Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Анжиянда миңден ашуун киши балмуздакка ууланды


Анжиян облусунда балмуздактан массалык уулануу болду.
Анжиян облусунда балмуздактан массалык уулануу болду.

Өзбекстандын Анжиян облусунда балмуздак менен массалык уулануу фактысы боюнча шектүү үч киши кармалды. Шахрихан районунда балмуздак саткан дүкөндөр жабылганы маалым болду.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаршембиде тараткан билдирүүдө 17-майда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки 8де ооруканадагы 186 кишинин 153 үйгө чыгарылганы айтылат.

Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдүн адистери балмуздактан, суудан бактериологиялык жана химиялык иликтөөгө анализ алышкан.

15-майда Анжиянда 1500 киши балмуздактан ууланып, 200 киши ооруканага түшүп, алардын ичинен бешөөнүн абалы оор экени кабарланган. Шахрихан районундагы ооруканада жүздөгөн кишилерге медициналык жардам көрсөтүлүп, анан үйлөрүнө жиберилген.

Анжиян облустук бийлиги балмуздактан 1500 киши ууланганын 17-майда бышыктады. Алардын көбү медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.

Шахрихандын ооруканасында тамактан ууланды деген диагноз менен ооруканага жүздөгөн кишилер жаткырылганын, алардын ичинен беш бейтап реанимация бөлүмүндө экенин «Азаттыктын» өзбек кызматына атын атагысы келбеген догдур айтып берген.

Балмуздактан уулангандар облустагы башка дагы ооруканаларда, Асака районунда бир нече киши жатканы маалым болду.

"Мен жаңы эле Асакадагы райондук ооруканага кырдаалды көргөнү келдим. Шахрихандагы уулануудан кийин бул жерге 307 киши жеткирилген", – деди "Азаттыкка" ысымын айтпаган догдур.

Анжиян обулусундагы Шахрихан районунда жүздөгөн адамдар ичи өтүп, кусуп, денесинде майда темгилдер пайда болуп ооруканага кайрылган. Шейшембиде 182 киши оорукананын интенсивдүү дарылоо бөлүмүнө жаткырылган. Алтургай 10го чукул ууланган киши өлүп калды деген да сөз тарап кеткен.

Анжиян облустук саламаттык сактоо башкармалыгы тамактан ууланып адам өлгөнүн четке какты. Облустун укук коргоо органдары уулангандардын баары "Макс" кафесинде балмуздак жегенин бышыктады:

- Атайын иликтөө маалында уулангандар 14-15 -16-майда "Макс" кафесинде балмуздак жешкени аныкталды, – деди "Азаттыктын" өзбек кызматынын кабарчысына Анжияндын укук коргоо органдарында иштеген адам.

Шахрихан районун тургундары шаардагы "Макс" кафеси жергиликтүүлөр көп кирген жай экенин айтышат.

- Эгер райондун борборуна барсак, "Макс" кафесине кирип, балмуздак жемейинче кетчү эмеспиз. Кечээ эле апам менен кызым райборборго соода кылганы барып "Макстан" балмуздак жеп чыгышкан. Кудайга шүгүр алардын абалы жакшы. Аларга медициналык жардам көрсөтүштү, азыр үйдө, – деди кабарчыбызга Шахрихандын тургуну.

Анжияндагы массалык уулануудан соң саламаттык сактоо министринин орун басары, Өзбекстандын башкы санитардык дарыгери Сайдмурад Сайдалиев жетектеген догдурлардын тобу кырдаалды көзөмөлдөө үчүн Ташкенттен Шахриханга учуп барышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG