Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:05

Өзбекстанда бажы төбөлдөрү "торго түштү"


Өзбекстандын улуттук акчасы - сум
Өзбекстандын улуттук акчасы - сум

Июнь айында Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитетинин жүзгө жакын кызматкери камакка алынган. Бул жөнүндө өкмөттүк чөйрөлөрдөгү окуялардан жакшы кабардар Uzmetronom.com сайты өткөн бейшемби күнү кабарлады.

Алардын арасында комитеттин аткезчиликке каршы күрөшүү башкармасынын жетекчиси жана анын орун басары да бар. Алар мыйзамсыз жолдор менен алып келинген товарларды өлкөгө тоскоолдуксуз киргизип, чоң суммада казынага зыян келтирген деп шектелүүдө.

Өзбекстандын бажы кызматынын мартабалуу эки чиновниги камакка алынганын “Азаттык” радиосунун өзбек бөлүмүнө Ташкенттеги булактар обол 10-июнда билдирген. Ал жана кийинки маалыматтар боюнча, Мамлекеттик бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгын акиминин орун басары Азиз Абдрахманов Ташкенттин сыртындагы айланма жолдогу Үч-Кахрамон деген жерде кечки саат беш ченде курулуп жаткан чайхананын ичин көрүп жүргөндө бет кап кийген адамдар келип, “Уаз” машинесине жүктөп кетишкен.

Өзбек журналисти Фарух Юсуфинин айтымында, Абдрахманов өзүнүн казак өнөктөшү менен чогуу куруп жаткан объект болочокто Ташкенттеги эң ири чайхана болмок экен:

- Бажы комитетинин мартабалуу чиновниги Азиз Абдрахманов чайхананы таасирлүү казак бизнесмен менен бирге куруп жаткан экен. Анын атасы да Өзбекстанбы же Казакстандын бажы кызматында чоң кызматта иштейт экен. Бирок анын фамилиясын тактай албадык.

Казак жигит Ташкенттеги “Мегапланет” соода борборунун ээси экенин, чайхананы курууга кеминде 500 миң доллар сарпталганын атын атабоону суранган булак “Азаттык” радиосуна айткан.

Бажы кызматынын аткезчиликке каршы күрөшүү башкармалыгын акими Азиз Хасанов да ушул эле Сурхан-Дарыя районунда камакка алынган.

- Эки мартабалуу чиновник тең Сурхан-Дарыя районунда кармалганын райондун бажы кызматындагы биздин булактар тастыкташты, - деди Ф. Юсуфи. - Бул маалыматты “Узметроном” сайты да ырастады. Ташкентте эмес, шаардан сырт жерде камакка алуунун себеби ашыкча ызы-чуудан качып жасалган. Анткени, алардын Улуттук коопсуздук кызматынынын жетекчилигиндеги таасирүү адамдарга жакындыгы бар болгондуктан, Ташкентте камакка алынса, алардын жардамы менен кутулуп кетиши мүмкүн эле деген версия бар.

Бажы кызматынын эки лөгүн камакка алуу операциясын Улуттук коопсуздук кызматынын ички коопсуздук башкармалыгынын акими Хаят Шарифкожоев жетектеген.

Башка бир булактардын айтымында, бажычылардын бири Улуттук коопсуздук кызматында жооптуу орундарда отурган ага-ини Хаят жана Жавдат Шарифкожоевдер менен тууганчылык жагы бар имиш.

Серепчилер азырынча торго Өзбекстандагы таасирлүү инсандардын коммерциялык иштерин аткарган жана өз чөнтөгүн унунтпаган чабак балыктар түшкөнүн айтышат. Ошон үчүн алар артында ким турганын айткан учурда дагы, мурда болуп келгендей, дөө балыктар эркин жүрө берет дешет.

Фарух Юсуфинин сөзүнө караганда, чоң чиновниктердин кызмат абалынан пайдаланып, жеке бизнесин жүргүзүүсү өлкөдө адатка айланган иш:

- Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Бажы комитетинин жетекчилиги арасында жеке ишкерлик менен алектенүү кеңири жайылган. Алардын баарынын өз бизнестери бар. А түгүл президенттин кенже кызы Лола Каримова жана күйөө баласы Тимур Тиллаев өлкөдөгү эң ири базар - Абу Сахи соода комплексинин ээси экени айтылып жүрөт. Аны өздөрү да жашырышпайт. Президенттин тун кызы Гүлнара Каримова массмедиага Абу-Сахи базары эч кандай салык төлөбөгөнүн, күйөө баласы менен сиңдиси импорттук товарларды алып келишип, соодадан күнүнө 20 миллиондон аз эмес пайда көрүшкөнүн эчен курдай айткан.

Статистикалык маалымат боюнча, өткөн 2013-жылы Өзбекстандын тышкы соодасы 9, 4 процентке өскөн жана 28, 9 миллиард долларды түздү. Анын ичинде тыш өлкөлөрдөн товар сатып алуу 7, 7 процентке өсүп, акчалай эсептегенде 13, 8 млрд долларга тете болду. Анын 3 проценти эл керектөөчү товарларга туура келет. Бирок ырасмий эмес маалыматтар боюнча, эл керектөөчү товарлар кеминде импорттун 20 процентин түзөт.

XS
SM
MD
LG