Трамптын инаугурациясына 50 конгрессмен катышуудан баш тартты.
Жекшемби күнү 60-жылдары жарандык укук үчүн кыймылдын лидерлеринин бири, конгрессмен Жон Льюис NBC News каналынын “Пресса менен жолугушуу” аттуу ток-шоусунда Дональд Трампты легитимдүү президент деп эсептебей турганын, андыктан ант берүү аземине катышпарын айткан.
Жаңы шайланган президент Трамп Твиттерде: “Конгрессмен Жон Льюис шайлоонун жыйынтыктары тууралуу ыйламсырагандын ордуна өз шайлоо округу менен көбүрөөк алектениши керек, ал өтө начар абалда турат. Аракетсиз жана майнапсыз куру сөздөр. Өкүнүчтүү!” деп жазган.
Ошондон кийин Трампка туш тараптан нааразы билдирүүлөр айтылып, ондогон конгрессмендер инаугурацияга катышуудан баш тартышты.
Дональд Трамп жубайы Мелания менен Ак үйгө келатышат. Бул жерде аларды Барак Обама жубайы Мишель менен күтүшүүдө. Кызматынан кетип жаткан Обама Твиттерге буларды жазды:
"Мен дагы эле силерден ишенүүгө чакырам – өзгөрүүлөрдү алып келүүгө менин мүмкүнчүлүгүм жок, бирок силерде мындай мүмкүнчүлүк бар. Мен өзгөрүүлөргө ишенем. Себеби мен силерге ишенем”.
Обама акыркы жолу Ак үйдүн батыш канатындагы ачык коллонададан өтүп баратат.
Ак үйдүн тепкичтеринде.