"Азаттык": Сиздин Кыргызстанга кирүүңүзгө тыюу салуу эмнеге байланыштуу болду?
Виталий Пономарёв: Бул менин адам укугун коргоо, экстремизм темаларына арналган конференцияга катышуума байланыштуу болду. Конференцияны «Кылым шамы» уюму менен биргеликте өткөргөнбүз. Жыйында маанилүү темалар көтөрүлүп, Кыргызстандан тышкары Казакстан, Орусия, Крым жана Украинадан келген юристтер, укук коргоочулар жана басылмалардын өкүлдөрү болгон. Мен конференциянын алып баруучусу болгом. Бул иш-чарадан тышкары эч ким менен жолукканым жок, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүм жок, бир гана жыйын менен эле алек болгом. Кыргызстанга киргенде эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Анан Казакстанга чыгып баратканда оюн башталды, менин документтеримди текшерип, бир топко кармап, анан коё беришти. Кийин кайтканымда чек арадан Кыргызстанга киргизишкен жок.
"Азаттык": Жыйында кандай маселелер айтылды эле? Сиз кандай көйгөйлөрдү көтөрүп чыккансыз?
Виталий Пономарёв: Конференцияда адам укуктары, экспертиза жана башка юридикалык аспекттер каралган. Алардын бири - антиэкстремисттик мыйзамдардын функциясы да талкууга алынган. Андан тышкары, айрым көйгөйлүү маселелер каралган. Кыргызстанда Кылмыш кодексинин жаңы үлгүсү кабыл алынган, ал 2019-жылы ишке кирет. Анда экстремисттик деп аныкталган материалдарды сактоо үчүн кылмыш жазасы каралган. Бул кодекс эки жылдан кийин ишке кире турганына карабастан, бул берене боюнча жоопко тартылгандар болуп жатат.
Бул "бир гана Кыргызстанда баары начар" дегендик эмес, бардык КМШ өлкөлөрүндөгү көрүнүш. Муну баарыбыз эле талкууга алганбыз. Мен, негизи, Кыргызстанда өзүм кабылган кырдаалды эч түшүнбөдүм. Бул баякы Курманбек Бакиевдин учурундагыдай атайын кызматтардын аша чаап, түшүнүксүз жасаган иш-аракеттерин эске салат. Мен өлкө жетекчилиги жана атайын кызматтын жетекчилиги бул окуяны кайра карап чыгып, чечимин өзгөртүшөт деп үмүт артам.
"Азаттык": Сизге 2009-жылы Курманбек Бакиев президент болуп турган маалда дагы Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынган. Анда кандай түшүндүрмө берилген?
Виталий Пономарёв: Мурун 5 жылга Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганда, анда деле мага эч ким расмий түшүндүрмө берген эмес. Бирок анда менин баяндамама байланыштуу болгон. Өлкөнүн түштүгүндө адам укуктары бузулганы, соттордогу акыйкатсыздык, кыйноолор жөнүндө материалдар чогултулган. Ал убакта сот чечимдери укуктук өңүттө эмес, саясий көрсөтмөлөр менен чыгарылып келген. Кийин менин докладымдын негизинде комиссия түзүлүп, Бакиев бийликтен кеткенде 20-30 чакты адам сотто кайрадан акталып чыккан.
"Азаттык": Сизге Кыргызстанга кирүүгө бөгөт коюу боюнча расмий органдардан түшүндүрмө алдыңызбы?
Виталий Пономарёв: Жашынмак ойношту. Колума берген кагазда "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзамдын 43-беренеси жана "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамдын 7-беренеси боюнча "Кыргызстанга кирүүгө болбойт" деген гана жазуу бар экен. Бул чечимди кайсы орган кабыл алганы, мөөнөтү жана башка эч кандай маалымат жок. Сураштырсам, ары-бери суйрөшүп, бирок эч бир орган жооп берген жок. Адвокат аркылуу кайрылсам, «ГКНБ тарабынан жашыруун деген кат жөнөтүлүптүр» деген жооптор болуп жатат. Бирок эч ким ачык, расмий түшүндүрмө берген жок. Кыргызстанда мен оппозиция менен жолукканым жок, эч кимге интервью бергеним жок, бир гана кесиптештерим менен жолуктум. Мен Кыргызстанга барып тургум келет. Ал жакта досторум, кесиптештерим көп.
"Азаттык": Сиз башка өлкөлөргө барганда дагы ушундай тоскоолдуктарга учурагансызбы?
Виталий Пономарёв: Мурун 1990-жылдары диктатордук режимдеги Түркмөнстан, Өзбекстанга барганда көйгөйлөр болгон. Акыркы 10 жылдын ичинде Кыргызстанга мурдагы президент К.Бакиевдин маалында өлкөгө кирүүгө тыюу салынган; анан бир жолу Украинанын чек арасында мени токтотушуп, эки күндөн кийин кечирим сурап кайра өткөрүшкөн.
Мен негизи Борбор Азия өлкөлөрүнө көп барам, бирок, Кыргызстанда Өзбекстан менен Түркмөнстанга караганда жарандык коомчулук өнүккөн, адам укуктарын бузуу азыраак, ошондуктан салыштырмалуу Кыргызстанга азыраак каттайм.
Эми болсо Кыргызстандын расмий органдарынын унчукпай отурганы кызыктырат. Баарынан кызык жери, мурдагы президент К.Бакиевдин тушунда «кара тизмеге» алынып, кийин ал кеткенде Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилген адамдарга карата кайрадан ушундай тоскоолдуктар түзүлүп жаткандыгы.
Өлкөнүн коопсуздук кызматында кандайдыр бир топтор күчтөнүп, саясий стабилдүүлүккө жана өлкө коопсуздугуна эч кандай тиешеси жок, түшүнүксүз жүрүмдөр орун алып жаткандай. Өлкө башчысы буга көз салып, бул иш-аракеттерди укуктук деңгээлге чыгарышы керек.