Өзбекстанда көп аялдуулукка көмөктөшүп, жашыруун нике кыйган имамдарды кылмыш жообуна тарта турган мыйзам долбоору иштелип жатат. Өлкөдөгү көп аялдуулук кырдаалы жана анын кесепеттери жөнүндө имамдардын жыйынында президент Шавкат Мирзиёев өзү айтып чыккан.
- ЗАГСтан өтпөй туруп, акча төлөп нике кыйгандар, аялынын үстүнө аял алгандар, тилекке каршы, бар. Акыркы кездери бул "илдет" күчөп кетти. Кайдан пайда болгонун билбейм. Ташкент шаары бул жагынан биринчи орунда. Кайненелер келинге өчөшүп уулун экинчи жолу үйлөнтүп жатышат. Келин байкуш жалгыз, курсагындагы баласы менен четте кала берет. Нике кыйган молдо эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт.
Президент Ш.Мирзиёев көп никеге себепкер болгон молдолорду кылмыш жообуна тартуу керектигин белгилеген.
- Мыйзамдуу документи жок ата-энеден төрөлгөн балдардын тагдыры эмне болот? Мындай бала документ албайт, бала бакча, мектепке киргенде түйшүккө кабылат. Эң жаманы, бул жагдай балага моралдык жактан сокку уруп, ал коомдон бөлүнүп калат. Урматтуу имамдар, сиздер мыйзамдуу нике кагазы жокторго нике кыйып жатып, анын кесепети коомго кандай таасир этерин билесиздерби? Бул илдетти жоюу үчүн мыйзам жазылып жатат. Аны аткарбаган молдо, диний илими ашып-ташып жатса да жазаланат.
Өзбекстанда көп никеге мыйзам чегинде тыюу салынган. Көп аял алгандарга үч жылга чейин эркинен ажыратуу жана минималдык эмгек акынын эсебинен 150 эсеге чейинки айып пул төлөө жазасы каралган. Ал эми расмий никелүү эркекке ал ажыраша электе кошумча баш байлаган аялдарга жаза каралган эмес.
Өзбекстанда көп аялдуулук (полигамия) үчүн 2010-жылы Гүлистан шаарынын ички иштер бөлүмүнүн башчысы Рахим Худойбердиев кызмат ордунан алынгандыгы, ал эми 2012-жылы Сурхандарыя облусунун билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Якуб Нормуродов соттолгону маалымдалган.
Ташкент шаарында жашаган укук коргоочу Умида Ахмедова кыз-келиндердин көйгөйүнө арналган даректүү фильмдердин автору. Ал миграциялык агымдан улам Өзбекстанда көп никеге туруу кадыресе көрүнүш болуп калганын айтууда:
- Көп аял алууга миграция түртүп жатат. Азыр чет жакта бир аял, ата мекенде бир аял деген кадимки көрүнүш болуп калды. Бул бир гана Өзбекстанда эмес. Коңшу өлкөлөрдө деле болуп жатат. Экинчи же үчүнчү аял болууга кыз-келиндерди жумушсуздук, билимдин жоктугу, туруксуздук түртүп жатат. Бирок мен каттоосуз никеге жана көп аял алгандарга каршы мыйзам кабыл алынса эле баары токтоп калат деп ишенбейм. Коомдогу менталдык, социалдык, экономикалык көйгөйлөрдөн улам ушундай нерселер чыгып жатат. Бизде көп аял алууга каршы мыйзам бар. Бирок ал боюнча бир да жаран жоопко тартылганын уккан эмесмин. Эң башкы көйгөй, Өзбекстанда 15 жыл ичинде адам укугу, укук коргоочулар институту толук талкаланган. Бизде аялдар укугу, гендердик программалар, мамлекеттик эмес деген уюмдар дээрлик жокко эсе.
Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда Өзбекстандын 1,5 миллион жараны эмгектенет, бирок алардын бейрасмий саны 3 миллионго жетээри жоромол кылынат. Былтыр алар мекенине дээрлик 2,7 миллиард доллар которушкан.
Орусиянын Борбор Азия боюнча адиси, этнограф Сергей Абашин мигранттар арасындагы көп аялдуулуктун өлчөмүн аныктоого дээрлик мүмкүн эместигин белгилейт:
- Бул - аргасыз нерсе. Адамдар өз үй-бүлөсүн айлап-жылдап көрбөй келишет. Айрымдары Орусияда убактылуу түгөй таап, анан туруктуу үй-бүлө катары жашап калышат. Мындай кырдаалга келгиндердин 0,1 пайызы гана кабылып жатат десек, анда бул 2 миңге чейинки кишини түзөт. Акыркы жылдары мындай окуялар он миңдеп саналса керек.
Айтмакчы, коңшу Кыргызстанда дагы көп аялдуулукка мыйзам чегинде тыюу салынган. Бишкектеги «Прецедент» юридикалык ишканасынын үй-бүлөлүк маселелер боюнча юристи Жибек Кенжебекова кыргыз коомунда молдо гана кыйган кошумча нике үчүн жазаланган эркектер жок экендигин белгиледи.
- Кыргызстандын Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодекстери боюнча, эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эркекке эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок менин жана кесиптештеримдин практикасында, бул мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопко тарткан иштер катталган эмес. Ал эми тилекке каршы, диний нике менен үйлөнүп, бирок, үй-бүлөлүк мамилелерин расмий мыйзамдаштырбагандар көп. Мындай кошумча жубайлар ("токолдор") мыйзам алдында эч кандай укукка ээ эмес. Кийин балдарга же бири-бирине мурас калтырууда, ажырашкан чакта бирге жыйналган мал-мүлктү бөлүштүрүүдө же балдарга алимент төлөөдө мындай жубайларга бир топ кыйынчылыктар жаралат. Көпчүлүк учурда расмий нике түзбөй жашоодон (токол) аял жабыркайт.
Былтыр күзүндө Кыргызстанда турмуш курууга жашы жетпегендерге нике кыюуга тыюу салган мыйзам кабыл алынган.
Бул мыйзам долбоорун сунуштаган депутат Аида Салянова Жогорку Кеңеште айрым үрөй учурта турган фактыларды да ачыктаган:
- 20 жаштан кийин төрөгөн келиндердин өлүмүнүн саны менен 18 жашка чейинкилердикин салыштырдык. 18 жашка чыга элек келиндердин өлүмүнүн саны 30 пайызга жогору экенин көрдүк. Жаш курагы жетиле электе турмушка чыккан кыздардан төрөлгөн балдар дагы алсыз, араңжан болору катталган. Ушуга окшогон көп көйгөйлөр бар. Статистика боюнча Кыргызстанда азыр 18 жашка чейин турмушка чыккан кыздардын саны 160 миңди түзөт. Анын ичинен алты миңи 15 жашка чейинки секелектер. Бул эмне деген көрсөткүч! Булар эми кенедей эле кыздар да. Эне сүтү оозунан кете элек секелек кыздар да. Анан ошолор турмушка чыгып, кантип бала төрөйт?
Кыргызстан парламенти кабыл алган жана президент А.Атамбаев 2016-жылы 18-ноябрда кол койгон бул мыйзам боюнча жашы жете электердин никесин диний жөрөлгө менен кыюуга жол берген тараптарды (анын ичинде нике кыйган молдолорду) үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыраткан жаза чарасы каралган.
Борбордук Азиядагы бул эки өлкөдө тең бийлигине жана байлыгына таянып, мындай "жакшы мыйзамдарга" тоготпостук менен мамиле кылган мусулман эркектер болгон жана бар. Алардын бири - мурдагы президент К.Бакиев 2010-жылы апрелде Минск шаарына экинчи жубайы жана андан төрөлгөн балдары менен качканы маалым.
Укук коргоочулардын айтымында, көп аялдуулукка каршы жакшы мыйзамды аткаруу үчүн бийлик гана эмес, атуулдук коомдун өзү да жигердүү күрөшкө бел байлоого тийиш.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.