Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:37

АКШ: Генерал Петреус чалгын кызматын, Панетта коргоо министрлигин башкармакчы


Генерал Дэвид Петреус, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук штабынын жетекчиси, Кыргызстандын Шопоков шаарында коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу маалында. 2010-жылдын 11-марты. REUTERS.
Генерал Дэвид Петреус, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук штабынын жетекчиси, Кыргызстандын Шопоков шаарында коомчулук өкүлдөрү менен жолугушуу маалында. 2010-жылдын 11-марты. REUTERS.

АКШ президенти Барак Обама ушул тапта Ооганстанда америкалык аскерлерди жетектеп жаткан генерал Дэвид Петреусту Борбордук Чалгын Кызматынын жетекчилигине дайындаарын жарыя кылды. Ал эми Борбордук Чалгын Кызматынын азыркы жетекчиси Леон Панетта болсо АКШнын Коргоо катчысы кызматына дайындалаары күтүлүүдө. Расмий Вашингтон Кабулдагы элчисин да алмаштырмакчы.


АКШнын президенти Барак Обама бейшембиде (28-апрелде) алдыдагы бир катар кадрдык дайындоолор тууралуу жарыя кылды.

Маселен, ушул тапта Ооганстанда америкалык куралдуу күчтөр тобун жетектеп жаткан генерал Дэвид Петреус (David Petraeus) Борбордук Чалгын Кызматынын жетекчилигине дайындалмакчы.

2006-жылдан бери АКШнын Коргоо катчысы кызматын аркалап келе жаткан Роберт Гейтс (Robert Gates) өз кызматынан кетээри тууралуу ниетин билдирген эле.

Анын ордуна эми президент Обама ушул тапта Борбордук Чалгын Кызматын жетектеп жаткан Леон Панеттаны (Leon Panetta) Коргоо катчысы кызматына дайындаары күтүлүп жатат.

АКШнын Ирактагы аскерлеринин мурдагы башчысы, учурда АКШ Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук штабынын колбашчысынын орун басары Жон Аллен (John Allen) болсо генерал Петреустун ордуна Ооганстандагы америкалык аскерлер тобун жетектеп калмакчы.

Америкалык серепчи Гари Шмитт (Gary Schmitt) мурдагы президент Роналд Рейгандын тушунда анын чет өлкөлүк чалгын боюнча кеңеш берүүчүлөр тобун башкарган.

Шмитт мырза Петреустун жаңы кызматка дайындалып жатышын мындайча кубаттады:

- Согуш аракеттерине да катышып, Куралдуу күчтөрдүн Борбордук штабын да жетектеп жүрүп, Петреус мырза ар кыл жаңжалдарды жайгарууда чалгынчылар жамааты менен тыгыз иштешип келди. Демек, ал чалгынчылар жамааты менен кыйла дурус кызматтык алаканы калыптандырган. Биз согуш маалында дал ушуну күтөт эмеспизби.

Петреус мырза 2003-жылы Ирактын Мосул аймагында экономиканы жана жалпы инфраструктураны чыңдоо жаатында жүзөгө ашырган долбоорлору үчүн айрым ирактыктар тарабынан “Дөөтү падыша” деген атка да конгон дешет.

Айтмакчы, президент Обама Кабулдагы элчисин да алмаштырууда.

Эки жылдан бери бул кызматты аркалап жаткан элчи Карл Эйкенберринин (Karl Eikenberry) ооган президенти Хамид Карзай менен эч жылдызы келишпеди. Эми анын ордуна Райан Крокер (Ryan Crocker) элчи болуп дайындалмакчы.

Крокер мырза буга чейин Ирак, Пакистан, Сирия , Кувейт жана Ливан сыяктуу мусулман өлкөлөрдө АКШнын элчиси кызматтарын аркалап келди.

72 жаштагы Леон Панеттанын Пентагонго башчы болуп дайындалып жатышын Коргоо министрлигиндеги ыксыз ысырапчылыкка чек коюуга жол ача турган оң кадам катары баалаган серепчилер да бар.

Брукингс институтунун бийликтик башкарууну иликтөө тармагынгын деректири Даррел Уест (Darrell West) мындай дейт:

- Леон Панеттаны Коргоо катчысы кылып дайындоо – мыкты кадам, анткени Панетта бир эле учурда саясий багытты да, саясий тажрыйбаны да айкалыштыра алат. Ал Борбордук Чалгын Кызматында бул нукта мыкты иш аткарып берди. Буга чейин деле, Билл Клинтондун өкмөтүнүн тушунда, ал Менежмент жана Бүжөт кеңсесин жетектеген. Ал бүжөт көйгөйлөрүн чечүү жаатын жакшы өздөштүргөн.

Расмий Вашингтондун өкүлдөрүнүн айтымында, Панетта менен Петреус жаңы кызматтарына үстүбүздөгү жылдын июл айында киришээри күтүлүүдө. Демек, алардын жаңы кызматын Сенатта тастыктоо үчүн жетишерлик убакыт бар.

XS
SM
MD
LG