Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:31

Каримовдун өлүмү жаңы мамилеге жол салабы?


Кыргыз-өзбек желеги
Кыргыз-өзбек желеги

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун дүйнө салганы расмий кабарланды. Бир аптага жакын саламаттыгын айланасындагы маалыматтарды ырастабай жаткан өзбек бийликтери Каримовдун каза болгонун 2-сентябрда жарыялашты.

Өзбекстандын мамлекеттик каналынын диктору Каримовдун жүрөгү токтогонун 2-сентябрда, Ташкент убактысы боюнча кечки саат 8:55те окуду.

Диктор андан ары Ислам Каримов 27-августта таңкы 7лер чамасында эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилип, инсультка кабылганы, аны дарылоо үчүн Орусия, Германия, Финляндия, Монакодон дарыгерлер чакыртылганын маалымдады.

Өзбекстандын туңгуч президентинин сөөгү 3-сентябрда өзү туулуп-өскөн Самарканд шаарында жерге берилмей болду. Коштошуу зыйнаты да ушул күнү Самаркандда өткөрүлөт.

Өлкөдө 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин аза күтүү жарыяланды. Элге жана өлкөдөгү мекеме-ишканаларга бир ай ичинде биринчи президенттин элесин түбөлүккө калтыруу үчүн сунуштарды айтуу керектиги эскертилди.

Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбуктагы баракчасына “Ал бизден кетти.. Буга өзүм да ишенбей атам...” деп жазды.

Өзбек телеканалынын кабарлашынча, президентти акыркы сапарга узатуу комиссиясын өлкөнүн премьер-министри Шавкат Мирзиеёв башкарат. Мажлистин спикерлери Нигматулла Юлдашев, Исмаилов, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятов, вице-премьер-министр Рустам Азимов комиссияга мүчө болот.

Каримов ооруканага түшкөнү расмий айтылгандан бери анын абалы тууралуу маалымат өтө аз берилди. Аны айрым медиа каражаттары өтүп кетти деп жазып чыгышкан.

2-сентябрда Түркия, Иран, Грузия лидерлери өзбек элине эрте эле көңүл айтууга үлгүрүштү.

Каримовдун тажыясына Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация катышат. Буга чейин айрым кыргызстандык саясий ишмерлер президент Атамбаевдин өзүн барууга чакырышкан болчу.

Мураскер ким болот?

Өзбекстандын кийинки президенти ким болот деген талкуу Каримов төшөк тарткандан баштап катуу кызыган. Талдоочулардын дээрлик баары бул орунга учурдагы өкмөт башчы Шавкат Мирзиёев келерин айтышууда. Бул жолку эгемендик салтанатын, тажыяны жетектеши ал болжолдорду чындыкка жакындаткансыйт.

Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өкмөттү 13 жылдан бери жетектеген 58 жаштагы Мирзиёев катуулук жагынан Каримовдон калышпаган, маселени көбүнесе күч менен чечкен, мүнөзү орой саясатчы катары сыпатташат.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, президент ишке жарамсыз болуп калганда анын милдетин парламент төрагасы аткарышы керек. Бирок талдоочулар төрага Нигматулла Юлдашевде саясий салмак да, колдоо жана амбиция жок дешет.

Каримов жана кыргыз саясатчылары

Өлкөнү чейрек кылымдан ашык темир чеңгелде кармап, “диктатор президент” атыккан Ислам Каримовдун өлүмү бүткүл Борбор Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстанда талкууларды жаратты.

Каримов менен бир нече жолугуп, жеке тааныш болгон “Легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов маркум өзбек президенти Борбор Азиядагы күчтүү жана таасирлүү лидерлердин бири болгонун белгилейт.

Шеримкуловдун айтымында, Өзбекстандын акыркы эгемен тарыхындагы жетишкендиги да, кемчилиги да Каримовдун ишмердиги менен байланыштуу:

Медеткан Шеримкулов
Медеткан Шеримкулов

- Өзбекстандын кийинки жыйырма беш жыл ичинде жеткен ийгилиги да, бардык кемчилиги да Каримовдун аты менен тыгыз байланыштуу. Ал өзүнүн иш билгилиги менен мамлекетти башкаруу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн кесипкөй жетекчи катары Өзбекстандын көз карандысыздыгын, суверенитетин абдан так жана бекем коргой алды. Ал эми Кыргызстан менен мамилеге келгенде Каримов биздин мамлекеттин атына, элибиздин атына эч убакытта туура эмес, жаман сөздөрдү айткан жок.

Медеткан Шеримкулов айрыкча Кыргызстандагы 1990-жылдагы жана 2010-жылдагы улут аралык кагылышуунун тез арада басылышында Каримовдун салымы жогору болгонун белгилейт:

- Окуялар учурунда Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны бекитип, ал жактан Кыргызстандан өтөбүз деген экстремисттик күчтөргө эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Мындай жол менен эки өлкө ортосундагы тынчтыкты сактап калды. Мен бул үчүн ыраазычылыгымды өзүнө жолукканда да айткан элем.

Ошол эле учурда өз өлкөсүндө авторитардык режимди түзгөн Каримовду Борбор Азиянын башка мамлекеттерине терс үлгү көрсөткөн баалагандар да бар. Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, диктатордук башкаруу ыкмасы менен Каримов аймактагы башка өлкөлөргө үстөмдүк кылуу аракетин жасады дейт:

Турсунбек Акун
Турсунбек Акун

- Ислам Каримов адам укуктары жаатында абдан начар иштерге барды. Көзү өткөн адамды жамандабайт, бирок мен айтууга мажбурмун: канчалаган түрмөлөрдө миңдеген адамдар жатат. Биздин алган маалыматтар боюнча, бул өлкөдө жети миңден ашык түрмөдө кармалууда. Алар аябай кыйноого алынат. Айрыкча саясий туткундардын абалы оор десек болот. Бул жаатта Каримовдун бизге абдан жаман сабактарды көрсөттү.

Чындыгында эле Ислам Каримов Өзбекстанды башкарып турганда өлкө жабык өлкөгө айланып, жарандарынын коңшу өлкөлөргө ээн-эркин чыгышына чектөөлөрдү киргизген. Өлкөлөр ортосундагы чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, аба каттамдар токтотулган.

Бекем тартипти орнотуу шылтоосу менен түзүлгөн авторитардык режимдин таасири Кыргызстандагы өзбек тектүү жарандарга да тийгенин Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков да айтууда:

Анвар Артыков
Анвар Артыков

- Бул киши абдан жабык мамлекет куруп, изоляциялык саясат жүргүздү. Анын кесепети жөнөкөй жарандарга тийди. Ал жакта жашаган тууган-уруктар арасында өлүм-житимге да, аябай чоң бюрократия менен телеграмма жиберип, аны тастыктап отуруп, араң барып калышты. Карым-катнашка бөгөт коюп койду. Муну Өзбекстандын жарандары деле жактырбасын билем. Аны ачык айта албайт. Менин дагы жактырбаганым - экономикалык саясаты. Баарын тосуп-жаап салып, ишкерлерге карым-катнаш кылганга эркиндик берген жок.

Артыков белгилегендей, Ташкенттин “жабык экономикалык саясатынан" улам географиялык жактан жанаша жайгашкан эки өлкө ортосундагы соода алакалары абдан солгундап кеткен.

Кыргызстандын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 15 пайызга төмөндөп, былтыр 156 миллион доллар түзгөн. Бул Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүнүн 2,7 пайыздык үлүшүн ээлейт.

Бирок эки өлкө ортосундагы эң оор маселе чек арага байланышкан. Чек ара такталбагынан улаам чатактар орун алып келген. Акыркы күндөрү талаштуу Үңкүр-Тоо маселеси боюнча кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал кайрадан чыңалып турат.

Бул жаатта Каримов менен сүйлөшүүдөн майнап чыкпай турганын учурдагы кыргыз бийликтери айткан жайы бар. Эми Ислам Каримовдон соң жалпы Борбор Азияда, анын ичинде кыргыз-өзбек алакасында кандай өзгөрүү болушу мүмкүн деген суроо коюлууда.

Бул киши абдан жабык мамлекет куруп, изоляциялык саясат жүргүздү. Анын кесепети жөнөкөй жарандарга тийди.
Анвар Артыков

Мурдагы тышкы иштер министри, учурдагы депутат Руслан Казакбаевдин баамында,бул маселелер мындан соң бийликке ким келгенге байланыштуу:

- Кандай болуп өзгөрөрүн бир тараптуу айтуу кыйын. Эки өлкө ортосунда азыр Үңкүр-Тоо эле эмес, чек арага байланышкан маселелер көп. Бул жаатта эки өлкө ортосунда комиссиялар түзүлгөн. Мына ушул комиссиянын ишин тездетиш керек. Ал эми өзбек калкы кимди тандайт жана ал кандай багытты, стратегияны тандайт, мына ушуга көп нерсе көз каранды.

Бирок Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаевдин айтымында, Ислам Каримовдон кийин деле чек ара маселеси боюнча кескин өзгөрүү күтүү кыйын:

- Менин пикиримде, өзгөрүү деле болбойт. Алар буга чейин тактап алган саясатын улантып, иштеп жатышат. Эми мында бир тараптуу Ислам Каримовду күнөөлөө туура эмес. Бул жаатта биздин да күнөөбүз бар.

Ислам Каримовдун саламаттыгы начарлаганы тууралуу маалымат 30-августта тараган. Андан бери бир жумага жакын анын тагдыры белгисиз болуп турду.

78 жашында каза тапкан Каримов Борбор Азия өлкөлөрүнөн коммунисттик доордон бери алмашпай келаткан эки лидердин бири болчу.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, 2015-2020-жылдары "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. ​Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG