Ооганстандагы АКШлык аскерлерге зарыл заттарды Пакистан аркылуу ташуу тобокелдүү боло баштагандан кийин, Вашингтон үчүн Борбор Азиянын мааниси өстү. Пол Куин-Жаждын «The Wall Street Journal» гезитинде жазышынча, Кошмо Штаттардын Борбор Азияга ишенүүсү Ооган жериндеги террорчулукка каршы согушту камсыздоодо Пентагондо мүмкүнчүлүктөрү өтө тар экенин күбөлөйт.
Мурдакы советтик аппаратчылар башындагы башкаруучу элита мамлекеттик капчык менен өз капчыгынын айырмасын жоготуп койгон. Региондогу беш экс-советтик өлкөнүн ичинен АКШга өз территориясын пайдаланууга бергенге куштар Тажикстан менен Өзбекстандагы абал өзгөчө ишенимсиз. Алардын президенттеринин душмандары жетерлик жана алардын биринде да көзгө басар стратегиясы жок. Эл жарды, оппозиция жокко эсе. Ошентсе да, эмне үчүн Вашингтон кайрадан Өзбекстан менен кызматташууга барууда? Төрт жыл мурда эле президент Каримов Каршыдагы америкалык аскерий базаны жаппады беле? Пол Куин-Жаждын пикиринче, АКШда башка аргасы жок болгон үчүн, Ташкендин кызматын пайдаланууга аргасыз болуп турат:
- Менин оюмча, азыр Вашингтондо башка амалы калган жок. Пакистандагы кырдаал ачыктан ачык осолдоп барат. Учурда Кошмо Штаттарды Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн курамындагы аскерлерин камсыздоо жагы көп убайымга салууда.
Куин-Жаждын оюнча, Борбор Азия өлкөлөрү АКШнын узак жылдар бою союздашы болууну кааласа, алар терең саясый-экономикалык реформага баруусу абзел. Бирок Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн лидерлери Барак Обаманын администрациясы каалаган реформаларды эгерим каалашпайт. «Өкмөттү реформалоо, финансылык ачык-айкындуулук жана демократия алардын жеке бийлигине коркунуч туудурат», деп жазат серепчи «The Wall Street Journal» гезитиндеги макаласында.
Мындай жагдайда АКШ жана анын союздаштары өтө кылдат иш жүргүзүүгө муктаж. Анткени реформаны тездетүүнү талап кылуу опурталдуу. Реформанын шарапаты менен экономикалык каатчылыкка жана саясый кысым көрсөтүүлөргө нааразы эл бийликке каршы көтөрүлчү болсо, Ооганстандагы аскерлерге зарыл товарларды капсалаңдуу аймак менен ташууга туура келет. Реформага көбүрөөк басым жасалса, авторитардык башкарууга көнгөн лидерлер керебен жолду жаап салышы да мүмкүн, деп боолгойт Куин-Жаж.