Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:06

Мирзиёев: Жаш жигиттерден айрылдык


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Актөбөдөгү кырсыкта өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, алардын өлүмү үчүн мамлекет да жооптуу экенин эске салды. 
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Актөбөдөгү кырсыкта өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, алардын өлүмү үчүн мамлекет да жооптуу экенин эске салды. 

Өзбекстанда Актөбөдөгү жол кырсыгында каза болгондордун сөөктөрү жерге берилди.

Өрттөнгөн автобуста өмүрү кыйылгандардын көбү Наманган облусунан. Кырсыкка кабылгандардын арасында ошондой эле Ташкент шаарынын, Сурхандарыя облусунун тургундары болгонун Өзбекстандын бийлиги бышыктады.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Актөбөдөгү кырсыкта өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, алардын өлүмү үчүн мамлекет да жооптуу экенин эске салды.

«Мына кечээ болгон кырсык элибиздин алдында канчалык милдеттүү экенбизди көрсөттү. Калкыбызга шарт түзбөгөнүбүз үчүн алар, албетте, чет өлкөлөргө барып иш кылып жүргөнү - мамлекет, бардык түзүмдөр эң чоң каталарыбызды өз убагында оңдобогонубуздан улам. Ошон үчүн баламды багам, атама бир сум алып келем деген кандай жаш жаш жигиттер кетти. Баары жаш..." - деди президент өткөн бейшембиде Сурхандарыя облусундагы Хаким Тирмизинин күмбөзүнө барганда. ​

Казакстанда ызгаар күчү 45 градуска жетет
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:55 0:00

21-январда президент Мирзиёев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө кенемте төлөп берүүнү тапшырды. Бир жолу берилчү акчанын суммасы азырынча белгисиз. Ошондой эле жергиликтүү бийликтерге маркумдардын жакындарына моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү милдети жүктөлдү.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, каргашалуу окуяда өмүрү кыйылгандардын бардыгы – эркектер. Алардын улуусу 41 жашта болсо, кичүүсү 19дагы жигит эле. Өрттөн кийин таанылгыс болуп калган сөөктөр 20-январдын түнүндө атайын борт менен Актөбөдөн Ташкентке жеткирилген.

Өзбекстандагы “Үмүт жана жашоо” бейөкмөт фонду жабыр тарткан үй-бүлөлөргө жардам берүү үчүн баштаган кайрымдуулук марафонун кайра токтотту. “Биздин ишти өз кызыкчылыгына колдонууну көздөгөндөр чыкты. Алар банк эсептерин ачып, менин атымды пайдаланып акча жыйнай башташты. Жоопкерчиликти сезип, кайрымдуулук марафонун өткөрүүнү токтоттум” деп жазды бейөкмөт уюмдун жетекчиси Илхомжон Касымов.

Ал эми жаш жарандык активисттер тобу жакындарын жоготкондорго жардам иретинде 60 миллион сум (7.5 миң доллар) жыйнашты. Чогулган акча беш үй-бүлөгө берилгенин блогер Хушнудбек Худайбердиев кабарлады.

20-январда Орусиядагы өзбекстандык эмгек мигранттары, активисттер, башка өлкөлөрдүн жарандары чогулуп, Москвадагы өзбек элчилигинин алдына барып гүл коюшту. Алар Ташкентке 20-январды аза күтүү күнү деп жарыялоо талабын билдиришти.

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун маалында бийлик өлкө сыртында эмгектенген жарандарын сындап келгени белгилүү. Каримов сыртка кеткен мигранттарды "өлкөнү уят кылгандар, жалкоолор, даңгеселер” деп атаган.

"Адам ушунчалык жийиркенет. Өзбек улутундагы адам бир сындырым нан үчүн ошол жакка барып, көчө шыпырышы керек имиш. Өзбекстандын өзүндө эч ким азыр ачкачылыктан өлүп жаткан жери жок, береке тапкыр!" - деп ачууланган эле Каримов.

Каримовдун мындай сынынан кийин ал кездеги өкмөт чет жакка кеткен эмгек мигранттарынын санын кыскартуу максатында үгүт топторун түзүп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Орусияда эки миллиондон ашуун өзбекстандык мигрант эмгектенет, бейрасмий сан үч миллионго чейин жетет. Былтыр алар Өзбекстанга Орусиядан 2,7 млрд доллар каражат которгон.

18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы Самара-Чымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, 52 киши каза тапкан. Алар Орусияга иштегени бараткан өзбек жарандары болуп чыккан. “Сетра" үлгүсүндөгү автобуста 57 киши бараткан. Бешөө ар кандай жараат алып, ооруканага жаткырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG