Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Апта: Талашка түшкөн ырайым, "тарбия лагерлери"


Хотандагы "окутуп-тарбиялоочу борбордогу" кыз-келиндер. 5-январь, 2019-жыл.
Хотандагы "окутуп-тарбиялоочу борбордогу" кыз-келиндер. 5-январь, 2019-жыл.

Президент Жээнбеков түрмөдө отурган Текебаевге ырайым берүүдөн баш тартты. Кытай бийлиги 2 миңдей казак улутундагыларды өлкөдөн чыгарат. АКШнын Мексика менен чек арасында дубал куруу маселеси талашка түштү.

Кыргыз президентинин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия абакта сегиз жылдык жазасын өтөп жаткан Өмүрбек Текебаевди боштондукка чыгаруу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бир айдай Улуттук кардиология институтунда дарыланып жаткан «Ата Мекен» партиясынын лидери кайра Бишкектеги №47 абакка жиберилди.

Ырайым кылуу маселеси боюнча жооптуу катчы Кырккелди Кыдырбаевдин айтымында, айыпталуучу ырайым сурап мамлекет башчысына өзү кайрылмайынча, башка бирөө жазган өтүнүч каралбайт.

«Роза Отунбаеванын өтүнүчүндөгү материалдарды Текебаевге тааныштыруу маалында ал ырайым сурап өтүнүч жазуудан баш тартты. Өзүнө тагылган күнөөлөрдү «мойнума албайм, ырайым сурабайм» деп жазды», - деп түшүндүрдү ал экс-президенттин өтүнүчү эмне үчүн каралбай калганын.

Президенттик аппараттын мындай жообун Роза Отунбаева жоопкерчиликти «түртө салмай» деп сыпаттады. Экс-президенттин пикиринде, кырдаалды жана ырайым берүү боюнча мыйзамды парламент талкуулашы зарыл. «Бул «мен жеңил-желпи, саясаттан тышкары жазып койдум, алты фракциянын лидерлери колдоп койду» деген кагаз эмес. Кыргызстандагы «мен саясатчымын» дегендер кол койгон документке бир бюрократтын жообу менен президенттик аппарат «отписка» кылып жатат» - деп маселенин саясий өңүтүн белгиледи ал.

Талашка түшкөн ырайым
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:14 0:00

Текебаевге ырайым берүү маселеси көтөрүлгөндө эле анын жол-жобосу талкууга түшкөн. Эксперттердин басымдуу бөлүгү айыпкер жеке өз арызы менен ырайым сурап, мамлекет башчысына кайрылышы зарыл экенин түшүндүрүшкөн. Ошол эле маалда айрым юристтер «ырайым берүү, кандай өлкө болбосун, илгертеден гуманизмдин, айкөлдүктүн белгиси» деп чечмелешет.

Мурда Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратураны жетектеген Салянова «Фейсбук» баракчасына «ырайымдуулук президенттин жеке каалоосу, бул анын укугу. Ырайым ошонусу менен ырайым. Аны соттолгон адам сурап албайт» деп жазды. Анын пикиринде, «Мунапыс жана ырайым берүүнүн жалпы принциптери жөнүндө» мыйзам соттолуучу сөзсүз арыз менен кайрылышы керек деген шартты талап кылбайт. Бул президенттин жеке эрки менен ишке ашат. «Президенттик бийликтин үстөмдүгү менен артыкчылыгы - мына ушундай саясий ыйгарым укуктарында. Ырайым берүү институту коррупциялашкан жана саясатташкан сот системасы бар өлкөлөрдө актуалдуу. Демократиялык өлкөлөрдө мыйзамдар гумандуу, соттор адилет. Биздин жагдайда мындай системага каршы тура турган мыйзам ушул. Ырайымды сурап албайт, ал берилет. Ошон үчүн ырайым» дейт Салянова.

Постсоветтик өлкөлөрдө ырайым берүү маселелеси кантип чечилет? Алардын дээрлик баарында ырайым суроо укугу Конституцияда – Баш мыйзамда бекитилген. Андай ыйгарым укук адатта мамлекет башчыда, айрым жерлерде федералдык субъектинин жетекчилеринде бар. Ырайым берүүнүн жол-жобосу ар бир өлкөдө ар башка болушу мүмкүн, бирок эң негизгиси – бул гуманизмдин, айкөлдүктүн актысы деп таанылат. Муну менен катар тигил же бул айыпкердин күнөөсү саясий жүйөдөн улам кечирилген мисалдар да кездешет.

Беларус президенти Александр Лукашенко 2015-жылы бир нече саясий туткунду бошоткон. Алардын арасында оппозиционер, 2010-жылкы шайлоодо Лукашенкого атаандаш болуп чыккан Николай Статкевич эркиндикке чыгарылган. Статкевич 2011-жылдын май айында мурунку жылдагы шайлоо күнү «массалык башаламандык уюштурган» деп алты жылга эркинен ажыратылган. Эл аралык укук коргоо уюмдары аны «саясий туткун» деп таанышкан. Саясатчыга президентке кайрылып ырайым суроо тууралуу бир нече жолу сунуш түшкөнү менен ал баш тартып койгон.

2013-жылдын этегинде Орусиянын президенти Владимир Путин ЮКОС компаниясынын мурдагы башчысы Михаил Ходорковскийге ырайым бериши күтүлбөгөн окуя болгон. Ишкер «көз боёмочулук», «арам акчаны адалдоо» жана башка беренелер боюнча кесилип, ошол убакта жаза мөөнөтүнүн 10 жылын өтөп бүткөн. Ходорковский эч качан күнөөсүн моюнга албай, ишти «саясий өңүттө» деп атап келген. Бошотулгандан кийин ал дароо энеси дарыланып жаткан Германияга учуп кеткен. Андан соң Путинге ырайым сурап кайрылганын бышыктап, аны үй-бүлөдөгү жагдайга байланыштуу жасаганын түшүндүргөн.

Эксперттердин бир тобу Ходорковский Сочи Олимпиадасын утурлап, Батыштын Москвага жасаган кысымынан улам бошотулганын белгилешкен.

2016-жылы украиналык учкуч Надежда Савченко Украинада соттолгон Орусиянын эки жаранына айырбашталган. Анын алдында президент Путин ага ырайым берген. Анда тиешелүү арыз менен Савченко өзү эмес, жабыр тарткан тарап кайрылган.

Ошол эле маалда украиналык режиссер, эл аралык коомчулукта «саясий туткун» деп аталган Олег Сенцовдун энеси былтыр майда Путинден уулуна ырайым сураган. Бирок Кремль арызды «айыпкер жеке өзү жазышы керек» деп, өтүнүчтү четке каккан.

Орусиянын Конституциясында жана Кылмыш-жаза кодексинде мамлекет башчынын ырайым берүү укугу эч кандай шартталган эмес.

Азербайжан конституциясында жана Кылмыш-жаза кодексинде да «ырайым алыш үчүн айыпкер арыз же өтүнүч жазышы керек» деген шарт жок. Бирок 2001-жылы мурдагы президент Гейдар Алиев кол койгон жобого ылайык, андай өтүнүч айыпкер, анын жактоочусу же расмий өкүлү тарабынан берилиши мүмкүн. Белгилүү болгондой, бул өлкөдө тигил же бул саясий туткундун айыбын кечүү тууралуу арыз менен укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрү көп кайрылышат.

Маселен, «Эмнести Интернешнл» укук коргоо уюму «абийир туткундарынын» тизмесине киргизген, «Мусават» партиясынын лидерлеринин бири Тофик Ягублуну азаттыкка чыгаруу тууралуу өтүнүчүн укук коргоочу уюмдар президентке тапшырышкан. Оппозициячы эркиндикке чыккан.

2017-жылы «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон, декабрь айында 60 жашка чыккан Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү тууралуу президентке кайрылуулар бир нече баскыч менен өнүктү.

Текебаев президенттен ырайым сурабайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:50 0:00

Текебаев өзү ырайым суроодон баш тарткан. Себеби, саясатчы өз колу менен арыз жазса, «күнөөсүн мойюнуна алды» дегенди түшүндүрмөк. Жаңы жыл алдындагы басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбеков да айыпталуучу «өзү арыз жазса гана ырайым кылууга укуктуу» экенин айткан.

Бирок ага удаа эле Текебаевге ырайым берүү маселеси кайрадан көтөрүлгөн. Бул ирет экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчыга кайрылган. Анын кайрылуусу Жогорку Кеңештеги алты фракциянын тең лидерлери колдошкон.

Кытайда камалгандар кайда?

Астана Бээжин эки миңден ашуун казак улутундагыларга кытай жарандыгын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетүүгө уруксат бергенин билдирди.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин 9-январдагы билдирүүсүндө айтылгандай, кайрылмандар тарыхый журтуна келгенден кийин казак жарандыгын же туруктуу жашоого уруксат ала алышат.

Ак Ордонун мындай көңүл көтөргөн кабарына удаа эле бейшембиде Алматыда бир топ киши жыйынга чогулду. Ага катышкан коомдук активисттер менен Кытайда туугандары бар адамдар Шинжаңдагы саясий тарбиялоочу лагерлерде мажбурлап кармалган боордошторго колдоо көрсөтүүнү улантууга үндөштү.

Саясий ишмер Расул Жумалы борбор азиялык активисттерге өз ара биригип, кытайлык боордоштордун маселесин байма-бай көтөрүп, талкуулап турууну сунуш кылды. «Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын коомдук ишмерлери Кытайдагы аз улуттардын абалы тууралуу биргелешкен билдирүү менен чыгышы керек деген» оюн ортого салды ал.

Кытай эки миң казакты чыгарат
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:13 0:00

Кытайдын Шинжаң аймагынын бийлиги жүз миңдеген адамды атайын лагерлерге мажбурлап жибергени тууралуу маалыматтар 2016-жылдан бери айтылып жүрөт. Бээжин «окутуп-тарбиялоочу борбор» деп атаган жайларда бир миллиондон ашуун киши отурганын Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) да өз булактарына таянып билдирген.

Бишкекте түзүлгөн «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин эсебинде, жабык жайларда 50 миңдей кыргыз бар.

Ал ортодо «Кытайда кысымга кабылган улуттардын маселеси Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында талкууланыш керек» деген пикирлер да айтыла баштады. Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев Кытайдагы мусулмандардын абалы ШКУнун күн тартибине коюлушу керек деп эсептейт. Ал «Азаттыкка» берген коммментарийинде «кыргыз бийлигинин Кыргызстандын төрагалыгы астында Бишкекте өтө турган ШКУнун кезектеги жыйынынын күн тартибине өнөктөш өлкөлөр менен кеңешип туруп, маселени киргизүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар» деген ойдо.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бул маселе Кытайдын ички иши экенин белгилеп, ШКУнун жайында Бишкекте өтө турган жыйынынын күн тартибине киргизүүгө негиз жок экенин айтты.

«Эгерде кандайдыр бир кылмыш кылса, ар бир мамлекет өзүнүн жаранын улутуна карабастан жазалаганга акылуу. Биздин мамлекетте деле ошондой да. Эгемендик алгандан ушул күнгө чейин Кытайдан келген 268 адам кыргыз жарандыгын алган. Азыр Кытайда бир да кыргыз жараны кармалып, камакка алынган эмес. Биз муну текшерип, териштирдик» - деди президенттик аппараттын бөлүм башчысы. Ал эми кытай жарандыгын алган кыргыздар боюнча «кийлигишүүгө акыбыз жок» деп айтты Данияр Сыдыков.

28-30-декабрга чейин 12 өлкөнүн дипломаттары (Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, Ооганстан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд) Шинжаңдын Үрүмчү, Кашкар жана Хотан аймактарындагы тарбиялоочу лагерлерди көрүп чыгышкан.

Шинжаң: "тарбиялоочу лагердеги" жашоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:50 0:00

Лагерлердеги жашоо-турмушту көргөнү барган Казакстандын Бээжиндеги элчилигинин кызматкери Манарбек Кабазиев Кытай өз жарандарына «жакшы шарт» түзүп бергенин белгиледи. Ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, «кытай өкмөтү, Шинжаң-уйгур автоном районунун бийлиги өз жарандарынын жаңы кесипке ээ болушу үчүн бардык мүмкүнчүлүктү түзүп жатканын белгилегим келет» деп айтты.

Шинжаңга Кыргызстандын Бээжиндеги элчилигинин дипломаты да барганын тышкы иштер мекемеси бышыктады. Бирок Кыргызстандын өкүлү жабык жайларда канча кыргызга жолукканын, алардын абалы кандай экенин айткан жок.

Кыргызстандагы кытайлык кайрылмандар ал жактагы тууган-туушкандарынын дайыны тууралуу өтүнүчтөрүнө бийликтен расмий жооп ала элек.

Кытай бийлиги «окутуп-тарбиялоочу» борборлорду көрсөтүүгө Батыш өлкөлөрүнүн дипломаттары менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн кошкон жок.

«Хьюман Райтс Уотч» уюму дипломаттардын Шинжаңдагы сапарынан кийин билдирүү таратып, кытай бийлиги уюштурган бул иш-чараны «катуу көзөмөл алдында болгон сапар» деп баалады.

Өткөн аптада Кытайдын бийлиги эл аралык журналисттердин чакан тобуна Кашкардагы, Каракаштагы жана Хотандагы лагерлерди көрүп чыгууга уруксат берген. Ал жерде тарбиялангандар журналисттерге бир ооздон «өз ыктыяры» менен келгенин айтып беришкен. Бийлик өкүлдөрү кабарчыларды карыш бастырбай, коштоп жүрүшкөн.

Бишкекте түзүлгөн «Кытайдагы кыргыздарды колдоо» комитетинин мүчөсү Мырзакмат Эркин уулу Кытайдын бийлиги актануу максатында эл аралык коомчулукка атайын даярдалган жайларды эле көрсөттү деп эсептейт. «Дайыны чыкпаган кишилер кайсы жерде экен? Ошолорду көрсөтүшпөйбү!» - деп сурады ал.

Шинжаңга барган «Казинформ» агенттигинин журналистинин жазганына караганда, лагердегилердин бири да арыз-муңу тууралуу ооз ачкан эмес. Алар бир ооздон «экстремизм идеялогиясын жуктуруп алганын», андан арылган соң кытай тилин, мыйзамдарды үйрөнүп үйлөрүнө кайтышарын айтып беришкен.

Казакстандык кабарчы белгилегендей, журналисттер кытай бийлигинин өкүлдөрүнүн гана катышуусунда лагердегилер менен сүйлөшө алышкан. Бирөө-жарым менен ээн-эркин маектешүүгө уруксат берилген эмес.

Казакстандагы «Ата Журттун ыктыярдуу жаштары» уюмунун эсебинде, Кытайда кармалган казак улутундагылардын саны 500-700 миңдин тегерегинде экени айтылат.

АКШ: Дубал боюнча тиреш өкмөттүн ишин тушады

Кошмо Штаттарда үч жумадан бери федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоп, өлкөнүн Мексика менен чек арасында дубал куруу маселеси саясий тирешке жеткирди.

Президент андай дубал мыйзамсыз миграцияга, наркотрафикке жана АКШ менен Мексиканын чек арасында түзүлгөн «гуманитардык кризиске» бөгөт коюуга жардам берет деп эсептейт.

Мексика менен чек арадагы дубалдын курулушу үчүн Трамп Конгресстен алты миллиард долларга жакын акча сураган. Бирок демократтар буга макул болбой, чек араны башка ыкмалар менен бекемдөөгө 1,3 миллиард доллар бөлүүнү сунуш кылышты.

Тажикстан динчил жаштарды көзөмөлдөйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:03 0:00

Шаршембиде Демократиялык партиянын жетекчилери менен жолугууга келген президент Трамп жыйын башталары менен дароо чыгып кетти.

Америкалык лидер бейшембиде Мексика менен чектеш Техас штатынын Маккален шаарына барып, мыйзамсыз миграциянын айынан түзүлгөн абалды «коопсуздук жаатындагы жана гуманитардык кризис» деп атады.

Бул жердеги аскерлер чек аранын дал ушул тилкесинен кеминде 41 мамлекеттин жарандары кармалганын, акыркы бир күндө эле Түштүк Америка өлкөлөрүнөн гана эмес, Индиядан, Пакистандан, Кытайдан, Румыниядан келген 133 адамдын жолу тосулганын кабарлашкан.

Трамп чек арада туруп: «Биз коопсуздукка муктажбыз. Болоттонбу же бетондонбу, бизге дубал керек. Дубал чек арачыларга да керек», - деп айтты.

Трамп андан кийин «Fox News» телеканалындагы маегинде кокус Конгресс менен тил табыша албаса, өзгөчө абал жарыялай турганын да ачыкка чыгарды. «Менде мындай ыйгарым бар. Мыйзам 100% мен тарапта», - деди америкалык лидер ишенимдүү түрдө.

Шайлоо өнөктүгүнүн учурунда Трамп Мексика менен чек арада коюлчу дубалдын курулушун «кошуна өлкө каржылайт» деген. Бирок Мексиканын бийлиги андай сөздү таптакыр четке каккан.

АКШнын Мексика менен чек арасынын жалпы узундугу 3200 чакырымды түзөт жана анын бир топ жери дубал менен тосулган.

Дал ушул маселе боюнча пикир келишпестиктен улам Вашингтондо бюджетти бекитүү кечеңдеп, федералдык өкмөттүн иши жарым-жартылай токтоду. 13-январда АКШнын федералдык өкмөтү жарым-жартылай жабылганына 23 күн болот. Бул америкалыктар атагандай, АКШнын тарыхындагы эң узак «шатдаун». 1995-1996-жылдары Вашинтондогу кризис 21 күнгө созулган эле.

Өкмөттөгү кризистен улам өлкөдөгү 800 миңдей федералдык кызматкер айлык акысыз иштеп же акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгууга мажбур болот.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG