Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

АКШдагы өзбектер: Саипов ачуулуу болуп кеткен


Терактка шектүү Сайфулло Саипов
Терактка шектүү Сайфулло Саипов

Нью-Йорктогу сегиз адамдын өмүрүн алган терактка шектелген өзбек жараны Сайфулло Саипов соңку кездери ачуулуу болуп кеткенин Америкадагы аны тааныган өзбекстандыктар билдиришти.

АКШда туруктуу жашап жаткан өзбекстандык Миррахмат Муминов Нью-Йорктогу кандуу кол салууга шектелген 29 жаштагы Сайфулло Саипов менен ал 2010-жылы Огайо штатына жаңы келгенден көп өтпөй таанышкан. Анда Саипов анчейин динчил болбогонун Муминов "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Саипов 2011-2013-жылдары Огайонун Стоу шаарында жергиликтүү өзбек коомчулугунун арасында жашаган. Муминов учурда терактка шектелип жаткан бул өзбек жараны менен акыркы жолу эки жыл мурда жолукканын, телефон аркылуу эки ай мурда сүйлөшкөнүн, анда адаттан тыш эч нерсени деле байкабаганын айтып берди:

- Соңку кезде анын айрым өзбекстандыктар менен маселеси болду. Ал бир нече адам менен чатакташып кеткен. Мушташкан эмес, бирок аларга орой мамиле кылган. Биздин жергиликтүү мечиттин имамы жума сайын таалим өтөт. Ал эч качан ага катышкан эмес. Огайодо жашап жүргөндө андан эч бир радикализмдин белгисин байкаган эмесмин.

АКШ бийлиги Сайфулло Саиповдун буга чейинки таржымалын жана аны теракт жасоого эмне түрткөнүн тыкыр иликтөөгө киришти. 31-октябрда Нью-Йорктун Манхэттен районунда жүк ташуучу чакан автоунаанын кеминде сегиз адамды сүзүп өлтүрүшү Американын бул шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттардан берки ири кол салуу болуп калды. Кол салган адам полициянын огу тийип, колго түшкөнгө чейин “Аллаху акбар” деп кыйкырганын күбөлөр айтышууда.

Муминов “Саипов кандайча террорчу болуп калганын эч ким түшүнө албай турганын” айтып, ал 2013-жылы Флоридага көчкөндөн кийин радикалдашып кетиши мүмкүн деген оюн ортого салды. Ошондой эле Саипов исламды өз алдынча үйрөнүп, интернеттен экстремисттик адабияттарды таап алганы болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Саиповду тааныган дагы бир этникалык өзбек “Азаттыктын” өзбек кызматы менен маегинде бир нече ай мурда шектүү менен диний маселелер боюнча чатакташып кеткенин, Саипов “абдан радикалдуу ойлорду” айтканын белгиледи.

- Ошол талаштан кийин ал биз менен байланышпай калды. Ага радикалдуу ойлору боюнча эскертүү жасаганбыз. Ал депрессияда жүргөндөй сезилген. Бардык нерсени ичинде кармаган. Ал сырткы дүйнөдөн өзүн бөлүп салган, - деди атын атагысы келбеген ал өзбекстандык.

Ал эми АКШда көптөн бери жашаган өзбекстандык Миррахмат Муминов Саипов Өзбекстанда жүргөндө Американын “жашыл картасын” алган болушу мүмкүн дейт. Саипов ага Өзбекстандын баш калаасы Ташкенттен келдим деп айткан. Ал англисче жана орусча начар сүйлөчү. Арабча сүйлөп же окуй алганы байкалган эмес.

Нью-Йорктогу терактта колдонулга автоунаа
Нью-Йорктогу терактта колдонулга автоунаа

Саипов да Муминов сыяктуу жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштеген. Кылмышка шектүү алгач товарларды өлкө боюнча ташып иштесе, кийинчерээк жакынкы аймактарга гана каттап калган.

Муминовдун айтымында, ал акыркы жолу Нью-Жерсидеги жүк ташуучу компанияда иштеген жана өлкө түндүгүндөгү Патерсон шаарына отурукташкан. Ал шаарга Саиповдун аялы жана эки баласы да Флоридадан көчүп барышкан.

Огайо штатынын жергиликтүү бийликтеринин маалыматы боюнча, Саипов 2013-жылы ташкенттик Нозима Одиловага үйлөнгөн.

- Ал акчадан кыйналып жүргөн. Башка маселелери да бар эле. Флоридадан кеткенден кийин анын унаасы бузулуп калганын уккам. Аны оңдоо үчүн чоң акчага муктаж болчу. Бирок ал акча таба алган жок. Балким ал айыппул көп салынгандыктан жүк ташып иштөөнү токтотсо керек. Ал камсыздандыруу кагазын ала албай, иштен кеткен. Андан депрессиянын белгилери байкалган, - дейт өзбекстандык Миррахмат Муминов.

Өзбек коомчулугунда саясатты жакшы билген активист деп мүнөздөлгөн Муминов Стоу шаарындагы өзбекстандыктар кол салуу тууралуу угуп, нес болуп турганын кошумчалады.

Өзбекстандын коопсуздук кызматтарынын атын атабаган өкүлү Саиповдун ата-энеси жана 17 жаштагы карындашы суракка алынып жатканын “Азаттыктын” өзбек кызматына айтты. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев терактты иликтөөгө жардамдашаарын убада кылган.

Питер Баумгартнер, "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG