Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

АКШ-Түркия: министр аралашкан пара чатагы


АКШдагы сот отурумунда. 29.11.17.
АКШдагы сот отурумунда. 29.11.17.

Теги ирандык түрк ишкери АКШдагы сотто Түркиянын мурдагы экономика министрине 50 миллион доллар пара бергенин билдирди. Реза Зарраб Ирандын санкцияларын кыйгап өтүү схемаларын түзгөн топтун ишин караган сотто АКШ өкмөтүнүн негизги күбөсү болууда.

Алтын менен соода кылган ишкер Реза Зарраб 29-ноябрда Нью-Йоркто Түркиянын Halkbank деген мамлекеттик банкынын мурдагы жогорку кызматкери Мехмет Хакан Атилланын сотунда көрсөтмө бере баштады.

Банкир жана дагы бир нече кишиге, анын ичинде Заррабга АКШ Иранга каршы киргизген чектөөлөрдү (санкцияларды) айланып өтүү схемасын түзүп, ишке ашырган деген айып тагылууда.

Америкалык тергөөчүлөрдүн жоромолу боюнча, теги ирандык түрк ишкери Зарраб жана анын шериктери Түркия менен Араб Эмираттарындагы айрым компанияларга жамынып, иш жүзүндө Ирандын атынан соода жасап, көз боёмочулукка барышкан.

Ишкер Зарраб былтыр мартта АКШда кармалып, ага расмий Тегеранга каршы санкцияларды бузуу, көз боёмочулук, арам акчаны адалдоо боюнча айыптар тагылган.

Резза Зараб
Резза Зараб

Бирок кийин өзүнө коюлган айыптарды моюнга алган Зарраб тергөө менен кызматташып, эми коргоого алынган күбөгө айланды.

Ишкердин сотто айткандары боюнча, ал 2013-жылы ошол кездеги экономика министри Мехмед Зафар Чаглаянга жардам сурап кайрылганда, түркиялык аткаминер бул иштен түшкөн кирешенин жарымын ага берип турууну талап кылган.

Түркиянын мурдагы экономика министри санкциялык мыйзамдарды бузуп, Иранга АКШнын каржылык системалары аркылуу акча которууларга жол ачкан айлакер схемаларды түзүүгө жардамдашканы үчүн миллиондогон доллар пара алган деп айыпталган.

- АКШ прокурорлору Түркияга расмий кайрылып, Чаглаянды Америкага экстрадициялоону сураган. Бирок Түркия ага тагылган айыптарды четке каккан. Чаглаян азыр Түркияда ээн-эркин жашап жүрөт. Бул ишке аралашкан делген башка ирандыктар менен түркиялыктар да кармалган жок, - дейт ирандык журналист Гудратулла Шахиди.

Чаглаян азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган өкмөттү жетектеп турганда экономика министри кызматын аркалачу. 2013-жылдын аягында түрк бийликтери анын жана бир нече министрдин Иранга каршы санкцияларды жашыруун бузууга жардам бергендиги үчүн Заррабдан пара алып албаганын иликтей баштаганда, Чаглаян кызматынан кеткен.

Мурдагы министрден тышкары Түркиянын мамлекет карамагындагы Halkbank банкынын кеминде үч жетекчиси да айыпталып жатышат. Булардын ичинен жогоруда сөз болгон Мехмет Атилла АКШда камакта отурат.

Америкалык тергөөчүлөр дал ушул банк 2010-2015-жылдардын аралыгында Иранды чет элдик валюта жана алтын менен мыйзамсыз камсыздоону жаап-жашырууга көмөктөшкөн деп ырасташат.

Соттогу көрсөтмөсүндө Зарраб схеманы банктын мурдагы жогорку өкүлү Атилла менен кеңешип түзгөнүн айтты. Өзүнө коюлган доолорду четке кагып келаткан банкирдин адвокаты ишкер Заррабды “калпычы”, "ишеничтен чыккан киши" катары сыпаттады.

Түрк бийлиги, президент Режеп Тайып Эрдогандан баштап мурдагы министрди коргой баштады:

- Бүгүн эле түркиялык бир нече аткаминер бул ишти Түркияга жана түрк элине каршы кутум деп аташты. Алар мунун артында диниятчы Фетхуллах Гүлен турат деп айтышты. Америкалык прокуратура таянган документтерди болсо дал ошол Гүлендин адамдары беришкен дешет, - деп улантат Шахиди.

АКШда бозгунда жашап жүргөн Гүленди расмий Анкара былтыркы мамлекеттик төңкөрүш аракети үчүн айыптап, АКШдан анын экстрадициясын талап кылып келет. Гүлен өзү болсо түрк бийликтеринин айыптоолорун четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG