- автор Заирбек Бактыбаев
Украина: согуш шартындагы Эгемендик майрамы
Украина быйыл үчүнчү ирет Көз карандысыздык майрамын согуш шартында белгилөөдө. Орусия украин жергесине басып киргенине толук эки жыл алты ай болду.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу кайрылуусунда “душман биздин жерге алып келген нерсе азыр анын үйүнө кайтты” деп билдирди.
Эгемендик майрамы учурунда Орусия тараптан аскердик соккулар күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.
24-августта эгемен Украинанын эли өз жумуриятынын Советтер Биримдигинен көз каранды эмес деп жарыяланышынын 33 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Бул күнү эч кандай ири майрамдык иш-чаралар же параддар пландаштырылган эмес, көптөгөн украиналыктар эгемендүүлүктүн 33 жылдыгын согушта курман болгондорду эскерүү менен белгилөөнү туура көрүштү.
Украинанын президенти Владимир Зеленский өз кайрылуусунда украиналыктар душманга туруштук берип, кармап, жооп кайтарганын эске салып, азыр болсо "анын баткагында" аракеттенип жаткандарын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды.
"Биз менен душмандын ортосунда бекем чек ара болушу керек, ал эми украиналыктардын ортосунда дубалдар болбойт. Анткени Украина – ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Көз карандысыздык – ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Биригип, биз жеңишке жетише алабыз. Муну 24-февраль далилдеди. 2022 жана 2023-жылдар далилдеди. Быйыл да муну далилдеп жатат. Биз туруштук берип, душманды кармап, ага жооп кайтардык, азыр болсо муну анын баткагында жасап жатабыз. Биз көз карандысыздык деген эмне экенин билебиз. Аны кайра жандандыруу канчалык кыйын экенин билебиз. Аны коргоо канчалык оор экенин билебиз. Бирок биз бул баарыбыздан көз каранды экенин билебиз", – деди ал кайрылуусунда.
Зеленский бул билдирүүнү символикалуу түрдө Украина күчтөрү 6-августта Орусияга кирген түндүк-чыгыш чек арадагы Сумы шаарында жаздырганы айтылды.
Зеленскийдин айтымында, душман украиналык кек алуунун эмне экенин сезет – татыктуу, симметриялуу, алыстыкка жеткен жооп кайтарууну сезет жана Украина үчүн кооптуулук жараткан ар бир Орусиянын чекитине эртеби-кечпи украиналык жооп жетет.
"913 күн мурун, анын ичинде Сумск облусу аркылуу, Россия бизге согуш ачып келди. Ал суверендүү чек араларды гана эмес, ырайымсыздык менен акыл-эстүүлүктүн чегин да бузду. Бизди жок кылууга умтулуп, бардык чектерден ашып өттү. Бүгүн биз Украинанын 33-Көзкарандысыздык күнүн белгилеп жатабыз. Ал эми душман биздин жерге алып келген нерсе азыр анын үйүнө кайтты. Биздин жерлерди буфердик аймакка айланткысы келген адам, анын өлкөсү буфердик федерация болуп калбасын деп ойлонушу керек. Көз карандысыздык ушундай жооп берет", – деп айтты президент.
Зеленкий бул жерде украин аскерлеринин Орусиянын Курск облусуна кирип барганын белгилөөдө.
6-августта Украина армиясы Орусиянын Курск областына кирген. Ошондон бери аймакта согуш уланып жатат. Украина Куралдуу Күчтөрү 90дон ашык калктуу конуштарды, анын ичинде Суджа райондук борборун көзөмөлдөп турганын билдиришүүдө.
Бул операциясын украин бийлиги Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.
Курск облусунун бийлигинин маалыматына караганда, Курск облусунун сегиз районунда эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Андан 200 миңдей адам башка жакка көчүрүлгөнү айтылган.
Ошол эле кезде Украинанын Куралдуу күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактарда 20 миңге жакын тургун өз үйлөрүндө баш калкалоодо. Украин аскерлери социалдык тармактарга жергиликтүү тургундар менен тартылган видеолорду утур-утур бөлүшүп жатат.
Владимир Путин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагына басып киришине жооп кайтараары айтылды.
Орус жетекчилиги Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Курск аймагындагы чабуулуна жооп кайтарууну чечти жана Киев катуу жазага тартылат. Бул тууралуу бейшемби күнү кечинде Орусиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов журналисттерге берген маегинде билдирди.
«Президент Владимир Путин Курск облусунда болгон окуя үчүн бардык тараптарды катуу жазага тартаарына толук ишенем», - деди орус элчиси.
Украинанын Курска чабуулу улантылып жаткан кезде, Орусия Донецктин чыгыш аймагындагы Покровск шаарын басып алуу максатында чабуул жасап, улам алдыга карай жылып келе жатат.
Чет элдик лидерлердин куттуктоолору
Бүгүнкү Көз карандысыздык күнүндө Киевге Польша президенти Анджей Дуда келди. Ал майрамдык иш-чараларга катышмакчы. Польша 1991-жылы Украинанын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган.
Европа Комиссиясынын президенти жана Балтика мамлекеттеринин лидерлери да Украинанын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына карата куттуктоолорун жарыялашты.
Урсула фон дер Ляйен өз куттуктоосунда "Европа ар дайым Украинанын жанында болорун, анткени Украина – бул Европа экенин" баса белгиледи.
Украиналыктарды Көз карандысыздык күнү менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер да куттуктады.
"Менин украиналыктарга кайрылуум, фронтто болобу же Улуу Британияда, экинчи үйүндө болобу, ачык-айкын: биз силер менен бүгүн жана ар дайым биргебиз", — деди Стармер.
Буга чейин Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Украинаны Көз карандысыздык күнү менен жамааттык түрдө да, ошондой эле аскердик жана жарандык жетекчилигинин атынан да куттуктаган. Мындан тышкары, оппозициядагы Консервативдик партия да куттуктоосун билдирген.
Ал эми АКШнын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, Киевге айныксыз колдоо болорун бекемдеди. Сүйлөшүү Украинанын Эгемендик күнүн утурлай болгонун Ак үйдөн билдиришти.
Байден Украинага берилчү аскердик жардамдын кезектеги пакети тууралуу жарыялап, ага абадан коргонуу системалары үчүн ракеталар, учкучсуз учактарга каршы жабдуулар жана башка ок-дарылар кирерин маалымдады.
АКШ Киевге бериле турган жардамдын көлөмү тууралуу айткан эмес. Associated Press агенттигинин булактары жаңы пакетти 125 млн доллар деп баалаган. Жардам Киевге эртерээк жеткирүү үчүн президенттин ыйгарым укуктарынын алкагында Пентагонго тийиштүү болгон курал-жарактардын корунан берилери белгиленген.
АКШнын жаңы жардамы тууралуу кабар украин армиясынын Орусиянын Курск облусунда аскердик операциясы уланып жаткан учурга туш келди.
Пентагондун өкүлдөрү АКШ Курск операциясынын узак мөөнөттүү максаттарын талдап, Киев менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдирген.
Фронттогу абал
Эгемендик майрамы учурунда Орусия тараптан аскердик соккулар күчөшү мүмкүн деген кооптонуулар айтылууда.
Украинанын Башкы штабынын маалыматына ылайык, өткөн суткада фронттогу тогуз багыт боюнча дээрлик 150 салгылашуу болгон.
Украинанын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы кол башчысы Александр Сырский 24-августта Көз карандысыздык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда, Украинанын Куралдуу Күчтөрү күн сайын өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн ар бир күн, ар бир секунд үчүн күрөшүп жатканын билдирди.
“Биз согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып эле көз карандысыздыгыбызды коргоп келдик – душмандын колонналарын өрттөп, Киевди коргоп, Харьков облусун бошотуп, Херсондо жана Змеиный аралында туубузду көтөрүп. Көзкарандысыздыгыбыз үчүн күрөш уланууда – Покровск, Торецк, Харьков жана башка багыттарда, бул жерлерде биздин жоокерлерибиз ченемсиз күч-аракеттеринин аркасы менен душманды токтотуп, жок кылууда”, – деп билдирди Сырский.
Ал арада Орусия тарап дрон чабуулдары жасалганын билдирүүдө.
Орусиянын Воронеж облусунун Острогожск районунда түнкү дрон чабуулунан ок-дары сактаган кампадан өрт чыкты. Аймактын губернатору Александр Гусев дрондор атып түшүрүлгөнүн, анын сыныгы тийген кампа күйүп кеткенин ырастады. “Сыныктардан улам кампадан өрт чыгып, бул жарылууга алып келди”, - деп жазды Гусев.
Кийинчерээк жарылуудан эки аял жабыркаганын кошумчалады. Алардын бири оор жараат менен ооруканага жаткырылган. Өрт коркунучу жаралган аймактан 200 киши жакынкы айылдарга эвакуацияланып, Острогожск районуна өзгөчө абал режими киргизилди. Ошондой эле электр өткөрүүчү линия зыян тартып, райондогу айылдардын бири жарыксыз калышы ыктымалдыгы айтылды.
“Астра” басылмасы Острогожск районунда брондолгон автотанк кызматына кенже адистерди даярдоочу борбор болгонун жазды.
Ошондой эле, май айына чейин алар Мариуполду басып алууга арналган көргөзмө ачууну пландаштырышкан.
24-августка караган түнү Воронеж облусуна кеминде эки жолу дрондон чабуул жасалды. Биринчи учурда бир киши жараат алып, калктуу конуштардын биринде чөп күйгөн. “Чоң кыйроолор жок”, - деп белгиледи Гусев.
Ушул эле түнү Белгород облусуна дагы чабуул жасалып, эки киши жараат алганын губернатор Вячеслав Гладков билдирди. Бир нече үйдүн айнеги күбүлүп калганын айтып, бул үчүн украин армиясын айыптады.
Орусиянын Коргоо министрлиги 24-августка караган түнү Воронеж, Белгород жана Брянск облустарында жети учкучсуз учак жок кылынганын билдирди.
2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.
30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.
23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган. Киев Орусияны аталган аймактардан, андан тышкары Крымдан да сүрүп чыга тургандыктарын айтып келе жатат.
Индиянын лидери Нарендра Моди Украинага барды
Индиянын өкмөт башчысы Нарендра Моди Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары күтүлүүдө. "Блумберг" басылмасы жазгандай, коопсуздук маселелерине байланыштуу Модинин сапары бир нече саатка гана созулат. Бул Украинанын эгемен тарыхында Индиянын өкмөт башчысынын биринчи жолу Киевге барышы. Моди 22-августта Украинага барар алдында Польшада жасаган билдирүүсүндө Киев менен Москваны "болушунча тезирээк" тынчтыкка жол табууга чакырган.
"Мен дос жана өнөктөш катары аймакка тезинен тынчтык жана туруктуулук орношуна үмүттөнөм",-деди ал.
Июль айынын башында премьер Моди Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путинге жолуккан. Сапардын жыйынтыгында ал Путин менен сүйлөшүүдө "абдан кызык ойлор" пайда болгонун айтып, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.
Зеленский анда Модинин Москвага барып, Путинге жолугушун "тынчтык орнотуу аракеттерине болуп көрбөгөндөй сокку" катары мүнөздөп, кескин сындаган.
Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Индия Кытай менен катар аны менен соода өнөктөштүгүн, айрыкча мунай сатып алууну кеңейткен өлкөлөрдүн бирине айланган. Батыштагы өнөктөштөрдөн айырмаланып, Моди Орусиянын согуш ачышын түздөн-түз айыптоодон жана Москваны сындоодон карманып турат.
Украина Орусиянын чек аралаш Курск облусунда операция баштагандан бери ага чектеш Сумы облусунда орус тараптан аткылоо да, жайкын тургундар арасында жоготуулар да азайганын 22-августта президент Владимир Зеленский билдирди.
Ал Сумы облусуна барып, абал менен жеринен таанышканын, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Александр Сырский жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жыйын өткөргөнүн айтты.
«Курск облусунун аймагындагы дагы бир калктуу пункт украиндердин көзөмөлүндө. Биз туткун алмашуу фондун да толуктадык. Чек ара аймагында аскерлер, полиция жана өзгөчө кырдаалдар мекемесинин ортосундагы координация, атап айтканда, Курск облусунун белгиленген аймактарына гуманитардык колонна уюштуруу маселелерине көңүл бурулду», - деди ал.
Украин аскерлери Курск аймагына 6-августта кирип барышкан. Бул операциясын украин бийлиги Орусиянын чабуулдарынан коргонуш үчүн буфердик зона түзүү аракети деп атоодо.
Орусия Курск жана Белгород облустарында федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бир нече жараны каза тапканын, 200 миңдейи эвакуация болгонун кабарлаган.
Украин президенти Зеленский 13-августтагы кайрылуусунда Курск облусунда жүздөгөн орусиялык аскер туткунга түшкөнүн билдирген. Москва бул тууралуу комментарий берген эмес.
Согуш шартында тараптардын билдирүүлөрүн өз алдынча тактоо мүмкүн эмес болууда.
Ростовдо мунай базасындагы өрттү өчүрүү учурунда 47 киши жараат алды
Орусиянын Ростов облусунун Пролетарск мунай базасындагы өрттү өчүрүү аракети төрт күндөн бери уланууда. Өрт жекшембинин түнү дрон чабуулунан кийин чыккан. Орус күчтөрү атып түшүргөн дрондун калдыгы мунай базасына тийгени айтылган.
Жабыркаган 47 кишинин баары өрт өчүрүүлөр. Алар дизел куюлган мунай сактоочу кампадагы өрттү өчүрүү учурунда жараат алышкан.
Абалы оор деген жети киши Петербургдагы ӨКМдин ооруканасына жеткирилген, эки адам реанимацияда жатат.
22-августка караган түнү базада өрттөн улам дагы бир жарылуу болгонун жергиликтүү маалымат булактары жазып жатышат. Асманга көтөрүлгөн коюу түтүн, өрт 30 чакырым алыстыктан да көрүнгөнү кабарланды.
Бейшембиде алты цистернадагы өрт өчүрүлгөнү расмий кабарлады. Жергиликтүү бийлик дрон чабуулунан кийин 20 цистернаны өрт чалганын билдиришкен. Анын ар биринин көлөмү 5000 куб метрди түзөт.