1991-жылдын соңунда Советтер Союзу ыдырады. Мунун алдында союздук республикаларда эгемендик жана көз карандысыздык үчүн массалык митингдер өткөн.
СССРдин ыдырашы, демократиялык кыймылдар

1
Ала-Тоо аянтындагы нааразылык жыйын. 1990-жылдын 5-июну. Советтик Кыргызстанда демократиялык реформаларды жүргүзүүнү жана Ош жергесинде 4-июнда башталган этностор аралык кагылышууну тез арада токтотууну талап кылган кыргызстандыктар (көбүнесе жаштар) Бишкектин Борбордук Ала-Тоо аянтында ири нааразылык жыйынына чогулду. 1990-жылдын 5-июну. Ж.Жекшенин жеке архивинен.

2
“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышты. 1991-жылдын 21-январы. Ж.Жекшенин жеке архивинен.

3
Кыргызстанда 1990-жылдын май айында "Кыргызстан демократиялык кыймылы" (КДК) негизделип, көп партиялуулук, демократияны камсыз кылуу ураандарын чакырган. "1990-жылдын октябрынын соңундагы окуялар - Кыргызстанда коммунисттик режимдин башчысынын бийликти шайлоо жолу аркылуу тынч өткөрүп берүүсүнүн өрнөгү, тынч өткөн “түстүү ыңкылаптын” алгачкы баскычы болуп калды",- деп жазат белгилүү тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин.

4
1986-жылдын декабрындагы "Желтоксан" деген аталыш менен тарыхта калган Алматыдагы окуялар Советтер Союзундагы масштабдуу демонстрациялардын бири болгон.

5
Бул окуя Казакстандын тарыхында эркиндик үчүн жаштардын күрөшү катары калды.

6
Казак жаштары Кремлдин Казакстандын Компартиясынын Биринчи катчысы Динмухамед Кунаевди бошотуп, ордуна Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыгышкан.

7
Демонстрацияны таратуу үчүн советтик жетекчилик Орусиядан аскерлерди жөнөтүп, күч менен баскан.

8
1991-жылдын апрели, Минскидеги Ленин аянтындагы иш таштоо.

9
Жүз миңдеген кишилер катышкан Литвадагы митинг. Вильнюс, 1989-жылдын 23-августу.

10
Краснодардагы крым татарлары өз тарыхый журтуна кайтууга уруксат кылууну талап кылышты, 1988-жылдын 6-марты. Крым татарларынын өкүлдөрү байма-бай нааразылык жыйынын өткөрүп, 1944-жылы жазыксыз жерден атажуртунан куулганын билдирип, кайра кайтарууну талап кылышкан.

11
Украина Элдик Кыймылынын улуттук көз карандысыздыкты талап кылган жыйыны. Киев шаары, 1989-жылдын 23-октябры. Бул демократиячыл кыймыл 1989-жылы 16-февралда өз "Манифестин" жарыялап, анда улуттук кайра жаралуу жана мамлекеттик көз карандысыздык идеялары камтылган.

12
Грузиянын улуттук армиясынын жоокери эгемендик жарыяланганына кубанып бийлеп жатат. Тбилисидеги аянт, 1991-жылдын 10-апрели.

13
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарындагы нааразылык жыйын, 1990-жылдын 15-февралы. 1990-жылдын 12-февралында Тажикстанда тополоң болуп, 28 киши набыт кеткен.

14
1991-жылы 19-августта КПСС БКнын мүчөлөрүнүн тобу эгемен республикалар шериктештигин түзүүгө жол бербөө максатын көздөп, кутум уюштурган. Москванын Калинин проспектиндеги танкалар.

15
Кишинёвдогу Молдова элдик фронту уюштурган митинг. 1989-жылдын июнь айы. Митингчилер республиканын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын, улуттук тилдин расмий макамын талап кылышкан.

16
Азербайжан эгемендүүлүгүн жарыялагандан бир айдан кийинки Бакудагы митинг. 1991-жыл, 21-сентябрь.