Өзбек өкмөтүндө бийликке каяша сүйлөгөн же сындаган маданият өкүлдөрүн наамдан ажыратып, чыгармачылыгына чектөө коюу көнүмүшкө айланган.
Белгилүү ырчы жана композитор, 43 жаштагы Абдулазиз Карим 1990-жылдардын аягында “Курман болом” деген ыры менен кеңири журтка таанылган. Кийинчерээк анын чыгармачылыгына тыюу салынган кезде “Курман боломду айтып, өзүмдү сахнада курман кылдым” деп сүйлөгөн жайы бар.
Ушул жума башында Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзиёев министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөп жатып, Абдулазиз Каримди “мекен саткыны” деп атады жана ал бардык сыйлыктардан, 2003-жылы алган “Эмгек сиңирген артист” наамынан да ажыратылганын билдирди.
Быйыл март айында Абдулазиз Каримге Түркия жарандыгы берилген эле. Премьер-министр ырчынын наамдан ажыратылышына ушуну себеп кылып көрсөткөн. Бирок атын атоону каалабаган айрым өзбек аткаминерлери өкмөттүн бул кадамына башка негиз бар экенин айтып жатышат. Атап айтканда, Абдулазиз Карим оппозиционер Мухаммед Салихтин ырларына күү жазып, ырдап чыкканы бийликтин жинин келтирген.
Негизинен философиялык ырларды аткарып, адамдын өзүн таанып-билүүсүнө арналган темаларда чыгарма жараткан Абдулазиз Карим айрым ачык пикирлери үчүн 2010-жылдан бери өкмөттүн "кара тизмесине" түшкөн. Анын чыгармачылыгына тыюу салынгандан кийин, 2011-жылы Казакстанга чыгып кеткен. Андан ары Түркияга барып, ошол жакта чыгармачылыгын уланткан. Стамбулда жүрүп, өзбек бийлигинин алдыңкы оппозиционери Мухаммед Салих жазган алты ырга обон жараткан жана ырдаган. Быйыл март айында түрк бийлиги ага жарандык берип, премьер-министр Ахмет Давутоглу жеке өзү Абдулазиз Каримди куттуктаган.
Наамдардан ажыратуу тууралуу кабардан соң биз Абдулазиз менен байланышып, пикирин билүүгө кызыктык. Бирок ал Өзбекстандагы туугандарынын коопсуздугуна байланыштуу бул темада сүйлөй албасын айтып, кечирим сурады.
Прагадан туруп Өзбекстандагы маданият багытын чагылдырып жүргөн журналист Абдулла Искандар муну төмөнкүчө жоромолдойт:
- Абдулазиз Каримге Түркия жарандыгы берилген соң премьер-министр Ахмет Давутоглу ага кат жазып, жекече куттуктап жатпайбы. Бул албетте, Шавкат Мирзиёевдин жинин келтирди. “Эмне үчүн өзбек өкмөтү жектеген ырчыны түрк бийлиги колдойт?” деген көралбастык аны ушундай кадамга түрткөн болушу ыктымал. Өзбекстандан буга чейин да көп артисттер чыгып кеткен. Арасында Мухабат Шамаева, Иляс Малаев сыяктуу атактуулар да бар. АКШнын, Израилдин, Германиянын жарандыгын алган маданият ишмерлери көп. Бирок алардын Өзбекстанда алган наамдарына өзбек өкмөтү тийишкен жок. Абдулазиз Каримди түрк өкмөтү алкаганы буларга жакпай калгандай.
Маалыматтарга караганда, бул окуядан соң өзбек өкмөтү Түркияга барып-келип жүргөн ырчыларга көзөмөлдү жана талапты күчөттү. Эми Стамбул же башка түрк шаарына концерт коюп барчулар күч органдарынан уруксат кагазын алууга тийиш.
Түркияда бир топ өзбек ырчылары ишмердик кылат. Арасында Өзбекстандын мамлекеттик телерадиолорунда ырдай албай, чоң сарайларда концерт коё албай жүргөн Юлдуз Усманова да бар.
Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёевди айрымдар “артисттердин көзөмөлчүсү” деп да коюшат. Анын көңүлүнө жакпай калган ырчы он жылдап сахнага чыга албай убара чегет. Эл арасында белгилүү, сүйүктүү саналган Озода Нурсаидова да анын “жеке душманына” айланып, 2000-жылдардын башынан бери эркин чыгармачылык менен алектене албай келүүдө. Аталган ырчы былтыр Твиттерде өкмөт башчы газ түтүгүн оңдоо шылтоосу менен анын жеке үйүн да бузууга аракет жасаганын жазган жана Мирзиёевдин басымы алкымына жеткенин билдирген.
2010-жылы Эгемендик майрамына даярдык учурунда “Хужа” тобунун солисти Иззат Ибрагимов келбей калып, өкмөт башчы аны да “Эмгек сиңирген артист” наамынан ажыраткан. Кийинчерээк ырчы ортого киши салып жүрүп, наамын кайтарганы айтылган.
Абдулла Искандар өз миссиясынан тышкары, артисттердин жүрүм-турумуна аралаша берген өкмөт башчынын мындай жоруктарын кесипкөйлүктүн эң төмөн баскычы деп сыпаттайт:
- Премьер-министрдин башка иши жокпу? Макул, Өзбекстанда бардык тармактар укмуш өнүгүп, бир гана ырчылык кесипте кемчиликтер болсо, аны түшүнмөкпүз. Бул өлкөдө толгон-токой маселе бар эмеспи. Ырчылардын кийимине, жүрүм-турумуна асылбай, ошолорду оңдобойбу. Маданият эркиндикти сүйөт. Эркиндик кысыла берсе, гүлдөп турган маданият да соолуп, жок болот. Башка ишти эптей албаган аткаминер ырчынын жүрүм-турумуна аралашат, киночунун ишине аралашат...
Өзбекстанда ырчылардын жүрүм-турумун көзөмөлдөгөн “Узбекнаво” аттуу мамлекеттик мекеме бар. Бул уюм ырчыларга лицензия берип, жоругу жакпагандардын ырдоосуна тыюу салууга акылуу. Андан тышкары, премьер-министрдин социалдык маселелер боюнча орун басары да ырчылардын “тарбиясы” менен алектенет. Алардын чечими дайыма өкмөт башчы Шавкат Мирзиёевдин көзөмөлүндө.
Соңку кездери менталитетке дал келбеген кийими же айрым ачуу пикирлери үчүн ондогон ырчылардын ишмердигине чектөө коюлган. Алардын көбү эл сүйгөн, чыгармалары дайыма жакшы кабыл алынган артисттер. Ырчыларга коюлган чектөөнү алып салуу боюнча карапайым калктын интернет булактарына жазган суранычтары дайыма жоопсуз калат.