Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү кирген “Чоң жети” (G7) тобу Украинага согуш ачкан Орусияга санкцияларды күчөтүүнү убада кылышты. 16-ноябрдагы биргелешкен билдирүүсүндө “акыйкат жана туруктуу тынчыкка жетүүдө” Орусия тоскоол болуп жатканы айтылат.
“Чоң жети” өлкөлөрү Орусияга карата экспорттук көзөмөл жана башка катуу санкциялык чараларды жактай турганын ырастады.
Уюмга мүчө өлкөлөр буга чейин Украинага жалпы суммасы 50 миллиард долларга жакын насыя берүүнү макулдашкан. Бул каражат чет өлкөдөгү орус активдеринин эсебинен камсыздалат. 2022-жылы бул топ орус мунайынын баасына чек коюуну макулдашкан. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынмак. Бирок эл аралык иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусия бул чектөөнү кыйгап өтүүдө.
“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.
Жапониянын тышкы иштер министри Такеши Ивайя Украинага күтүүсүз сапар менен келди. Бул тууралуу жапониялык Kyodo маалымат агенттиги кабарлады. Муну менен "Токио Киевге Орусиянын аскердик агрессиясына каршы күрөшүндө колдоо көрсөтүп жатканын" белгиледи. Анын алдында министр Польшада болгон жана Украинага келери алдын ала жарыяланган эмес.
Kyodo Ивайя ишембиде Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига менен жолугарын, президент Владимир Зеленский менен дагы кездешүүсү мүмкүндүгүн жазды.
Жапон министринин бул сапары Орусиянын тарабында Түндүк Кореянын аскерлери дагы согушуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жаткан учурга туш келди.
Бир апта мурун Орусиянын президенти Владимир Путин Москва менен Пхеньяндын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.
Документке ылайык, эгер эки өлкөнүн бири куралдуу кол салууга кабылса, экинчиси тез арада аскердик же башка жардамын берүүгө милдеттүү болот, үчүнчү өлкөлөр менен экөөнүн бирине залака тийгизиши ыктымал келишимдерге кол койбойт.
Украина, Батыш өлкөлөрү жана НАТО Орусияга Түндүк Кореядан он миңдеген аскер келгенин, Москва аларды Украинага каршы согушка салууну көздөп жатканын билдирген.
Орусияда фронтко кайтуудан баш тартып, аскердик бөлүктөн качып чыккан жоокерлер боюнча окуянын чоо-жайы иликтенип жатат. Интернетте тараган видеодон аскерлер анын алдында нааразылыгын билдирип, терезе жана башка буюм-тайымдарды талкалап жатканын көрүүгө болот.
Окуя Новосибирск аймагындагы аскердик бөлүктөрдүн биринде болгону, келишимдик негизде кызмат өтөп, Украинадагы согушта жараат алган аскерлерди жетекчилиги кайрадан фронтко жөнөтүүгө аракет кылганы кабарланды.
Жараатына карабастан кайра согушка айдалып жатканына нааразы болгон ондон ашуун аскер качып кеткенин Орусиянын күч органдары менен байланышы бар экени айтылып жүргөн Baza Telegram каналы жазды. Анын маалыматына караганда, аталган аскерлер мурда түрдүү кылмыш жасаганы үчүн кармалган, бирок жоопко тартылбаш үчүн Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, согуш талаасына чыккан.
Полиция качкандардын арасынан жетөөнү кармаганы, калгандары изделип жатканы маалымдалды.
Орусия Украинага каршы согушун 2022-жылдын февралында ачкан. Ошол жылдын күзүндө мобилизация жарыяланган. Аскер жетишсиз болгондуктан бул өлкөдө түрмөдө отургандарды келишимдик негизде согушка салуу тажрыйбасы кеңири жайылды.
Орусия бүгүн 15-ноябрда түштүк аймагы Украинанын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев украиндер Крымск шаарынын чет жакасындагы ири орусиялык авиабазаны бутага алууга аракет кылышканын Telegram каналына жазды.
Кондратьевдин айтымында, дрондор Крымск жана Красноармейск аймагына учурулду, адамдар арасында жабыркагандар жок.
Astra Telegram каналы да бутага авиабаза алынганын, ал орус аскерлери Украинанын түштүгүн аткылоо үчүн колдонуп жаткан база экенин кабарлады.
Украина азырынча орус тараптын маалыматы боюнча комментарий бере элек. Согуш шартында мындай кабарларды өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги 15-ноябрда эртең менен өлкө аймагында жана аннексияланган Крымда абадан коргонуу системалары украиндердин жалпысынан 51 согуштук дронун атып түшүргөнүн, анын 36сы Краснодарда жок кылынганын маалымдады.
Август айында Украина Орусиянын Воронеж, Курск жана Нижний Новгород аймактарындагы төрт аэродромду учкучсуз учактары менен аткылаган.
Украина Орусиянын Крымск шаарын бутага алганы тууралуу маалымат орус аскерлери Украинанын ири порт шаары, дан азыктарын жана башка айыл чарба продукциясын экспорттоочу маанилүү борбору Одессаны жапырт аткылаганы белгилүү болгондон кийин чыга баштады.