“Азаттыктын” өзбек редакциясы тестирлөө кандай өткөнү жөнүндө өзүнүн угармандарынан телефон, скайп жана уотс-апп аркылуу маалымат алып турушту.
Кесиптештерибиздин айтымында, чалгандардын көбү аты-жөнүн айтпоону суранышкан. Ташкендеги Мамлекеттик агрардык окуу жайына тапшырып жаткан абитуриенттердин бири айрым студенттер тест учурунда “ичим ооруду” деп сыртка чыгып, ал жакта даяр турган адамдардан толтурулган тестти алып кирип жатышканын көргөнүн, мунун баары алдын ала окутуучу менен макулдашылып ишке ашырылаарын” айткан.
Ташкендеги педагогикалык университетке жээнин алып келген журналист биздин радиого сүйлөп жатып, тест тапшыруу маалында өздөрү буга чейин уккан көз бойомочулуктардын көбү колдонулганына күбө болгонун айтты.
"Сыртта дарактын түбүндө көлөкөдө отуруп алышкан. Айланасы бүт шпаргалка, колунда телефон. Улам телефондон айтылган суроого жооп берип, билбесе, кагаздан карап айтып жатат. Мен беш мүнөттөй күзөтүп турдум. Мунусун белгиле, тигинисин белгиле деп айтып турат", - деди атын атагысы келбеген журналист.
Коррупцияны алдын алуу чаралары
Өзбекстанда тестирлөө өткөрүлгөн 1-август күнү бүт мобилдик байланыш операторлору чөнтөк телефон аркылуу SMS, MMS алмашуу кызматын эртең менен 8:30дан 13:30га чейин өчүрүп коюшкан. Алдын ала расмий кабарланган чара абитуриенттер шпаргалка колдоно албашы үчүн киргизилген болчу.
Ташкенде Айыл чарба институтуна тапшырып жаткан абитуриенттердин биринин айтымында, бул жолку тестирлөөдө башка бир адам үчүн толтурмай, адамдардын тобу үчүн толтурган “паровоз” жана даяр жоптору бар тестти толтуруу менен байланышкан “Х вариант” деген ыкмалар кеңири эле колдонулду.
"Мен институттун жанына барсам, “Х вариант” сатылып жатыптыр деп шеригим айтып калды. Ага төлөйсүң да. Бирок чынында анын жооптору чыныгы тексттин жообуна туура келбеди, жалган жооптор окшойт", - дейт абитуриенттердин бири.
Ташкенде абитуриенттерди университетке даярдаган репетиторлордун биринин айтымында, “Х вариант” деп мамлекеттик тестирлөө борбору тест тапшырууга бир күн калганда кечинде суроолорго чыгарган жообун айтышат. Мурдараак анын биринчи жообун жашыруун жолдор менен тааныштар аркылуу сатып алуу 10 миң долларга чейин барчу. Андан ары аны ар кимге 1-2 миң доллардан жашыруун сатышат. Бирок быйыл эмнегедир тесттин чыныгы жообу сатылбады дешет.
"Паровоз" вагондорун түртө албай калды
Бул эле эмес, жаш окутуучу же мыкты даярданган кишилер беш-алты абитуриенттин тестин толтуруп берген “паровоз” системасы да быйыл жакшы иштебеди дейт дагы бир угарманыбыз. Ал өзү да университетке балдарды өз алдынча даярдаган репетиторлордон экен.
"Экзамендер жакшы болду деп ойлоп жатабыз. Буюрса, балдар эми окууга өтүшөт. Аларга кошумча жардам эле “паровоз” системасын колдонгонубуз болду, - деп бул киши эмне жөнүндө айтып жатканын түшүндүрө баштады. - Бул дегени бир адам (ал өзү бул тармакты мыкты билген, алдын ала тесттерге даярданган адам болот) абитуриент катары эле залга кирет да, өзүнүнүн тобундагы беш-алты баланын тестин толтуруп бериши керек. Ошонусуна акча алат. Бирок бул ирет тестте берилген суроолорго алдын ала жооп алыш кыйын болгондуктан жана тексттеги суроолор өздөрү да татаал түзүлгөндүктөн "паровоз" бир эле адамдын тестин толтурганга үлгүрүп жатты. Негизи, бул система быйыл өзүн актабады".
Быйыл Өзбекстандын жогорку окуу жайларындагы 56 722 орун үчүн 480 405 абитуриент күрөшүүдө.
Бетме-бет сүйлөшмөй жок
1-август өзбекстандык эле эмес, түркмөнстандык абитуриенттер үчүн да маанилүү күн болду. Анткени дал ушул күндөн тарта дээрлик бир ай бою – 24-августка чейин - алар өлкөдөгү 22 жогорку окуу жайына тапшыра алышат.
Түркмөнстанда жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлбөйт. Абитуриенттер өздөрү тандаган кесиптер боюнча окуу жайлардын бирине документтерин тапшырып, экзамендерге катышат.
“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Мердан Түркмөнстанда окууга тапшыруу өнөктүгүнүн быйылкы өзгөчөлүктөрүнө токтолуп жатып, коррупцияга каршы аракет катары бийликтер көргөн чаралар жөнүндө айтып берди.
"Азыр бизге жериндеги кабарчыбыздан түшкөн маалыматка караганда, университеттердеги экзамен жайларына камералар орнотулуптур. Экзамендер тапшырылып жаткан мезгилде ага тикелей тиешеси жок окутуучуларга университетке кирүүгө тыюу салыныптыр. Ал эми экзамендердин баары жазуу түрүндө гана жүргүзүлгөндүктөн, аларды өткөрүп жаткан окутуучулар абитуриенттер менен эч бетме-бет сүйлөшө албай тургандай талаптар коюлуптур", - деди “Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчысы Мердан.
Быйыл Түркмөнстанда дээрлик 100 миң окуучу мектепти аяктады. Алардын ичинен 27 426 адам билимин жогорку окуу жайларда улантууга аракет кылууда. Акыр аягында алардын ичине 6100 киши студент катары кабыл алынышы керек.