Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Өзбек активисттерин күчтөп дарылашууда


Елена Уралева 2005-жылдагы Анжиян калабасын эскерген акция да уюштурган.
Елена Уралева 2005-жылдагы Анжиян калабасын эскерген акция да уюштурган.

Өзбекстанда элди мажбурлап эмгекке тартууга каршы чыгып жүргөн укук коргоочу Елена Урлаева эки жарым айдан бери психикалык оорулуулар бейтапканасында зордук менен дарыланууда.

Саламаттыгы жайында экендигин далилдеген эл аралык экспертиза жыйынтыгы да аны эркиндикке чыгуусуна жардам бербей жатат. Елена Урлаева укук коргоочулук жаатындагы эмгеги үчүн ыйгарылган сыйлыкты алууга 12-майда АКШга бармак. Бирок виза даярдап жүргөн кезде аны мажбурлап ооруканага жаткырышкан.

1-март күнү Эмгекчилердин укуктары боюнча эл аралык форум мажбурлап эмгекке тартууга каршы ишмердиги үчүн атайын сыйлыкка татыктуу деп табылган бир катар укук коргоочулардын тизмесин жарыялаган. Арасында өзбекстандык Елена Урлаева да бар болчу. Бирок 7-мартта аны зордоп, психикалык оорулуулар дарыланчу бейтапканага жаткырышкан. Бул тууралуу эркин журналист жана укук коргоочу Малохат Эшанкулова төмөнкүчө пикир билдирди:

- Елена Урлаеваны АКШга жөнөтпөө, сыйлык алуусуна жол бербөө максатында ооруканага жаткырышты. Андан бери бейтапканадан чыгарбай, дарылануу мөөнөтүн эч кандай негизсиз созуп келатышат.

Малохат Эшонкулова
Малохат Эшонкулова

Малохат Эшанкулованын айтуусунда, Елена Урлаева 2-май күнү ооруканадан чыгышы керек эле. Бирок медициналык комиссия анын дарылануу мөөнөтүн узарткан. Укук коргоочуларга сыйлык тапшыруу аземи 12-майда Вашингтондо өтмөк.

- Урлаеванын бейтапканада жатышы анын психикалык абалына байланыштуу эмес деп ойлойм. Себеби, Өзбекстанда укук коргоочуларды камоо, аларга куру доомат артуу же психикалык бейтапканаларга зордоп жаткыруу тажрыйбасы адатка айланган, - дейт Эшанкулова.

Өзбекстанда укук коргоочуларга каршы мындай ыкма колдонуу жаңылык эмес. Былтыр март айында өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевди сотко бергени үчүн кысымга кабылган укук коргоочу Алыкул Сарымсаков да бир ай бою Жизак облусундагы психикалык бейтаптар ооруканасында мажбурлап дарыланган.

Өзбекстан президентине жазган 2500 даттануусу бир канча жылдан бери каралбай жатканы жөнүндө 28 беттен турган арызды БУУ баш катчысына берүүгө аракеттенген укук коргоочу Шухрат Рустамовго да “психикалык саламаттыгы начар” деген диагноз чыгарышкан. Ал былтыр 12-июнда Ташкентке келген БУУ баш катчысы Пан Ги Мунга арыз тапшырууга аракет кылып, АКШ элчилигинен жардам сураган болчу.

- Мага каршы медициналык диагноз президенттик аппарат кызматкери тарабынан уюштурулган. Мамлекет башчыга жазган 2500 арызым бар. Каралбай турат. Ошол даттанууларымдын негизинде жазылган арызды Пан Ги Мун Ташкентке келерден бир мурда АКШ элчилигине тапшыргам, - дейт Шухрат Рустамов.

АКШ Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктарына байланышкан баяндамаларында да Өзбекстанда өзгөчө пикири бар адамдарды бейтапканага зордоп жаткыруу ыкмасы расмийлер тарабынан колдонулуп келатканы айтылат.

Елена Урлаева “Азаттык” радиосуна берген маектеринин биринде буга чейин да бир канча жыл аны “саламаттыгы жайында эмес” деп ооруканага жаткырышканын билдирген болчу.

Елена Урлаева негизинен жарандарды мажбурлап пахта талаасында иштетүүгө каршы ишмердик жүргүзөт
Елена Урлаева негизинен жарандарды мажбурлап пахта талаасында иштетүүгө каршы ишмердик жүргүзөт

- Мен Өзбекстанда активисттерди жазалоо максатында “психиатрия ыкмасы” колдонуларын айтып өтүүнү туура деп билем. Мисалы, мени бир канча жыл психикалык саламаттыгы начар кишилердин ооруканасында сактап келишти. Мага каршы акылдан аздырчу дарыларды колдонушту. Мажбурлап дарылашты. Эми сот аркылуу “рухий саламаттыгы начар” деген чечим чыгарып, укуктарымды тепселеп атышат. Мен эл аралык уюмдардын жардамы менен Москвада психикалык экспертизадан өткөм. Анын жыйынтыгы менин саламаттыгым жайында экенин бышыктайт. Бирок бул эл аралык экспертиза Өзбекстанда таанылбайт.

“Альянс” деп аталган укук коргоо уюмунун башчысы Елена Урлаева Өзбекстандагы пахта талааларында жарандар мажбурлоо жолу менен эмгектенип жатканы боюнча мониторинг жүргүзүп келген. Ишмердигине байланыштуу Түштүк Кореянын Tji Hak Soon фонду ыйгарган сыйлыкка татыктуу деп табылган. Бирок аны алуу үчүн Урлаевага мамлекеттен чыгуу визасы берилген эмес.

XS
SM
MD
LG