Айрымдар Интернетти эпсиз колдонгону менен анын пайда-зыянын аңдабайт. Айрым учурда адепсиз, кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган маалыматты жарыялагандар да кездешет.
Бирок Дүйнөлүк желени пайдаланып жатканда сиз чыгарган маалымат качандыр бир сизге каршы иштеп калышы мүмкүн. Андыктан Интернет өзүнө өтө кылдат мамилени талап кыларын унутпаңыз.
Интернетте эч нерсе жашыруун эмес...
Сиз компьютер же телефон кызматтарын колдонгон кезде санариптик изиңиз сөзсүз каларын унутпаңыз. Айрым шылуундар ошол "из" аркылуу жеке маалыматыңызды таап алып, сизге басым кылып же башкача пайдаланышы мүмкүн.
Браузер же тиркеме аркылуу Интернет колдонуучунун күнүнө канча сайтка киргенин, эмне окуп же жазганын кууп отуруп, жеке маалыматты оңой эле билип алгандар бар.
Алар жетиштүү маалымат топтогон соң өз мүдөөсүн ишке ашыра баштайт. Кокус каттоодон өтпөгөн тиркеме аркылуу паспорт, ID, айдоочулук күбөлүк, банктык карточка ж.б. жеке маалыматтарды бөлүшсөңүз, анда ууруга эшик ачып берген болосуз.
Маалымат жана технология доорунда жеке коопсуздукту коргоо оңой эмес. Бирок сиз тууралуу маалыматтарды коргоп, коркунучтун алдын алууга жардам берген программалар барын эске сала кетейин.
Кандай болгон күндө да Интернетти туура, ак ниеттик менен колдоно билиңиз. Анткени базада ар бир маалымат түбөлүк сакталып калат.
Сиз социалдык тармакта бөлүшкөн ар бир маалымат үчүн да жооптуусуз. Интернет эч кимди, эч нерсени унутпаган касиетке ээ.
Айталы, сиз бирөөнүн беделине шек келтирген макала же пикир жазып, аны кайра өчүрүп салдыңыз дейли. Бирок маалымат ошол платформанын маалымат топтомунда сакталып кала берет. Андыктан бир нерсе чыгарардан мурда жети өлчөп, бир кескен оң.
Учурда өнүккөн өлкөлөрдө Интернет укук коргоо бөлүмдөрү иш алып барат. Алар мыйзам бузгандардын социалдык аккаунттарынан тартып ар бир жазган пикирине чейин текшерип чыгат.
Уруксат сурабай бирөөнүн сүрөтүн же видеосун жалпы элге жарыя кылуунун арты сот менен бүтүшү мүмкүн. Интернетти виртуалдык жашоо эмес, чыныгы жашоонун бир бөлүгү катары канчалык тез кабыл алсаңыз, ошончолук таза болосуз.
Чынчыл жана сак болууга жардам берчү кеңештер:
1. Акыл калчап, ойлонуңуз. Өзгөчө сизге түшүнүксүз тилдеги жазууларды бөлүшүүдөн сак болуңуз. Балким ал согуш жүрүп жаткан өлкөнүн урааны же элге кайрылуусу болушу мүмкүн. Кыйбас досуңуздун "бөлүшүп кой" деген суранычын аткарууга ашыкпаңыз. Өтүнүчтү аткарам деп жатып бир уюмдун колдоочусу же мүчөсү катары көрүнүп калбаңыз. .
2. Интернетте эч ким көрбөйт-билбейт деп иш кылбаңыз.
3. Убакытты туура пайдаланыңыз. Жашооңуздун алтын мүнөттөрүн Интернетке уурдатпаңыз.
4. Социалдык тармактан көрүп же окуган маалыматтардын баарына ишенбеңиз. Алардын чын-бышыгын билбей туруп бөлүшпөңүз.
5. Сиздин маалыматынызды сактап калбай турган Интернет браузерлерди колдонууга аракет кылыңыз. (Мисалы: Tor browser).
6. Жеке коопсуздугуңуз үчүн телефонуңуздан GPS функция/сервисин өчүрүп коюңуз.
7. Интернет булактары болгон телефон, социалдык тармак, тиркеме жана сайттардын жеке коопсуздугуңузга коркунуч келтирбей турганын, купуялуулукту сактай турганын кылдаттык менен текшерип чыгыңыз. Жеке маалыматыңызды сураган кызматтарды колдон келсе өчүрүп салган жакшы.
8. Жаңы аккаунт ачарда же жеке маалыматыңызды Интернеттен бөлүшөрдө терең ойлонуп, IT-адистерден кеңеш сураңыз. (Мисалы, паспортуңуздун сүрөтүн СМС аркылуу жөнөтпөй, көчүрмө кылып алып барып берсеңиз болот).
9. Компьютериңизге же телефонуңузга жаңы тиркеме жүктөп жатканда суроолорун кунт коюп окуп чыгып, анан жооп бериңиз.
10. Ар бир тиркеменин күүлөмөсүнөн маалыматыңызды "ким көрө алат, ким көрө албайт" деп чыпкалап алыңыз.
11. Социалдык платформаларда жеке пикир калтырууда ачууга алдырбаңыз. Сизди дүйнө карап турганын эстей жүрүү зарыл. Студент кезиңиздеги бөлүшкөн ой-пикириңиз беш жылдан кийин жеке жашооңузга же жумушуңузга терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
12. Интернетте тааныбаган адамдан кат келсе ачпаңыз, шилтемелерди баспаңыз жана достук сунушун текшермейинче кабыл албаңыз.
13. Күнүмдүк жаңылыкты расмий катталган маалымат булактарынан: сайт, радио, теле же гезиттен алыңыз.
14. Интернеттен сатып алууга колдонгон банк карточкаңызда азыраак акча кармаңыз.
15. Паспорт, ID, айдоочу күбөлүк, банк карталары, жашаган жериңиз тууралуу жана башка маалыматтарыңызды Интернеттен бөлүшпөңүз.
16. Онлайн платформаларда окшош сыр сөздөрдү колдонбоңуз.
17. Компьютер, ноутбук же телефон колдонбогон учурда камеранын бетин жаап коюңуз.
18. Телефон, ноутбук, компьютер, планшет, Wi-Fi Интернетке байланыштырчу жабдыктарга сыр сөз коюп алыңыз.
19. Интернеттен уяттуу сүрөт же видео тасмаларды көрүүдөн карманыңыз.
20. Ээсинин уруксатын албай туруп сүрөттү же видеону Интернетке жүктөбөңүз. Бул адепсиздикке жатат.
Интернеттин катардагы колдонуучулары бекер эч нерсе жок экенин билгени жакшы. Айрым учурда "бекер" деген жарнамага алданып, жашаган жеринин дарегин, телефон номерин, аты-жөнүн ачык жазгандар кездешет.
Онлайн акциялар, лотереялар ж.б. ушул сыяктуу шеринелер ар бир колдонуучунун маалыматын чогултуу же коммерциялык кызыкчылык үчүн уюштурулуп келет.
Кыргызстандык Интернет колдонуучулар арасында "Бул СМСти он адамга жөнөт", "Бекер белек утуп ал", "Бул шилтемени басып, бактылуу бол" сыяктуу азгырма маалыматтар жортуп жүрөт.
Колдонуучулар ага ишенип бири-бирине жөнөтө берет. Баарынан кызыгы, маалыматты бөлүшкөн адам аны өзү окубайт, "мага келди, анан жиберип койдум" деп ийинин куушурат.
Жеке пикиримде, кыргыз коому Интернетке мамилесин өзгөртүүгө тийиш. Айрыкча жаш өспүрүмдөргө акча төлөп, пайдалуу маалымат алганды үйрөтөлү. Болбосо Интернет үй-бүлөнү бузган, арам иштерди "билбейт" деп жасаган, ушак, уят сөз менен маанисиз видеолордун ордосу бойдон кала берет.
Маалымат технологияларын чынчыл, туура багытта колдонуу жана убактыңызды туура пайдалануу менен гаджеттин кулу болбой, сизге кымбат адамдарга көбүрөөк убакыт бөлө аласыз деп ишенем.
Калган суроолорунуз болсо kg_usa Инстаграм баракчасына жазыңыз.
Сизди урматтап Айдана Өмүрбаева, АКШ.