушу коогалаңдуу кезде жогорудагы фразанын мааниси абдан зор.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.