Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:04

Туу тагдыры чечилди. Элдин реакциясы

Президент Садыр Жапаров тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду. Ал тапта мамлекеттик желектин айланасында талкуулар уланууда.

13:19 20.12.2023

Парламент 20-декабрда тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз, чукул кабыл алды. Желектеги күндүн нурун жана түндүктүн чамгарагын өзгөртүүгө коомдун басымдуу бөлүгү, саясатчылар, депутаттар жана көрүнүктүү коомдук ишмерлер каршы чыккан.

Документ шаршембидеги сессиянын күн тартибине 5-маселе болуп киргизилген. Бирок биринчи болуп каралды.


Сессияда мыйзам долбоору боюнча бир эле депутат Нуржигит Кадырбеков сөз сүйлөп, андан башка талкуу болгон жок. Кадырбеков тууну өзгөртүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.

"Президентибиз бул боюнча өзүнүн позициясын билдирип, курултайда отургандар кол чаап колдоду. Ар бир адамдын өз туусу болуп калган. Бириники байлык, дагы бириники бийлик жана башка. Бул окуянын жакшы жагы - элдин тууга болгон мамилесин өзгөрттү. Туу бириктирип турган фактор экени дагы бир жолу эске салынды. Дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекеттин туусу матраска окшош, алар "матраста уктап жатып калдык, өзгөртөлү" деген жери жок. АКШнын демократиялык күчтүү партиясынын символу эшек, Рузвельт, Обама жана Кеннеди ошол партиядан чыккан. Ырым-жырым кылбастан тууну ушул бойдон калтырсак болмок. Башкы фактор бул - ынтымак. Азыр социалдык тармактарда элде бөлүнүп жарылуу болуп жатат, эки депутатыбыз кечээги отурумда эмне болду? Ушул маселенин тегерегинде кээ бир жаш балдар түрмөгө кирип кетти. Азыркы тууну VI же VII чакырылыштагы парламент кабыл алса мейли дейт элек, бирок аны легендарлуу парламент кабыл алган. Төлөгөн Касымбеков, Төлөмүш Океев, Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Бекмамат Осмонов ошол парламенттик чакырылышта отурган. Албетте, президенттин, курултайдагылардын пикирин сыйлайбыз. Бирок залкарларыбыздын кадырына, урматына, арбагына сый-урмат көрсөтүп, тууну ошо бойдон калтырып койсок туура болмок".

Өзгөртүүнү колдогондор жана каршы болгондор

20-декабрдагы экинчи окууда документке 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат долбоорду колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Тууну өзгөртүүгө каршы добуш бергендер:

1. Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру»)

2. Сеидбек Атамбаев (Аламмүдүн округу)

3. Дастан Бекешев (Октябрь округу)

4. Мирлан Самыйкожо (Кочкор округу)

5. Медер Алиев («Ишеним»)

Сессияда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “желек өзгөртүлбөй турганын, ага оңдоо-түзөтүү гана киргизилип жатканын” билдирди.

"Бардыгыңыздарды мамлекеттик туунун оңдолушу менен куттуктайм. Эч кандай өзгөртүү эмес, бул - оңдоо. Урматтуу депутаттар, "легендарлуу парламент" деп кайталай бергенден натыйжа жок. Ар бир доордун, ар бир мезгилдин өзүнүн легендасы болот. Мен ойлойм, азыркы чакырылыштагы парламент дагы сөзсүз мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн, андыктан баарыңарды куттуктайм. Ар кандай ача пикирлер, ачуу сөздөр болду. Айрыкча менин дарегиме коомчулук тарабынан көптөгөн сын-пикирлер айтылды, катуусу, орунсузу да болду. Бирок мен анын баарын мыйзам ченемдүү көрүнүш катары кабыл алдым жана жооп кайтарган жокмун, татыктуу жооп мына ушул болду".

Мыйзам долбоору 28-ноябрда биринчи окууда колдоого алынган. Ал эми 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетиндеги талкууда депутаттар катуу талаш- тартышка түшкөн.

Алсак, комитеттеги талкууда депутат Мирлан Самыйкожо жана долбоордун авторлорунун бири Улан Примов кайым айтышкан. Самыйкожо анда туунун авторлорунан өзгөртүүгө байланыштуу сунушту ким киргизгени тууралуу маалымат алып, анда Бекбосун Жайчыбеков бул тууралуу маалыматы жок болгонун айткан.

Самыйкожо Казакстан борбор калаасы Астана шаарынын атын Нур-Султан деп өзгөртүп, бирок кийин кайра мурдагы аталышын кайтарып келгенин эске салды.


Президент Садыр Жапаров 16-декабрдагы экинчи Элдик курултайда тууга өзгөртүү киргизүү демилгеси ага таандык экенин, мыйзам долбоорун жазуу сунушун спикер Нурланбек Шакиевге өзү бергенин билдирген. Ал залда отургандардан бул сунушту колдоп берүүнү суранып, делегаттардын айрымдары кол чапкан. Бирок желекти өзгөртүү демилгеси колго салынып, добуш берилген эмес.


Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюлган. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)
Кыргызстандын азыркы туусу жана желектин сунушталып жаткан жаңы варианты. (солдон оңго карай)


Тууну өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндөн баштап коомдо түрдүү талкуулар токтобой келет. Ондогон кыргызстандыктар пикирин социалдык тармактарда билдирип, акындар ыр жазып, спортто ийгилик жараткандар 30 жылдан бери колдонулуп келаткан тууну гана тааный турганын айтышкан.

Социалдык тармактын колдонуучулары желекти өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбооруна каршы экенин билдирип, флешмоб өткөрүп жатышат. Фейсбукта “желегимди жерибе!”, “желекке тийбе!” деген постторду жарыялап, Садыр Жапаровдун Фейсбуктагы, Инстаграмдагы расмий баракчасынын алдына да пикирлерин жазышууда.

Тууну өзгөртүү маселеси буга чейин да көтөрүлгөн.

"Тууну кайра калыбына келтирүү демилгеси көтөрүлүшү мүмкүн"

Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алган.

Саясат талдоочу Эмил Жороев азыркы тууну калың эл колдонуп, ал эми оңдолуп, жаңы кабыл алынган тууну президент жана анын айланасындагылар колдоно турганын айтты.

"Эл арасында буга оппозициянын гана эмес, жалпы калың элдин каршылыгы болуп келди. Бийликти колдоп турган эле жарандардын да каршылыгы болду. Эми туунун эски вариантына ыктап, аны сактап тургандар көп болот. Административдик кескин аракет менен жаңы туу таратылат, бирок эски туу бир топко чейин калат. Туунун жаңы варианты эми берилчү документтерге киргизилбей турганы элдин каршылыгын бир азга басаңдатуу болуп эсептелет. Болбосо эч бир демөөрчүнүн ага каражаты жетпей калмак. Тууну өзгөртүүдөгү маанилүү жоготуу так ошол дизайн, нурлардын туура же туура эместигинде эмес, жоготуу - өзгөрбөс, түбөлүктүү нерсенин өзгөртүлүп жатканында. Кыргызстанда саясий-коомдук жашообузда туруксуздук өзгөчө бир илдет болуп келген, туруктуу нерсе дээрлик жок болуп келгенде ушул туубуз эң бир туруктуу символика эле. Бир канча жылдардан кийин эски тууну калыбына келтирүү идеялары пайда болушу толук ыктымал".

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген.

12:39 20.12.2023

11:30 20.12.2023

11:17 20.12.2023

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG