Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:39
Харьков шаары.
Харьков шаары.

Украина жапырт аба чабуулуна кабылды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

10:09 11.8.2024

Украинанын Киев, Белая Церковь жана Сумы шаарларына 11-августка караган түнү дрон чабуулу болду. Орус аскерлери Украинанын аймагына жапырт чабуул жасашкан.

Украинанын көпчүлүк аймактарында түнү бою аба соккулары тууралуу эскертүүлөр жаңырып турду.

Киевде түн ичинде кеминде эки жардыруу болгону кабарланды. Бийлик шаардагы абадан коргонуу операциялары тууралуу эскертти.

"РБК-Украина" Киев облусунун Белая Церковь шаарында, ошондой эле Харьковдо, Сумыда, Полтава, Хмельницкий облустарында бир катар жардыруулар болгонун кабарлады.

Бул соккулардан жабыркагандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

09:41 11.8.2024

Орусиянын Курск облусунда атып түшүрүлгөн ракетанын сыныгы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулап, бери дегенде 13 адам жараат алды. Аймактын губернатору Алексей Смирнов алардын экөө оор абалда экенин билдирди.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев ишембиден жекшембиге караган түнү бир нече дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди. Алдын ала маалыматка караганда, жабыркагандар жана жараат алгандар жок.

Белгород облусунун башчысы Вячеслав Гладков Шебекино шаарын аткылоодо беш адам жарадар болгонун, эки адам ооруканага жеткирилгенин кабарлады.

Согуш маалында бул билдирүүлөрдү бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Мунун алдында Курск, Брянск жана Белгород облустарына “контртеррористтик операция” режими киргизилген. Ага чейин Курскиде федералдык деңгээлде чукул кырдаал жарыяланган.

Орус мыйзамдарына ылайык “контртеррористтик операция” режими жарыяланган аймактарга кирип-чыккандардын документтери, машиналары текшерилет. Күч органдарына бардык имараттарга киргенге уруксат берилет, маанилүү объектилерди кайтаруу күчөтүлөт.

Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймактагы кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Украин аскерлеринин бул операциясынын чоо-жайы , ага канча украин жоокери катышып жатканы белгисиз.

12:23 10.8.2024

Орусиянын Терроризмге каршы улуттук комитети Курск, Брянск жана Белгород облустарына “контртеррористтик операция” режими киргизилгенин билдирди. Мунун алдында Курск облусунда федералдык деңгээлде чукул кырдаал жарыяланган эле.

Орус мыйзамдарына ылайык “контртеррористтик операция” режими жарыяланган аймактарга кирип-чыккандардын документтери, машиналары текшерилет. Күч органдарына бардык имараттарга киргенге уруксат берилет, маанилүү объекттерди кайтаруу күчөтүлөт.

Украин аскерлери 6-августта Курск облусуна кирип барып, Суджа районунда позицияларын бекемдеп алгандан кийин эки тараптын армиялары ортосунда кармаш уланууда. “Свобода” радиосу социалдык тармактардагы билдирүүлөргө таянып жумага караган түнү Рыльск шаарына жакын жерде орусиялык аскердик техникага сокку урулганын жазды.

Согушту колдогон “Военный осведомитель” Телеграм-каналы украин жоокерлери орусиялык колоннага HIMARS ракеталарынан сокку урганын кабарлады.

The Insider түрдүү булактарга, жергиликтүү тургундарга шилтеме менен украиналык аскерлер облуска кирип келгенден бери 11 калк жашаган пунктту көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Орусиянын Коргоо министрлиги аймактагы кырдаал көзөмөлдө экенин маалымдаган.

Саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко облусту аткылоодон 6-8-август күндөрү 66 киши, арасында тогуз бала жабыркаганын билдирген.

Бирок украин аскерлеринин бул операциясынын чоо-жайы азырынча бүдөмүк, ага канча украин жоокери катышып жатканы дагы белгисиз.

Орусиянын Коргоо министрлиги каршы тараптан миңдей аскер, 20дан ашуун танк жана брондолгон машине менен кирип барганын кабарлаган.

20:49 9.8.2024

Константиновакага орусиялык күчтөр урган соккудан кеминде 14 адам каза тапты, 40тан ашуун киши жарадар

"Донецк облусу, Константиновка. Орусиялык террористтер супермаркетке жана почтага сокку урду. Адамдар уранды астында калды. Куткаруу операциясы жүрүп жатат. Адамдарды куткаруу үчүн баарын кылабыз. Учурда төрт адам каза тапканы белгилүү болду. Курман болгондордун жакындарына көңүл айтам. Орусия бул террор үчүн жооп берет", - деп жазды Телеграм-каналына Украинанын президенти Владимир Зеленский. Ал билдирүүсү менен кошо окуя болгон жердин сүрөтүн да жарыялады. Донецк облусунун башчысы Вадим Филашкиндин билдирүүсүндө сокку X-38 авиациялык ракетасы менен урулган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG