Дүйнөлүк cаламаттыкты сактоо уюмунун маалымдоосу боюнча, жыл сайын сырттагы жана үй же имарат ичиндеги абанын булгануусунан улам жети миллионго чукул киши көз жумууда. Алардын ичинен төрт жарым миллиондой адам туура эмес от жагуу, тамак бышыруу учурунда чыккан уулуу газдарга ууланып каза тапкандар.
Жаңы конуштарда иске уулангандар көп
Кыргызстанда да кыш келгенде көмүрдөн чыккан түтүнгө уулангандардын саны арбыйт. Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, от жагуу мезгили башталары менен аталган оорукананын Токсикология бөлүмүнө көмүргө ууланып келгендердин саны аптасына 3-4 киши болот:
- Бизге келгендердин көбү жаңы конуштардын тургундары. Былтыр мындай бир окуя болду: төрт кишиден турган бир үй-бүлө кышында бир бөлмөдө жашап, от жага турган меши да жок экен. Меши жок болгондон кийин бала жуунтуучу таштекке от жагып, ошого жылынып жүрүшкөн экен. Анан бир күнү алар таштектен чыккан түтүнгө ууланып, ооруканага келишти. Көмүрдүн исине уулангандардын дээрлик бардыгы – кыргыздар. Орус же башка улуттун өкүлдөрү меш салууну же үйдү жылытууну өз нормаларын сактап жасайт. Ал эми кыргыздар, айрыкча жаңы конуштагылар эч кандай норма сакташпайт.
Бишкек шаарынын төмөн жагындагы "Дордой" базарына жакын жайгашкан жаңы конуштардын көпчүлүгүндө кышкысын от жагуунун элементардык нормалары сакталбайт. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын Ооруларды алдын алуу департаментинин билдиришинче, акыркы мезгилде желим идиштер, баштыктар жана кийим тигүү цехтеринен чыккан кездемелердин кесиндилерин жылынуу үчүн мешке жаккандар арбып жатат.
Мешке ыпыр-сыпыр жагуу зыян
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын башкы адиси, врач-эпидемиолог Алтын Ураимова мындай заттарды өрттөө адам саламаттыгына чоң сокку урат дейт:
- Отун, же көмүр эле жагышпай, жакшы күйбөгөн заттарды, желим идиштерди, баштыктарды, ар кандай тигүүчү цехтерден чыккан кездемелердин кыркындыларын отко салышат. Ушулардын баарынан уулуу диоксин газы бөлүнүп чыгат. Ал кишинин организмине өтө зыяндуу. Кишинин организмине акырындап сиңе берип, өнөкөт делген өпкө ооруларын, аллергиялык илдеттерди козгойт. Айрыкча акыркы мезгилде жаңы конуштарда тигүүчү цехтерден чыккан синтетикалык кыркындыларды, дөңгөлөктөрдү жагып жатышат. Эгерде ошонун түтүнү бөлмөгө же имараттын ичине тараса, натыйжасы өтө жаман болот.
Жыл сайын дүйнөдө миллиондогон кишилер көмүр, таштандылар, желим заттарды жагып, андан чыккан диоксин сыяктуу уулуу заттарды жыттап, ар түрдүү ооруларга чалдыгышат.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, сырттагы жана үй, имарат ичиндеги абанын булгануусунан инсультка чалдыгып, каза болгондор 34, жүрөк оорусуна чалдыгып өлгөндөр 26 процентти түзөт. Булардан тышкары, 22 процент өпкөнүн өнөкөт кагынуусунан, 12 процент балдардын пневмониясынан жана 6 процент өпкө рагынан каза болууда.
Бул өлүмдөрдүн башкы себеби тамак жасаганда жана кышкысын мешке жаккан нерселердеги уулуу газдардын көп болуусу. Уулуу түтүн иштетилбеген көмүрдөн, малдын тезегинен, айыл чарба калдыктарынан, желим заттардан бөлүнүп чыгат. Үйдө кышкысын уулуу зат бөлүнүп чыкпаш үчүн адис Алтын Ураимова мындай кеңеш берет:
- Айрыкча жаңы конуштарда мешти кандай салышты билбеген адамдар үй куруп жатканда нормага ылайыктабай, сала беришет. Ошондой мештердин мору көмүрдү тарта албай калат. Анан түтүнү бөлмөнү каптайт. Ар бир үй ээси меш салып жатканда шарттарды сактап, же кышкысын дайыма морлорду тазалап, синтетикалык желим сыяктуу нерселерди жакпаса деген кеңеш айткыбыз келет.
Эгерде көмүрдүн же жаккан оттун түтүнү кайра үйгө таркап, адам ууланууга дуушар болсо, анда алгач эле анын борбордук нерв системасы жабыркайт дешет адистер. Уулануунун алгачкы белгилери баш айланып, көз кызарып, адамдын кускусу келет. Катуу баш оору башталат. Ууланган адамды ошол замат таза абага алып чыгуу керек.
Дүйнөдө үч миллиард киши кышкысын от жагып жылынып, от жагып тамак-аш бышырат. Жугуштуу эмес жүрөк, кан тамыр, инсульт, нерв оорулары, өпкө ооруларынын себебин да адистер абанын жана үй, имарат ичиндеги абанын булгануусунан улам дешүүдө.