Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:00

Президентти шайлачу күн да келди


Шайлоочулар Виржиния штатындагы Вена шаарындагы Ноттовей гүлбагындагы Аңчылар үйүнүн алдында добушкананын ачылышын күн чыга электе келип күтүп отурушат. 6-ноябрь, 2012
Шайлоочулар Виржиния штатындагы Вена шаарындагы Ноттовей гүлбагындагы Аңчылар үйүнүн алдында добушкананын ачылышын күн чыга электе келип күтүп отурушат. 6-ноябрь, 2012

Бүгүн АКШда президенттик шайлоо күнү. Барак Обама дагы төрт жылга шайланабы же жеңиш республикачыл Митт Ромниники болобу?

АКШнын мыйзамдарына ылайык, эки талапкердин кимиси Шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн 270 добушун алса, ошол президент болот. Көпчүлүк элдин добушу жеңүүчүнүн пайдасына эсептелип кетет.

Дүйшөмбү күнү АКШ президенти акыркы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Айова штатындагы Дес-Мойнес шаарына барды. Барак Обама кездешүүдө өлкөнү өзгөртүү үчүн шайлоочуларды өткөн төрт жылдагыдай бирге болгонго чакырды:

- Биз бир бүтүмгө баралы десек; америкалыктар биригип туруп, өзгөрүү жасайбыз деп чамынчу болсок, бизди эч ким токтото албайт. Биз токтобойбуз. Биз чогуу болуп, бирге күрөшкөн соң өзгөрүүлөрдөн баш тарта албайбыз.

АКШдагы президенттик шайлоонун картасы.
АКШдагы президенттик шайлоонун картасы.
Республикачыл Митт Ромини дүйшөмбү күнү Огайодогу чогулушта болочокку өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн ал элдин добушуна муктаж экенин баса белгиледи:

- Жаркын келечектин эшиги ачык. Ачык турат. Бизди күтүүдө. Мен сиздердин ишиңиздерге жана жардамыңыздарга муктажмын. Мага сиздердин добушуңуздар керек. Мени менен жүрүңүздөр, чогуу басалы. Эртең биз жаңы келечекке кадам таштайбыз.

Көпчүлүк сурамжылоолор боюнча, эки талапкер үчүн добуш берчү элдин саны теңме-тең болууда. Бирок жеңүүчүнү, АКШнын мыйзамдарына жараша, жалпы элдин добушу эмес, Шайлоочулар коллегиясынын 538 мүчөсүнүн добушу аныктайт. Тагыраак айтканда, жеңүүчү ар штатта жана Вашингтон шаарында коллегиядагы көпчүлүктүн же бериси 270 добушун алышы абзел.

Социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, Барак Обама “арсар” штаттардын көпчүлүгүндө Митт Ромниден алдыда. Андай штаттарга Флорида, Огайо, Виржиния, Колорадо, Невада, Айова жана Нью-Гэмпшир кирет.

Республикачыл Митт Ромнинин жактоочулары добуш берүүлөр башталар алдында өз талапкери үчүн таат кылышууда. Сэнфорд шаары, Флорида штаты. Sanford, Florida, 05Nov2012
Республикачыл Митт Ромнинин жактоочулары добуш берүүлөр башталар алдында өз талапкери үчүн таат кылышууда. Сэнфорд шаары, Флорида штаты. Sanford, Florida, 05Nov2012
Мичиган, Пенсильвания, Нью Мехико штаттарында эки атаандаштын кимиси жеңери белгисиз. Ал эми Түндүк Каролина жана Аризонада Ромни озууда.

Стивен Робертс АКШнын АВС радиосунун саясый талдоочусу. Жорж Вашингтон университетинин профессору. Ал президентке талапкердин тагдыры негизинен өтө орчундуу 7-8 штатта чечилет дейт:

- Азыркы жарышта ким жеңери аныкталчу жети же сегиз штат бар. Узак жылдардан бери Америкадагы саясаттын чордонунда Огайо, Виржиния, Колорадо жана башка бир нече штат турат. Обаманын эки арсар штатта чоң артыкчылыгы бар. Демография жагы да бар. Испан тилдүүлөр ошондо маанилүү штаттарда, бөтөнчө, Колорадо жана Невадада Обама үчүн добуш берет окшойт. Арсар штаттардын кээ бирлеринде өлкөнүн башка бөлүктөрүнө караганда экономика демдүү-күчтүү. Айрыкча, Огайодо көпчүлүк автоөндүрүшчүлөр Обаманын саясатынын үзүрү менен иштешүүдө. Бул жагынан алганда жагдай Обама үчүн ыңгайлуу.

Илимпоз-эксперттер талапкерлердин телеэрөөлү шайлоонун жыйынтыгына анча таасир этпейт дешкени менен, октябрдын башындагы биринчи теледебаттан кийин Ромни кыска мөөнөткө алдыга озуп чыккан. Анткен менен шайлоо өнөктүгүгү бүтөргө чукул, өзгөчө, “Сэнди” ураганы АКШнын Чыгыш жээгин каптаган күндөрү жана экономикадагы абал тууралуу соңку статистикалык маалыматтар жарыялангандан кийин Ромнинин деми сууй түшкөнүн байкаган Стивен Робертс буларды айтат:

- Дал шайлоо алдында, атаандаштар бирин-бири демитип баратканын сурамжылоолор көрсөтүүдө,- деп мүнөздөдү жылпы жагдайды профессор Робертс.- Бирок Барак Обамада эки артыкчылыгы бар. Биринчиси, экономика аз да болсо үмүт берүүдө. Акыркы маалыматтар 170 миң адам жумуш алганын, керектөөчүлөрдүн ишеними өскөнүн көрсөттү. Экинчиси, ураган АКШнын Чыгыш жээгине көп зыян кылды. Ал күндөрү президент Обама өзүнүн чыныгы башкы командачы экенин көрсөтө алды. Ал апаат баскан аймактарды кыдырды. Ал губернаторлор менен, ошондой эле аны мурда жана азыр сындап жаткан республикачылардын көрүнүктүү губернаторлоруна жолукту. Алар эми Обамага эффективдүү лидер деп баа беришүүдө.

6-ноябрда АКШнын 33 штатында Конгресске бирден сенатор жана Өкүлдөр палатасына бардык 435 парламентарий да шайланат. Сенатта бардыгы 100 мүчөсү бар.
XS
SM
MD
LG