Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Обама мээни изилдөөгө 100 миллион сурайт


АКШнын президенти Барак Обама адам мээсинин деталдуу картасын түзүү үчүн Конгресстен 100 миллион доллар бөлдүргөнү жатат.

Обама өзүнүн планын Ак үйдө 2-апрелде окумуштуулардын алдында сүйлөп жатып ачыктады:

- Адамзаты Галактикаларды алыстан аныктоону үйрөндү. Биз атомдон да кичине бөлүкчөлөрдү билебиз. Бирок адамзаты дагы эле эки кулактын ортосунда жайгашкан табышмактын жандырмагын таба элекпиз.

Ак үй "Мээ демилгеси" деген аталыштагы долбоор адам мээсин алдыңкы нейротехнологиялар аркылуу терең изилдеп, неврологиялык жана психиатриялык ооруларды дарылоодо жаңы ыкмаларды табууга жардам берет деп үмүттөнөт.

Обама залда отургандарга “эч бир үй-бүлө алар жакшы көргөн адам Паркинсон менен ооруп, такыр өзгөрүп баратканын көрбөсө, же эпилепсия менен күрөшүп жаткан жакынын көрүп, жүрөгү сыздабаса, өзүн алсыз сезбесе, же мээге доо кеткенде, ал толугу менен калыбына келтирилсе” деп айтты.

Бирок Обаманын айтымында, дарыгерлер дагы деле мээнин лабиринттерин толук түшүнүшө элек, ал үчүн жетиштүү изилдөөлөр жүргөн эмес.

- Биз дагы деле Альцгеймер, же аутизм ооруларына даба таба элекпиз.
Дүйнөдөгү эң күчтүү компьютердин күчү да адамдын мээсинин туюмуна жана сезимталдыгына жетпейт. Ал жакта биз ачылыш жасачу көптөгөн табышмактар жатат. "Мээ демилгеси" окумуштууларга адам кантип ойлонот, маалыматты эстеп калат деген суроолорго тагыраак жооп табууга мүмкүнчүлүк ачат. Иликтөөнүн жыйынтыктары чоң бурулуштарды жасайт.


Барак Обама изилдөө “планетадагы миллион эмес, миллиарддардын жашоосун оңойт” деп ишенет.

Эгерде Конгресс долбоорду каржылоого макул болсо, ал Улуттук саламаттык институту, Улуттук илимдер фонду, Коргонуу боюнча аналитикалык долбоорлордун агенттиги тарабынан ишке ашырылат.

АКШнын бюджетти кыскартуу планынын фонунда 100 миллион доллар чоң сумма болбосо да Конгресстен кандайдыр бир акча алуу азыр кыйын. Ошондуктан Обама жеке менчик ишканаларды, университеттерди федералдык агенттиктер менен кызматташып, долбоорду колдоого чакырды.

Мээ боюнча адистер президенттин демилгесин колдошту.

Флоридадагы неврологиялык институттун окумуштуусу жана жетекчилеринин бири Дэвид Фицпатрик Обманын билдирүүсүн “таасирдүү” деп баалады.

Европанын "Адамдын мээси" долбоорунун директорлорунун бири Ричард Фраковиак “сүйүнгөнүн” айтты.

Талдоочулар Обаманын демилгесин “Адамдын геному” деген эл аралык долбоору менен салыштырып жатышат. 2003-жылы бул долбоордон кийин окумуштуулар адамдын ДНКсындагы гендеринин бардык структураларын иликтеп бүтүшкөн.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG