Өзбекстандын Анжиян шаарында 2005-жылы жүздөгөн адам мерт болгон кыргынгдан бери быйыл 13-майда 13 жыл толду. Буга байланыштуу укук коргоочулар курмандыктарды эскерип, окуяны иликтөө зарыл экенин билдиришти.
"Эл аралык мунапыс" уюмунун аткаруучу директору Маргарет Хуандын атынан АКШнын президенти Дональд Трампка жөнөтүлгөн кайрылууда “Өзбекстанды адам укугу чөйрөсүндөгү реформаларга шыктандырыш үчүн абдан ыңгайлуу шарт түзүлүп турганы" айтылат. Уюм Өзбекстанда бул багытта көп реформаларды жүргүзүү көптөн бери келе жаткан зарылчылык экенин белгилеген.
2016-жылы Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин бийликке келген Шавкат Мирзиёев репрессиялык жана өлкөнү изоляцияга алып барган башкаруудан кайткандай таасир калтырган саясий жана экономикалык реформаларды сунуш кылууда.
Ал атайын кызматты, прокуратураны реформалаган. Бирок Маргарет Хуан Мирзиёев укук коргоочулардын, журналисттердин, абактан чыккандардын укуктарын камсыз кылуу, кыйноону токтотуу, динчилдердин, жыныстык азчылыктардын укуктарын коргоо жаатында мындан да көп нерсени кылышы керек экенин белгилеген.
Шавкат Мирзиёев 15-17-майда Дональд Трамптын чакыруусу менен АКШга расмий сапар менен баратат. Анда президенттер Америка Кошмо Штаттары менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты, соода, инвестиция, аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды талкуулай турганы айтылган.
Мирзиёев Вашингтонго барган кезде Конгрессте, Коргоо министрлигинде, Мамлекеттик департаментте жана Дүйнөлүк банкта эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Жолугушуунун алкагында Мирзиёев менен Трамп "Өзбекстан жана Америка Кошмо Штаттары: стратегиялык кызматташтыктын жаңы доорунун башталышы" деген президенттердин биргелешкен билдирүүсүн кабыл алышы жана эки тараптуу кызматташтыкка байланыштуу бир катар документтерге кол коюшу күтүлүп жатат.
Президент Шавкат Мирзиёев буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп менен 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барган учурда кыска убакытка жолуккан.
Анжиян окуясына 13 жыл
Ал арада Өзбекстандагы укук коргоочулар тобу 13-майда 2005-жылы Анжиян шаарындагы жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган кыргындын курмандыктарын эскеришти. Укук коргоочу Сурат Икрамовдун айтымында, бул окуянын табышмактуу жактары дагы эле ачыла элек:
- Адамдар туугандары кайда экенин, кантип көмүлгөнүн ушул күнгө чейин биле албай жүрүшөт. Ички иштер министрлигине, прокуратурага кайрылышкан. Бирок эч кандай жооп болгон эмес. Окуянын курмандыктары атылып, өлтүрүлгөндөн кийин башка жакка алынып кеткен. Алар кайда көмүлгөнү эмгиче белгисиз.
Укук коргоочулардын ациясы Ташкенттеги “Эрдик” эстелигинин жанында өттү. Бул эстелик 1966-жылдагы зилзала курмандыктарына арналып тургузулган. Каримовдун тушунда Анжиян окуясын ачык эскерүүгө уруксат берилген эмес. Укук коргоочу Азимбай Атаниязов 13 жыл мурдагы кыргындын күнөөкөрлөрү жазаланууга тийиш экенин айтты:
- Анжиян окуясы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылмайынча, бардык күнөө биздин мойнубузда болот...
Өзбекстанда 2005-жылдагы Анжиян окуясында бийлик аткан октон жүздөгөн жарандар курман болгон. Активисттер бул окуяны улуттук трагедия деп эсептешет. Аягы 13-майда кыргын менен аяктаган окуянын башталышы жергиликтүү жашоочулардын тынч демонстрациясына барып такалат.
Демонстрация учурунда аймактагы экономикалык жана социалдык абалдын начардыгы тууралуу нааразы пикирлер айтылган. Андагы кагылыштарда, өкмөттүн эсебинде баары болуп 187 адам өлгөн, алардын жарымы террорчулар деп эсептелген. Бирок укук коргоочулар менен өкмөттү сындагандар өлгөндөрдүн саны 700 адамдын тегерегинде экенин айтып, алардын басымдуу бөлүгү карапайым тургундар болгон деген пикирде.
Шавкат Мирзиёев 2016-жылдын сентябрында президенттин милдетин аткара баштагандан көп өтпөй, Өзбекстанда пикет же митинг уюштургандарга каршы курал, анын ичинде газ жана башка каражаттарды колдонууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган.